Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Жунусов: Орусия миграция саясатын өзгөртүүдө


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Орусиянын миграция саясаты, анын кыргыз мигранттарына тийгизчү таасирлери тууралуу суроолорго жооп берди.

- Бирюлеводогу окуядан соң Орусияда миграциялык саясат катаалданып, текшерүүлөр, рейддер күчөдү. Анын запкысы кыргызстандык эмгек мигранттарына да тийип жатат. Учурда кырдаал кандай?

- Бул жаздан бери келаткан иш. Орусиянын Мамлекеттик Думасы миграциялык саясатка байланыштуу быйыл 30дан ашуун ар кыл мыйзамдарды кабыл алды. Мындай аракеттин башталышы бул жактагы элдин талабы болду окшойт.

Биз бул жактагы саясатчылар менен сүйлөшүп калган учурда муну ачык эле айтып жатышат. Себеби СССР тараган соң тарбияланган жаш муун биздин өлкөлөр тууралуу маалыматты, интернационалдык тарбияны албай калышты. Ошондуктан биздин жарандар алар үчүн чоочун болуп калды.

Буга байланыштуу Москвада жаңы реформаларды баштап жатышат. Маселен, көчө шыпыргычтан баштап, коммуналдык тазалык кызматтарына башка аймактардан келген орусиялыктарды тартуу сунушталууда. Дагы бир компания түзүп, бул жумушка студенттерди тартуу, пенсионерлерди жумушка алуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Эгер прогноздорго көңүл бурсак, дал ушундай жол менен мигранттарды азайтуу каралып жатат. Ошондуктан саясатчылар, маалымат каражаттары элдин талабы ушундай деп миграциялык саясатта өзгөртүүлөрдү башташты.

Мигранттарды жапырт текшерип, жапырт камоонун активдүү фазасы токтоду деп ойлойм. Бирок бир катар мыйзамдар кабыл алынганы үчүн баары бир абал кыйыныраак болот. Маселен, “кара тизме”, документтери жайында болбогон мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча иштер уланып жатат.

- Акыркы мезгилдеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгында канча кыргыз мигранты өлкөдөн чыгарылды жана канча жараныбыз убактылуу кармоо жайында кармалып турат?

- Учурда мындай жапырт кармоолор жок. Бирок мигранттарды текшерүүгө байланыштуу иш системалуу жүрүп жатат. Метродо, мигранттар ижарага алган батирлерди, кеңселерди текшерүүлөр жүрүп жатат. Мурда мигранттарга батирин ижарага берип жүргөндөр аларды чыгара башташты. Себеби аларды текшерүү күчөдү. Ошондуктан учурда батир таппай кыйналгандар көп болуп жатат. Эми мындай текшерүүлөр боло берет.

- Канча кыргызстандык чыгарылганы тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Бул тууралуу толук маалыматка ээ боло элекпиз. Учурда ар кыл маалыматтар айтылып жатат. Бишкекте "40 миң киши чыгарылыптыр, 17 миң чыгарылыптыр" деген сөздөр жүрүп жатат. Бирок бул маалыматты биз азыр тактап жатабыз.

- Ошол эле учурда Орусиядагы мигранттарга Кыргызстандан келген кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ыдык көрсөтүп, салык салып, таасирин күчөткөнү тууралуу маалымат айтылды эле. Бул боюнча абал кандай?

- Акыркы учурда бир топ тынчып калды. Жазында дал ушундай кырдаал жаралган. Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү базарга чыгып, акча талап кылып, бир-эки адам өлтүрүлгөн. Андан соң Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын тобу эки жолу келип, бул жакта рейд жүргүзүп, бир топ адамдарды кармап кетишти. Тазаланып калды. Бирок Москванын шаардык ички иштер башкармалыгы кыргызстандык кылмыштуу топтор боюнча атайын бөлүмчө түзүптүр. Ушуга чейин жетишиптир. Орусиянын укук коргоо органдары байкап туруп, тынчыбасаңар дал ушундай болот деп атайын бөлүм түзүп, дал ушундай чара көрө башташты.

Жунусов: Орусия миграция саясатын өзгөртүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG