Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:07

Кыргызстан

Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы окуяларды кантип чагылдырууда?

Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотипдүү маанайда чагылдырып жатышат.

Текст көлөмү - +
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.

“Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык”.

Ал арада бүгүн Орусиядагы Russia Today телеканалы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Британияда кармалганы жөнүндө маалыматка кайрылып жатты. Алар “Риа-Новости” маалымат агенттигинин аналитиги Самир Шахбаз менен интервьюну көрсөтүштү. Ал түштүктөгү соңку тополоң үчүн Бакиевдердин үй-бүлөсүн күнөөлөдү.

“Албетте, Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү тополоңго бийликтен кулатылган президенттин үй-бүлөсү жооптуу, - деди орусиялык эксперт. - Буга өлкөнүн экономикасынын кыйраганы да шарт болуп берди. Анткени өнүккөн мамлекеттерде бул өңдүү окуялар болушун элестетүү кыйын. Бакиевдин уулу Максим сырттан келген бүт инвестицияны колуна алган эле. АКШдан, Орусиядан түшкөн миллиарддаган долларды башкарып турган жана андан өлкөнүн бюджетине эч нерсе түшкөн эмес.

Франциядагы Эларалык радионун кабарчысы бүгүнкү берүүдө кыргыз аскер күчтөрүн да айыптады. “Өзбек кварталдарында азыр кыямат кайым болгондой абал, - деди ал. – Армия болсо кыргыздарга келгенде жумшагыраак боло калат”.

Анткен менен мына ушул өңдүү кабарлардын дүйнөлүк медиада чыгып жатканын Борбор Азияда көп жылдардан бери иштеп келген даниялык журналист Майкл Андерсен айыптады. Анын айтымында, Батыштагы маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуяларды үстүртөн гана чагылдырып жатышат.

“Оштогу окуялар “этникалык тазалоо, кагылышуу” эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Бул – чыныгы бандитизм, - деди М.Андерсен “Азаттык” радиосуна. - Мен бир маанилүү нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Менин Оштогу көптөгөн өзбек тааныштарым аларды кыргыз достору үйлөрүндө жашырып, коргоп жатышканын айтышууда. Менимче, бул өзгөчө маанилүү нерсе. Өзбектер менен кыргыздар бири-бирине жардам берип, колдоп жатышат. Бул Ошто чынында “этникалык калыгышуу” болбогонун ачык далилдеп турат”.

Бүгүн дүйнөдөгү эң башкы гезиттер да Кыргызстандагы окуяларды кеңири чагылдырганга аракет кылышты.

Financial Times “Алыс көрүнгөн Кыргызстан азыр эларалык коомчулукту тынчсыздантып, оор абалга коюп койду” деп жазды. Макалада “Бир чети, улам кагылышуулар күчөп жатканы ыкчам аракеттерин болушу зарыл экенин көрсөтүүдө. Экинчи жагынан, Кыргызстанга чет өлкөлүк аскер күчтөрүн киргизүүнүн мыйзамдык жагы оор суроолорду жаратууда”.

Кыргызстандын түштүгүнө Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) тез аракеттенүүчү күчтөрүн киргизүү-киргизбөө талкууланганы да ушул макалада жазылды.

Ал талкуу жөнүндө басылмалардын көбүндө эле айтылат. Мисалы, Washington Post “Жамааттык коопсуздук келишими Кыргызстанга учактардан, аскерий техникалардан жамдам берээрин билдирди” деди. Гезит азыр кыргыз жериндеги окуя “Москваны да, Вашингтонду да саясий дилеммага салганын” билдирди. Жаңылыкка New York Times, Daily Telegraph жана башкалар да кайрылышты.

Гуманитардык оор абал жөнүндө макалалар бүгүн Орусиядагы “Коммерсант” басылмасында, Би-Би-Си корпорациясынан сайтында жазылат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2010 15:48
Озбектердин дуйнолук СМИге берген малыматтарында Озбектердин маасалык турдо кырылуусу жазылууда. Бул болсо караандай калп. УО эмне оозун ачып отурат. Бул тууралуу албетте кылмыш ишин козгош керек.

кимден: Кыргыз
17.06.2010 05:19
Карагыла Фергана ру -ну жана башка СМИлерин эмнеде жатышат? 100% экстремисты под именем кыргыздар деп жатышат!Биз оз мамлекетибизде экстремис болгон турбайлыбы?Ким кунолу дегенде мен биринчи мурдагы бийликтегилер анан уланткандар душмандардын СМИлери кунолуу дейм бул биринчи Фергана ру. ж.б алардын бирону каралаганы экинчисин угутогону себеп болуп отко май куйгандыгы.УО силер жалпы кыргыздарды коргоп ,орустарга депломатия аркылуу протест жибергиле бир тарапту кыргыз элине Орус информациялык согуш журуп жатат деп. Антпесенер кыргыз жалпы жаманаты болуп атпайбы, биз ушунчалык жаман эл дегендери туура эмес. Эки эл тен кыйналып атпабы!

кимден: Накта кыргыз каяктан: Бишкек
16.06.2010 23:48
"Кыргыз айкол", "кыргыз сабырдуу" дешет. ЖЕТИШЕТ!!! Намысыбызды коргойлу. Же биз дуйнолук коомчулукка унубузду жеткируу жолун билбеген туркойбузбу. Бийликте намыссыздар, туркойлор, кайдыгерлер отурат. Жеке кызыкчылыгын Улуттун тагдырына, келечегине алмаштырып жатат. 50 жылдан кийин ал адам жонундо тарых эмне деп жазарын, анын тукуму жер карап каларын ойлобойт. Ар бир адам озунун астындагылардан жооптуу. Ата аял балдарынан, чабан койлорунан, Мамлекет башчы ар бир жарандан. Кайдыгер болбойлу. Бизде сабаттуу, намыстуу жаштар ото коп. Чыккыла. Дуйного унунорду жеткиргиле. Чындыкты жеткиргиле.

кимден: Талант каяктан: ЕкатеринбургT
16.06.2010 18:52
Чын эле бир жактуу пикирлер айтылып жатат.Интернеттен жалан эле олгон озбектерди корсотуп жатат.Кыргыздар арасында ошондой азап тарткандар жокпу же интернетке киргизуу мумкун эмеспи.Бул менин болуп-жарайын деген аракетим эмес коргондор эки тараптын тен азап тартып жатканы бирдей экенин билишсин дегеним

кимден: ПАТРИОТ каяктан: Москвадан
16.06.2010 18:34
Москвада болсо орус туугандар баарын кыргыздар силер баштапсынар озбектерден коп адамдар олуптур деп кыжырыбызга тийип жатышат! Ушул берип жаткан телеканалдар эмне учун реально корсотпой жатканына кейийсин?!

кимден: Майрамбек
16.06.2010 17:05
Митингчи менен тоогулуно кошулам, . азыр бири аз тынчыгандан кийин эл да которулобуз деп жатат. ошол жагын да колго алалы

кимден: Эне каяктан: Бишкек
16.06.2010 15:04
Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган- кыргыз!
Меймандос десе алданып, төрүнө душман чыгарган - кыргыз!
Өз уул-кызын жамандап башканы сүйлөп адашкан -кыргыз!
Акыры бары тебелеп ызадан көз жаш жуулган кыргыз!.
Убалыбыз уктатпасын, кыргызга каршы сүйлөп, каралап жамандагандарды! Бул күндөр өтүп качып, сатып, тоноп, тонналап ташып уча качып кеткендер бир көрүүгө зар болгон күндөр келет. Уул кызың намыстанып, бир ташыңды башкага ыраа көрбөй, бейиштей жериңди башкалар сыйына турган мекеге айлантар күн келет! Буга ар бирибиз ишенишибиз керек. Тиги кетсин, бул кетсин дегендин ордуна Ош тараптагы жашоону ушул күнгө чейин чыдап жашап келгенде, башкаларды төбөбүзгө көтөрүп, өйдө карап сүйлөй албай, четинен жерибиз кетип, минага канчалар жарылып өлүп жатканда Курманбек деген желмогуз угуп койду беле?. Дүйнөлүк ММК журналисттик этика, ар бир сөздүн артында жооп бере турган азап болорун билбей калгандыр. Акыры кыргыз эли билдик го биз эч кимге керегибиз жок, экенин, эч ким коргоп ,колдой турган абалдан четте калганыбызды сездик го. Эми эмне кылабыз дегенде бири-бирибизди күнөөлөп акылдуу болбой ар бирибиз өз ишибизди тың аткарып, кайрат кылып, мурдагыдан да батырдыкты көрсөтүп, өзүбүздү өзүбүз колдоп, коргоп, кайрадан жаралуунун туура жолун таап биригели.

кимден: Митингчи
16.06.2010 15:04
Бул жактагылардын пикирлери меникине ундошот экен. менде сунуш барю.ушул Азаттыктын узбек кызматына каршы митинг откорсок кандай болрот? болбосо алардын маалыматтары бир тараптуу, бизди абдан жамандап атышат.кандай карайсынар?же сотко берсе болот.жообунарды бул жака жазгыла

кимден: Тоо гулу каяктан: Нарын
16.06.2010 14:39
Мени жиндендиргени биздин СМИ лер да Оштогу кыргыз диаспорасы, озбек диаспорасы деп жазып атат. Диаспора деген соз эгер биздин жарандар башка олкого барып иштеп окуп журуп бириксе мисалы Замандаш сыяктуу диаспора да. Биз этникалык озбектер дешибиз керек эле анткени алар Кыргызстандын озбек улутундагы жарандар.
Россия 24 гана кече жакшы айтты кыргыздар да Ошто кыйналып жатат деп. ОРТ нын кабарчысы фамилиясына караганда озбек окшойт ал да бир тараптуу берип атат.Фергана ру нун шеринечилери бизди согуп оздору согунуп атышып эчтекелери деле калган жок. бир уюм ушуну которуп чыкса жакшы болот эле Бишкектен. тен салмактуу кабар жеткиргиле деген акция кылып бут лчиликтерге айтыш керек

кимден: Adam
16.06.2010 13:43
kavkazcenterden okugulachi ailanaindar!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)