Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Газада атышуу токтошу арсар болуп турат


Газа -- Кызын жетелеген палестиналык аял Израиль аскерлеринин операциясы учурунда колуна ак байрак көтөрүп үйүнөн качып баратат 24-июль, 2014.
Газа -- Кызын жетелеген палестиналык аял Израиль аскерлеринин операциясы учурунда колуна ак байрак көтөрүп үйүнөн качып баратат 24-июль, 2014.

Палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын жол башчысы Халид Машаал урушту токтотуунун шарты катары акыркы сегиз жылдан берки блокаданын жоюлушун атады. Газадагы операцияны токтотуу ниетин Израил тарап да билдире элек.

Улуттар уюмунунун гуманитардык иштер боюнча координатору Валерие Амос айым бүгүн Токидогу конференцияда сүйлөп жатып, Газа секторундагы кырдаалды “үрөй учурарлык” деп сыпаттады. Мындан улам, Валерие Амос кошумчалагандай, ок атышуунун токтошуна жетишүү, жайкын тургундарды кыянатчылыктардан коргоо абдан олуттуу зарылчылык болуп турат.

Бирок ок атышуу кандай шарт менен токтойт, каршылашкан эки тарапты тең канааттандырган мунаса табылабы деген маселе суроо жаратууда.

Аймакта арачылык миссиясы менен жүргөн АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээ Иерусалимден ок атышуунун токтошуна жетишүү аракетинде “айрым жылыштар” бардыгын, бирок али жасалуучу иш да көп экенин айткан эле:

- Биз алдыны көздөй айрым кадамдарды жасаганыбыз анык, бирок али жасалуучу иш да көп. БУУ башкатчысы Пан Ги Мун да эбегейсиз аракеттерди көрүп жатканына мен ыраазымын. Улуттар уюму ок атышуунун токтошуна гана жетишүүгө эмес, андан аркы туруктуулук үчүн да аракеттенүүдө. Бул абдан маанилүү.

АКШ ХАМАСты террорчул уюм катары эсептейт. Аны менен сүйлөшүүгө Египеттин бийликтери ортомчулук кылууда.

Аймакта арачылык сапары менен БУУ башкатчысы Пан Ги Мун да жүрөт. Ал палестин жана жөөт лидерлери менен жолуккан соң коңшу Иорданияга да барып, Аммандагы басма сөз жыйынында буларды айтты:

- Азыркыга чейин эле 600дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 3600дөйү жаракат алды. Алардын баары палестиналык жайкын тургундар, аялдар менен балдар. Кеминде акыркы эки күндө, кеминде ар бир эки саатта бирден баланын өмүрү кыйылып жатты. Бул мындан ары жол бербөөгө болбой турган кырдаал. Азыркы учурда баары бир максат менен гана иштөөсү керек. Бул - кыянатчылыктарды токтотуу. Мен тараптардын баарын азыр токтолууга чакырам. Токтоп туруп, калган маселелерди анан талкуулоо зарыл.

Бүгүнкү маалыматтар боюнча, Израиль Газада июлдун башында аба жана артиллерия соккуларына киришкенден бери өмүрү кыйылган палестиналыктардын саны 700гө жакындап калды. Израиль тарап аскерлери менен жайкын тургундарын кошкондо 34 жаранын жоготту.

Бул кырдаал БУУнун Адам укуктары кеңешинин чукул жыйынында каралып, анын соңунан Палестин автномомиясы даярдаган резолюция долбоору жактырылды. Ага ылайык, Израилдин операция учурундагы ыктымал укук бузуулары боюнча эл аралык иликтөө жүрүшү керек.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай чукул кеңешмеде сүйлөп жатып, Израиль тараптан "эл аралык мыйзамдар аскерий кылмыш деп баалангыдай манерада бузулганы боюнча чоң ыктымалдуулук бардыгын” белгилеген. Нави Пиллай ХАМАС кыймылынын ракеталарды ойду-келди атышын да сындап өттү.

Израилдин Газага ок атып жаткан танкы. 24-июль, 2014-жыл.
Израилдин Газага ок атып жаткан танкы. 24-июль, 2014-жыл.

Өзү Газа секторун Палестин автономиясынын бийлиги эмес, исламчыл ХАМАС кыймылы көзөмөлдөйт. Расмий Тель-Авив Газадагы операциясын ХАМАСтын ракеталарынан коргонуу жана Газадан Израилге кол салуу үчүн колдонулган жашыруун туннелдерди талкалоо чарасы катары түшүндүрүүдө.

1,8 миллион калк жашаган аймак акыркы сегиз жылдан бери Израилдин блокадасында турат. Экономикалык блокада 2006-жылы ХАМАС кыймылынын согушкерлери бир жөөт аскерин уурдап кеткенден кийин башталган. 2007-жылы Газадагы бийлик палестин президенти Махмуд Аббастын ФАТХ кыймылынан ХАМАСка өткөндө Израиль блокадасын күчөткөн. Бирок соңку жылдары айрым бир чектөөлөрүн жумшарткан.

ХАМАСтын лидери Халид Машаал Катардагы басма сөз жыйында ок атышууну токтотуу ушул экономикалык блокада жоюлмайынча мүмкүн эместигин айтып чыкты. Кошумча талап катары Израилдин түрмөлөрүнөн ХАМАСтын согушкерлери бошотулуусун атады.

Арачылык иштеринен кабары бар америкалык жана египеттик дипломаттардын Батыш маалымат агенттиктерине айтканына караганда, Газада эң жакшы дегенде апта соңуна, Орозо айттын алдына барып утурумдук мөөнөткө гуманитардык элдешүү макулдашылуусу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG