Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Москвада аялды өлүмдөн куткарган Марат


Марат Исаев
Марат Исаев

Москвалыктар социалдык тармактарда 11-февралда шаардык метродо талмасы кармап, рельске кулаган аялды куткарып калган полиция кызматкери Артем Королюк менен кыргызстандык Марат Исаевдин эрдигин кызуу талкуулоодо.

Ош жергесинин кулуну Марат Исаевдин Москвада иштеп жүргөнүнө сегиз жылдын жүзү болгон. Бейшемби күнкү жумуштан кийин үйүнө кайтып бараткан Марат "Красносельская” станциясында эсин жоготуп рельске кулаган аялга жардам көрсөтүүгө полиция кызматкери менен бирге поезддин жолуна секирип түшкөн.

- Акыркы убакта курьер болуп иштейм. Жумуштан үйгө метро менен барам. Станцияма жетип, поездден чыкканда эле “аял рельске кулап кетти” дешип баары ызы-чуу болуп калышты. Муну уккан полиция кызматкери чуркап жетип, аялдын артынан рельске секирип түштү. Бирок аялды көтөрүп чыгара албай койду. Аны көрүп эле жардам берейин деп, алардын артынан метронун жолуна секирип түштүм. Экөөбүз бирге көтөрө коёлук дегенибиз менен аялды көтөрүп чыгара албадык. Ангыча эле поезддин келе жаткан үнү угулду. Биз аялды поезддин жолундагы аңга сүйрөп барып жаткырып, өзүбүз дагы ал ошол жерге узунубуздан жата калдык. Поезд токтотулса дагы аябай катуу ылдамдыкта келгендиктен, биз анын астында калдык. Аялдын кыймылдаганын сезип, полиция кызматкерине "Тез жардам" чакыр деп айттым. Анан жөрмөлөп вагондун алдынан чыгалы десек, машинист “ордуңардан жылбагыла, ток тартат” деп кыйкырып калды.

Поезддин алдында жаткан маалда гана Марат үй-бүлөсүн ойлоп, кандай тобокелдикке барганын сезгенин айтат. 28 жаштагы жигиттин келинчеги менен төрт жашар кызы бар.

- Поезддин алдында жатканда үй-бүлөмдү, жакындарымды ойлоп, көз алдыма элестеттим. Кыргызстанымды сагынганымды сездим. Анан 15 мүнөт өткөндө акырындап, жөрмөлөп чыга баштадык. Бир куткаруучу менен аялды сүйрөп чыгарып жатканда ал эсине келип, мени чапкылай баштады. Ал эсин жоготуп, эч нерсе билбей калыптыр. Анан куткаруучу ага баарын айтканда гана ал болгон окуяны түшүнүп, чогуу жөрмөлөп чыгып кеттик.

Кырсык Москванын метросунда жүргүнчүлөр жык толгон маалда болгон. Ага карабай жардамга саналуу адам кол сунган.

Рельске кулап, аман калган москвалык 38 жаштагы Юлия Валь учурда Н.В. Склифосовский атындагы шаардык ооруканада. Анын үйүндө карыган энеси жана өспүрүм кызы бар экен.

Ага биринчи болуп жардамга чуркаган кенже сержант Артем Королюкту Москванын Ички иштер башкармалыгы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө турган болду.

Окуяны чагылдырган федералдык телеканалдарда болсо кыргызстандык Марат Исаевдин аты айтылбай, аялды куткарып калган “бир жүргүнчү” катары аталды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG