Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Маркестин магиялуу дүйнөсү


Габриэл Гарсиа Маркес 87 жашында көз жумду.
Габриэл Гарсиа Маркес 87 жашында көз жумду.

Нобел сыйлыгынын лауреаты, колумбиялык жазуучу Габриэл Гарсиа Маркести кыргыз жазуучулары эскерет.

Карылыктын жалгыздыгы менен келишим түзгөн, дүйнөлүк адабиятка из калтырган бир нече чыгармаларды жараткан Маркес 17-апрелде 87 жашында дүйнө салды. Бул убакыт ичинде ал миңдеген окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты, өсүп келе жаткан жаш калемгерлерге үлгү болду. Кыргыз поэзиясында өз стили, өз жүзү менен айырмаланган акын Сагын Акматбекова жазуучуга минтип баа берди:

– Өзү “Патриархтын күзү” деген чыгармасын жакшы көрчү турбайбы. Чындыгында мыкты жазылган. Маркестин чыгармаларында кайгы менен шаттык, комедия менен трагедия катарлаш жүрөт да дайыма. Ошонусу менен дайыма кызык да. Түрдүү, ар түстүү, ар үндүү турмушту өзүндөй кылып, өзү көргөндөй, өзү сезгендей кылып бере алган кишинин кеткени өтө өкүнүчтүү.

Жазуучу Бекташ Шамшиев болсо дүйнөлүк адабияттагы магиялык реализмдин негиздөөчүсү Габриэл Гарсиа Маркестин өлүмүн чоң жоготуу катары сыпаттады:

- Дүйнөлүк адабият үчүн чоң жоготуу. XX кылымдын адабиятына "сыйкырдуу реализм" деген, "магиялык реализм" деген жаңы агымды алып келди.Өзүнүн керемет чыгармалары менен Латын Америкасынын дүйнөсүн бүт таанытып, турмушту сүрөттөөнүн жаңыча жолун, ыкмасын, жаңыланган дүйнөсүн ачып берди да.

Ал эми акын Турабай Жороев Маркес дүйнөнүн ачуу чындыгы - ар бир адам жүзгө чыга жашаса да, жалгыз төрөлүп, жалгыз өлөрүн “Жалгыздыктын жүз жылы” романы аркылуу эң сонун бергенин белгиледи:

- Бул ааламда дайыма жакшылыкты, жеңишти, бийиктикти, руханий дөөлөттөрдүн ушундай улуулугун кайра алып тура турган эч күч жеткис ажал деген бар экен. Ошондон улам адамзат ааламы, өзгөчө рух дүйнө өтө чоң жоготууга учураптыр. Эми эмне дейбиз, эки дүйнөсү абат болсун.
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00
Түз линк
Адабиятчы Абибилла Пазылов менен маек

Маркес CCCРге алгач 1958-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалына келген. Кийин дагы бир жолу келген. Ушул эки сапарында тең кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жолукканын адабиятчылар айтып жүрүшөт.

Гарсиа Маркес онго жакын романдын, элүүгө жакын аңгеме, повесттин, он бештей киносценарий ж.б. чыгармалардын автору.

Батыштагы абройлуу бир нече сыйлыктын ээси. 1982-жылы Нобел сыйлыгын жана “Ацтектердин бүркүтү” орденин алган.

Габриэл Гарсиа Маркес 1927-жылы Колумбияда туулган. Ага дүйнөлүк атакты 1960-жылдары жазылган “Жалгыздыктын жүз жылы” романы алып келген.
XS
SM
MD
LG