Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Шор Молдованын шорун кайнаттыбы?


Илан Шор
Илан Шор

Президент Атамбаевдин март айындагы чуулгандуу Молдова сапарын Илан Шор аттуу ишкер уюштурганы кабарланган эле. Азыр дал ушул кишинин иши Молдовада өзгөчө ири көлөмдөгү көз боёмочулук боюнча тергөөгө түрткү болду.

Молдова парламентинин спикери 5-майда жергиликтүү үч банктан былтыр дээрлик бир миллиард доллардын жок болушу тууралуу жашыруун отчетту ачыкка чыгарды.

Бир миллиард доллар Молдова үчүн бул өлкөнүн ички дүң өндүрүшүнүн бештен бирин түзгөн өтө зор сумма болуп саналат.

"Кролл" деп аталган америкалык консалтинг компаниясы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын спикер Андриан Канду апта соңундагы он миңдеген киши катышкан нааразылык акциясынан кийин ачыкка чыгарууга мажбур болду.

Отчетко ылайык, бири-бирине байланышы жоктой көрүнгөн майда акция соодасы аркылуу 28 жаштагы ишкер Илан Шорго жакын чөйрөлөр үч банкты өз колдоруна алышат. Ал банктар кийин Шорго тиешеси бар компанияларга үч күн ичинде зор көлөмдө карыздарды беришет.

Бул көз боёмочулуктун кесепетинен бир миллиард долларга чукул акчанын жоголушу Молдованын экономикасын жарга такап, борбордук банк дээрлик 900 миллион доллардык интервенция жасоого мажбур болду.

"Азаттыктын" Молдова кызматына берген маегинде Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы бөлүмүн жетектеген Эдуард Харунжен "Кроллдун" отчетунда келтирилген фактылар Шорду камакка алуу үчүн жетиштүү эмес экендигин билдирди.

Кишиневдогу "Эксперт групп" деп аталган илим изилдөө институтунун директору Андриан Лупусордун айтымында да, бул отчеттун мааниси чоң болгон менен, анда бул соода үчүн ким жоопкер жана жоголгон акчаны кантип кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн экендиги так көрсөтүлгөн эмес.

Ошол эле убакта изилдөөчү отчетту көз карандысыз тарап көптөгөн маалыматтын негизинде жүргүзгөнүн белгиледи.

Лупусордун сөзү боюнча, Илан Шор Молдовадагы шойкомдуу ири бизнесмен болуп саналат. Ал байлыкты негизинен атасынан мураска алган, көбүнчө финансы тармагында иш алып барат, ошол эле убакта чек арадан өткөндө салыгы кайтарылуучу дюти-фри соодасы менен шугулданган дүкөндөргө ээлик кылат.

Лупусор сөз болуп жаткан көз боёмочулукту эл аралык масштабдагы арам акчаны адалдоо операциясы деп мүнөздөдү.

Отчетко ылайык, бир миллиард долларды уурдоо планы 2012-жылы пайда болгон болушу мүмкүн. Ал кезде "Унибанктын" акциялары 21 жаңы акция кармоочуга өткөрүлүп берилген. Жаңы кожоюндардын арасында «Илан Шорго жакын чөйрөдөгү саясатчылар жана жеке адамдар» болгон. Алардын бир канчасы Латвиянын Паста банкы аркылуу аракеттенген украин жана орус жарандары экен.

2013-жылы Шорго жакындыгы бар ишканалар жана жеке адамдар дагы эки банктын акцияларын сатып алышат.

"Кроллдун" отчетуна караганда, 2013-14-жылдары Шор ээлик кылган компаниялардын карыздары 2 миллиард лейден 14 миллиард лейге жеткен. Бул карыздар жалаң азыр иши тергелип жаткан үч банктан алынган.

Шорду март айында молдован бийликтери акча которууларга байланыштуу сегиз саат суракка алган эле.

Жергиликтүү медиа 30-апрелде Шордун жеке учагы Москваны көздөй учуп кеткенин жазышты.

Бул жаңжал өлкөнүн Европалык интеграциясына көлөкө түшүрүүдө. Себеби европалык шериктештикте коррупция менен күрөшкө чоң маани берилет.

Молдова Европанын эң жарды мамлекети деп саналат. Калкынын көбү чет жактарда кара жумуштарда иштеген мекендештери жиберген каражатка жан сактайт.

XS
SM
MD
LG