Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Эгиздин түгөйү курсактан "кайып" болгонбу?


Динара Ажиева кош бойлуу кезинде
Динара Ажиева кош бойлуу кезинде

Айы-күнүнө жеткен 30 жаштагы Динара Ажиева Москвадагы 7- шаардык ооруканага көз жарганы барып, курсагындагы эгиз баланын бирөө кайда кеткенин билбей кабатыр.

Динараны кош бойлуу кезинде эгиз төрөрүн айткан догдурлар төрөттөн кийин бир ымыркай кайда кеткенине негиздүү жооп кайтара алган жок.

Динара Ажиева күйөөсү Абдыкаар Абуллаев менен Москвадан табышкан. Тиричилик менен алпурушкан жаш үй-бүлө жакында эле расмий каттоодон өтүп, той беришкен. Буга чейин уул-кыздуу болушкан жубайлар карындагы эгиздердин жарыкка келишин алар өзгөчө күтүшкөн.

- Курсактагы балама 32 жума болгондо Москвадагы жеке медициналык борборго кайрылып, эки түйүлдүктөн өскөн эгиз деп, УЗИнин кагаздарын чыгарып беришкен. 19-майда ошол эле борбордо экинчи жолу УЗИге түшүп, эгиз экени дагы аныкталган. Мен өзүм мурун эки жолу төрөгөм. Бир бала кандай, эки бала кандай болорун билемин. Ошол 19-май күнү түнү тез жардам чакырып, төрөтканага бардым. Ал жерден УЗИге тартышты. Эртеси күнү догдур кыдырган учурунда “сеники эгиз, кесарево кылабыз, 3,70 жана 3,30 килограмм” деп салмагынан бери айткан.

Динаранын айтуусу боюнча төрөт операциялык жол менен болуп, ага уктатуучу жана организмди талытуучу дарылар берилген. Кызы төрөлгөндө бир эс-учуна келип, аны көргөнү анык. «Андан кийин уктап кетип, эмне болгонун билбей калдым» деп өкүнөт эне.

Москва: эгиздин түгөйү жоголгонбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Кош бойлуу келин ичиндеги балага 19 жума дегенде Москвадагы “Маяк” медициналык борборуна барып каттоого турган. Көбүнчө чет элдик мигранттарды тейлеген борбордун гинекологу Чынара Изакеева Динараны көзөмөлдөгөн дарыгер үч-төрт айдан бери эс алууда экенин айтты:

- Бизде ачылган кош бойлуунун картасы боюнча Динара Ажиева 24-январда келип, каттоого турган. Экинчи келишинде, 10-мартта кошумча анализ тапшырып, текшерүүлөрдөн өтүүдөн баш тартып жатканы тууралуу арызы бар. Бизде эки жолу УЗИден өткөн. Алгачкы организмди ультраүндүк текшерүүдө бир гана түйүлдүк аныкталганы жазылып турат. Бирок доктур түйүлдүктүн салмагы ашыкча чоң же суусу көп деп күмөн санаганбы, кошумча текшерүүлөрдөн өтүүнү сунуштаган. Мага болсо бул келин апрелде бир эле жолу келген. Анда бир сыйра карап, болгон анализдерин жана карточкасын колуна бергенбиз.

Анткен менен Чынара Изакеева Динараны соңку жолу текшергенде эненин курсагында эки баланын жүрөгүнүн кагылышын текшергенин айтат.

Курсактагы балдардын эгиз деп аныктаган «ИнтелМед» клиникасынын дарыгери Айтен Амирова болсо кош бойлууну караганда эч кандай жаңылбаганын ишенимдүү айтып, “биринчи жолу да, экинчи жолу көргөнүмдү жазгам» дейт.

- Эгерде мен жаңылган болсом, төрөтканага кабыл алып жатканда доктурлар бир эле бала деп аныктап, менин жазгандарымды жокко чыгарышы керек эле. Динара операцияга чейин ал ооруканда үч күн жаткан. Шек саноолор болсо, доктурлардын кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактысы жетиштүү болгон. Эмне үчүн алар алгач өздөрү эгиз деп кабыл алышканы бул чоң суроо.​

Динара Ажиева күйөөсү Абдыкаар Абуллаев менен
Динара Ажиева күйөөсү Абдыкаар Абуллаев менен

Динаранын күйөөсү Абдыкаар төрөтканада аялы кабылган түшүнүксүз окуяларга азыркы күнгө чейин ишенгиси келбейт.

- Аялым телефон чалып, бир эле кыз төрөдүм дегенде жумушумду таштап, дароо ооруканага жөнөдүм. Барсам киргизбей, суроолорума жооп бербей коюшту. Милиция чакырдым. Алар догдурлар менен сүйлөшүүгө кирип кетишти, мени катыштырган жок. Догдурлар «төрөткө кабыл алып жатканда УЗИден стажерубуз жаңылыптыр» деп жооп берип коюшуптур. Ишенбейм, прокуратурага чейин арыз жаздым. Бирок дагы деле иш ордунан козголбой жатат.

Учурда Абдыкаар аялынын боюнда «эгиз» деген жазылган расмий медициналык документтердин бир топтомун чогултуп алып, жардам үчүн эшик каккылап жүргөн чагы. Эгиз наристелүү болом деп күтүп жүргөн атанын эмки санаасы - жакшы адвокат жалдоого тыйын чогултуу. «Балам табылып, уул болсо атын Табылды коём» деген Абдыкаар жаңы төрөлгөн кызынын түгөйү бар экенине терең ишенет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG