Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Тасмага нааразылык күч алды


Ирандагы демонстранттар
Ирандагы демонстранттар

Пентагон Ливияга согуштук эки кеме жана 50 аскерден турган деңиз аскерлеринин тандалма тобун жиберди.

Алар АКШ элчилигинин жана башка дипмиссияларынын коопсуздугун камсыздашмакчы. 12-сентябрда Бенгазидеги консулдукка жасалган чабуулдан Кошмо Штаттардын Триполидеги элчиси набыт болгон.

Президент Барак Обама Египет жана Ливиянын жетекчилерин коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты биргелешип талкуулоого чакырды.

12-сентябрда аламандаган топ Бенгазидеги консулдуктан тышкары АКШнын Каирдеги элчилигине да чабуул койгон. Алардын нааразылыгына Мухаммед пайгамбарды мазактаган тасма себепчи болгон. Тасма АКШда жеке адамдар тарабынан тартылып, YouTube аттуу сайтка жайгаштырылган.

АКШнын Йемендеги элчилигине чабуул, 13-сентябрь, 2012-жыл
АКШнын Йемендеги элчилигине чабуул, 13-сентябрь, 2012-жыл
Вашингтон адегенде элчи Кристофер Стивенс жана Ливиядагы элчиликтин дагы 3 кызматкери ошол тасмага кыжырданган адамдардын колунан набыт болушкан деп маалымдаган. Эми болсо кол салуу 11-сентябрь теракттарынын 11 жылдыгында "ал-Каида", же ага жакын уюмдар тарабынан атайлап уюштурулган болушу ыктымал деген версия каралууда. Ал эми бул тасма ага шылтоо гана болгон.

Окуядан кийин Триполидеги элчилик кызматкерлеринин санын азайтып, Бенгазидеги консулдукта иштегендер толугу менен эвакуацияланды. Америкалык дипмиссиялардын коопсуздугун камсыздоо иретинде Ливиянын жээгине согуштук 2 кеме жана 50 тандалма аскер жайгаштырылды.

АКШ расмий адамдарынын маалыматына караганда, Бенгазидеги кан төгүүнүн артында тургандарды табуу үчүн пилотсуз учак тартылмакчы.

Президент Барак Обама элчи Стивенсти өлтүргөндөр жоопко тартыларына ишендирип, ошол эле маалда Вашингтон Триполи менен мамилелерин үзбөйт деп билдирди:

- АКШ бул акылга сыйбаган карасантай кол салууну катуу айыптайт. Ливия өкмөтү менен бирге калган дипломаттардын коопсуздугун камсыздоонун үстүнөн иштеп атабыз. Администрацияга дүйнөнүн башка жерлериндеги дипмиссиялардын коопсуздугун күчөтүү буйругу берилди. Ишенип койгула, биздин адамдарга кол салган кылмышкерлерди сот жообуна тартуу үчүн Ливия өкмөтү менен иштешебиз.

Триполи өкмөтү да чабуулду айыптап, күнөөлүүлөрдү табуу үчүн бар аракетин жумшарын билдирди.

Иран
Иран
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Брюсселде Египет президенти Мухамад Морси менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшүн айыптарын айтып, сөз эркиндигин жек көрүүчүлүккө түрткү берген үгүт менен аралаштырбоо керектигин белгиледи:

- Исламды жана бардык башка диндерди чын жүрөгүмөн урматтайм. Исламга же кайсы болбосун башка диндерге каршы чабуулдар кабыл алынгыс. Сөз эркиндигин жек көрүүчүлүк, толерантсыздык же калпыс түшүнүктөрдү пропагандалоо менен адаштырбоо зарыл.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго жолдогон телеграммада “бул кайгылуу окуя эки өлкө, бүтүндөй эл аралык коомчулук терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө тийиш экенин дагы бир жолу көрсөттү” деп белгилейт.

Тунис
Тунис
Ооган президенти Хамид Карзай сөз эркиндиги исламга акарат келтирүүгө жол бербейт деп, тасманын авторлорун “шайтан иштери” үчүн күнөөлөдү.

Ооган бийлиги 12-сентябрда YouTube сайтын кыска мөөнөткө жаап салган. Ак үйдүн маалыматына ылайык, Обама менен Карзай Ливия менен Египеттеги окуялардын Ооганстанда кайталанышын алдын алуунун үстүнөн иштөө тууралуу сүйлөштү. "Талибан" козголоңчуларды Ооганстандагы америкалык аскерлерден өч алууга чакырган.

Египеттин премьер-министри Хишам Кандил болсо Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган тасма үчүн АКШ өкмөтүн күнөөлөгөнгө болбойт деп билдирди.

Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун кайдыгер мамилеси исламга акарат келтирген тасмаларга шыкакчы болууда деп айыптады.

Ал тапта Египеттин борбору Каирде тасмага нааразылыгын билдирген демонстранттар менен полиция кайрадан кагылыша кетти. Кыжырданган топ АКШ элчилигин кайтарып турган полициячыларды таш бараңга алып, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. 13 тартип коргоочу жарадар болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG