Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:02

Дүйнө

Ливия: Улуттук өткөөл кеңеш Триполиге көчүүдө

Парижде чогулган 60 өлкөнүн лидерлери Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешине тоңдурулган эсептерден каражат бөлөт.

Бул аял Триполинин аянтындгы жума намаз учурунда жеңиштин белгисин көрсөтүүдө. 2-сентябрь.
Текст көлөмү - +
Бул арада Улуттук өткөөл кеңеш Ливия борборуна келерки аптада көчөрү жөнүндө анын төрагасы Мустафа Абдел Жалил билдирди:

Мустафа Абдел Жалил
- Кудайдын жардамы менен биз келерки аптада Триполиге көчөбүз. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн журналисттерди кабыл алып, биздин даңктуу жеңишке ири салым кошкон Бенгазинин жашоочулары, козголоңчулары жана Бенгазинин боштондук аянтына ыраазчылык билдирип коштошобуз.

Ушул бейшемби күнү дүйнө лидерлеринин Париждеги жыйынында Улуттук өткөөл кеңешке Ливиянын четте тоңдурулган активдеринин 15 миллиард доллардан көбүн берүү маселеси макулдашылган.

1-сентябрда Франциянын ордо калаасына Улуттар Уюму, Европа шериктештиги жана Африка Биримдиги, Араб Лигасынын 60тай  лидерлери чогулуп, Ливиянын Каддафиден кийинки келечегин талкуулай баштаган.
 
Париждеги жыйынга келген лидерлер, 1-сентябрь.
Париждеги эл аралык жыйында Ливиянын убактылуу өкмөтүнүн жетекчилери мындан ары өлкөнү демократиялык баалуулуктарга негиздеп куруу ниетин билдирди.
 
Улуттук өткөөл кеңештин төрагасы Мустафа Абдел Жалил жакынкы жарым жылда жаңы конституция кабыл алып, шайлоо өткөрүүгө убада берди. Жыйында сүйлөгөн Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Ливиянын убактылуу бийлиги эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгондугун айтты:
 
- Бүгүн алдыбызда милдеттер турат. Европанын чек арасында кыйраган өлкөнүн турушун карап тура албайбыз. Ал милдеттерди аткарбасак, Араб жазы ачкан жолдор репрессиянын каардуу кышына айланат. Ливиялыктар биздин колдообузга татыктуу.
 
Париждеги эл аралык жыйындын уюштуруучусу президент Николя Саркози «улуттук кайра жарашуу менен кечиримдин» зарылдыгын баса белгиледи. Ливияда НАТОнун учактары Каддафи толук багынмайынча сокку ура берерин дагы француз президенти ачыктады.   

Париж кеңешмесине катышкан 63 өлкөнүн өкүлдөрү ливиялыктарга чет өлкөлөрдө тоңдурулган эсептердеги активдерди кайтарып берүүгө милдеттеме алышты. Улуттар Уюму март айында өз резолюциясы менен АКШ, Британия жана Франциядагы банктарда тоңдурулган эсептерден 6 миллиард чыгарат.  

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон “баскынчы бийлик менен күрөшүү акыр аягына чыга электигин” белиглеп, дүйнөлүк коомчулукту “Ливиянын жаңы жетекчилигин колдоо көрсөтүп, ошол эле маалда бул өлкөдө өткөөл мезгилде мыйзамдуулукту жогору коюп, карапайым калкты коргоо кадамдарына жакындан көз салуу” зарылдыгын айтты:

Хиллари Клинтон париждеги жыйында, 1-сентябрь.
- Улуттар Уюму жетекчилик кылган эл аралык коомчулук ливиялык лидерлер менен карапайым калкка демократияга өтүүнүн тынч жолуна түшүүсүнө жардар берүүсү керек. Зордук-зомбулукту саясий курал катары колдонууну токтотуп, толеранттуулук жана плюрализмди жайылуу керек.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан ги Мун Ливиянын өткөөл өкмөтү чукул чара көрүүнү талап кылган тармактардын тизмесин түзүп бергендигин, эл аралык коомчулук шайлоого даярдык көрүүдө көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди:

- Убакыт күтпөйт. Алдыдагы күндөрдү Улуттар Уюму өз мандатына ылайык чукул чараларды көрөт. Улуттар Уюму Ливияга гуманитардык миссиясын мүмкүн болушунча тезинен жиберет.

НАТО болсо Муаммар Каддафи карапайым ливиялыктарга каршы кармашка даярданып жаткандыгын эскертти. Түндүк альянстын баш катчысы Расмуссен НАТО өз операцияларын акыр аягына чейин уланттарын ачыктады.

Бийликтен кулаган полковник Каддафи сириялык “ал-Рай” сыналгысы тараткан аудио билдирүүсүндө өз санаалаштарын багынбоого чакырды:

Полквник Каддафи.
- Силер уккандын баары жалган. Мылтык, ок менен атышкыла. Ливиялыктардын ар намысын ок сактап калсын. Эгер алар биз менен узак согушка аттанса ага дагы уруксат берели. Биз жерден-жерге, шаардан-шаарга, тоодон-тоого көчүп салгылашып, ливиялыктардын багынбастыгын көрсөтөбүз. Алар биздин куралчан армия менен элди башкара албайт.

Триполиде болсо Ливиянын Улуттук өктөөл кеңешинин кызыл-жашыл-кара тилкелүү желеги желбиреп, жеңишти майрамдагандар дагы бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Geralyn каяктан: KFvdYzcgO
01.10.2011 18:10
That's way the bestest awnser so far!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.09.2011 22:14
чын эле олгон жаныбарды чукуп жегенге чогулган кузгундарга окшоп чогулушуптур кээтиги лидерлер. Араб лигасы жана башкалар кошоматчылар да.Алар да бирденке улуш умтотуп калгандай.Бироого ор казба озун тушосун Араб лигасы

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.09.2011 23:32
Позор Ливиялыктарга.Батыш аларды алардын озунун акчасы менен алдап жатат.Бир цент бербейт.Аткан окторун бомбаларын толотуп алат.Ливия эли бузулду.Жин тийген элге жинди сааткын элин ойлобогон хан кедет.Алданган элге алдамчы митайым хан келет.Бирок Каддафи утула элек.3-4 айдан кийин эл тушунуп ага кошулат.Ошон учун батыш Каддафини издеп олтургон жатат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине