Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Литвада бири-бирин тоногон кыргыздар


Вильнюс, Литванын борбор шаары.
Вильнюс, Литванын борбор шаары.

Литвадагы кыргыз ишкерлери Кыргызстандан барган кылмыш топторунун кысымына кабылганын айтып чыгышты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кысымга дуушар болгон ишкерлер кайрылышты. Кысымга алгандар өздөрүн Камчы Көлбаевдин тобунанбыз деп аташкан. Кыргыз милициясы болсо уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялангандан кийин криминалдык дүйнөнүн мүчөлөрү сыртка чыгып кеткенин билдирүүдө.

Литвадан "Азаттыкка" кайрылгандардын бири окуяны мындайча сүрөттөдү:

- Бизди жолдо күтүп турушат. Поезд келгенде эле "кыргызсыңарбы?" деп алып кетишет. Алып барып коркутуп, акчабызды алып коюп жатышат. Кимге кайрылышыбызды билбей калдык.

Литвадан Орусияга машина ташыган бул мырза ушул жылдын башынан бери кыргыздарды тоногон кыргыздар пайда болгонун, алардын кысымы күн санап күчөп баратканын айтты:

- Бизге бир топ балдар келди. Өздөрүн "Камчы Көлбаевдин жигиттерибиз, биз акча чогултуп, ага берип турабыз", - дешти. "Камчынын балдарыбыз, бизге акча бергиле", - деп кыйнап жатышат. Алардын чоңу Дамир деген бала ушул жерде жүрөт, 1985-жылы туулган экен. Бизге окшогон жаш балдарды кордоп жатышат.

Биз байланышкан дагы бир жаран Литвада акчасын алдыргандан бери үйүнөн чыга элек. Аны да машина сатып алчу жерден “карызың бар экен” деп эки кыргыз бала машинага салып кеткен. Токойго барганда дагы 3 кыргыз бала күтүп турган.

- Машинага салып токойго алып барышты. Бычак такап, үч миң евромду алып коюшту. Дамир, Айбек деген балдар экен. Бул жердин полициясына арыз менен кайрылганмын. Аны тиги балдар угуп калышыптыр. "Арызын кайра албаса, келип союп кетебиз" деп айттырып жиберишиптир. Азыр үйдөн чыкпай отурам, кетейин десем же акчам жок.

Литванын полициясы арызда белгиленген жарандарды таба албай жатканын билдирген.

Бул топ дагы бир кыргыз жигиттен акча талап кылып, аны да жашаган жеринен кармап, сабашкан. Жанында акчасы жок жигит үч күн дегенде Кыргызстандагы жакындарынан акча салдырып берип кутулган. Азыр ал да үйүнөн чыга албай отуруптур.

Ал эми Кыргызстанда жүргөн Жаныбек дагы Литвадан унаа ташыйт:

- Ушундай кылмышкерлер бар экенин уккам. Мейманканаларда бычак, тапанча менен келип коркутушат. Бирок мен туш болгон жокмун. Мен унааларды жөнөтүп жиберип, өзүм учак менен келем. Машина менен келгенге караганда 800-1000 доллар көп коротосуң, бирок убаракерчилигиң деле ошого барабар болуп калат.

Соңку жылдары чет жерде жүргөн мекендештерин кордогон кыргызстандыктар тууралуу көп маалымат тарап жүрөт. Алсак Орусияда мекендеш кыздарын кордогон кыргыз жигиттери тууралуу "Азаттыкта" буга чейин кеңири чагылдырганбыз. Ушул эле өлкөдө кыргыздарга кыргыздардын “салык” салганы, мындай окуядан улам бир жигиттин жоголуп кеткени да маалымдалган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев 2010-жылы кылмыштуулукка каршы күрөш башталгандан бери криминалдык топтордун мүчөлөрү четке качып кеткенин айтат:

- Уюшма кылмыштуу топторго, алардын мүчөлөрүнө катуу күрөш жарыялап кармаганбыз, бир тобун камаганбыз. Айрымдары Казакстан, Орусия, Литва сыяктуу өлкөлөргө качып кетишкен. Камалгандардын арасында 8-9 жылга чейин кесилгендер бар. Бирок ушуга чейин дээрлик баары же жатак абакка чыгарылып, же мунапыс берилип жатат.

2010-жылдан бери Орусиядан уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү кармалып келген. Рафик Мамбеталиев бирок 2-3 жыл ичинде алар кайра эле бошотулуп кеткенин белгиледи.

Ал эми сырттагы мекендештерин опузалагандар экиге бөлүнөт. Биринчиси-Кыргызстандагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Экинчиси - эмгек мигранты катары иштеп жүрүп жанындагыларга кол салып, уруп-согуп мүлкүн тартып ала баштагандар. Кыргызстанда туруп биринчи топтогуларды табуу оңоюраак. Анткени издөөдө жүргөндөрдү табуу үчүн Минск конвенциясы, КМШ өлкөлөрү боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросу бар.

Литвага каттап иштеген дагы бир жарандын айтымында, ал жакта кыргыздарга кол салгандар Москвадан барган "каралар" экен. Алар кайсы жерде жүрсө ошол жердин тартип коргоо кызматкерлери менен кызматташарын угушкан.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Литвадан машина ташыган кыргызстандыктар 4-5 миң чамалуу. Алар унааны көбүнесе Кыргызстан, Казакстан жана Орусияга алып келип сатышат.

XS
SM
MD
LG