Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Казакстандагы тополоңдо кеминде 10 киши мерт болду


Жаңы-Өзөндөгү башаламандык, 16.12.2011
Жаңы-Өзөндөгү башаламандык, 16.12.2011

Казакстандын батышындагы Маңгыс-Тоо облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында эгемендик майрамы тополоңго айланып, кагылыштан кеминде 10 киши набыт болду.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Маңгыс-Тоо облусундағы Жаңы-Өзөн шаарында массалык башаламандыкта нааразылыкка чыккан жумушчулар менен полиция кагылышып, 10 киши набыт болгонун тастыктады. Баш прокурор Асхат Даулбаев “полиция демонстранттарга ок аткан” деген сөздү четке какты.

16-декабрда шаардын «Ынтымак» борбордук аянтында Казакстандын төбөлсүздүгүнө арналган майрамдык иш-чаралар үзгүлтүккө учурап, ал жердеги боз үйлөр менен майрамдык сахна талкаланган.



Маңгыс-Тоо облусунун губернаторунун расмий өкүлү Жанна Ошыбаева “Азаттыктын” казак кызматына:

- Жаңы-Өзөн шаардык бийлиги шаардын тургундарына жана ишинен айдалган мунайчыларга бир аз болсо да майрамдык маанай түзүп берели деп аянтка боз үйлөрдү тигип, арча отургузган эле. Бирок буга мунайчылар жини келип, тополоң уюштурушту.

"Азаттыкка" ачкачылык кармаган мунайчылардын бири Марат Жусипбаев маалымат берип, полиция чогулгандарга каршы ок чыгарганын айтат.

- Менин жанымда эле сегиз адамга ок атылып, алар жыгылганын көрдүм. Эми азыр алар мага ок чыгарып жатышат. Сегиз адам өлдү. Алар өлгөнүн азыр эле ооруканага баратканда машинеде көрдүм. Тез жардам баарына жетпей жатат. Аларга да ок чыгарып жатышат. Бутка тийсе эч нерсе эмес, тамагыңа атып жатышпайбы. Мунайчылар эле эмес, жөнөкөй адамдар да жаракат алышты.

Бу тополоңдо атасы жаракат алган 16 жаштагы Айтгүл Нурова "ОМОНдор айрымдардын башына атып жатты. Дагы бирөөлөрүн көкүрөккө атты, өлүп жаткандар болду. Ок жегендер көп", деди телефон аркылуу "Азаттыкка".

Кээ бир маалымат агенттиктери бул күнү шаардык администрациянын жана "Өзөнмунайгаздын" имараттары өрттөлгөнүн да кабарлашты.

Айрым маалымат каражаттары тополоң уюштурган топ "Өзөнмунайгаз" ишканасынын мурдагы жумушчулары экендигин жазып чыкты.

Жаңы-Өзөндө жарым жылдан бери мунайчылардын нааразылык акциялары уланууда.

16-декабрда Казакстан эгемендигинин 20 жылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG