Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кол тийбестиктин "анатомиясы"


Кыргыз медициналык академиясы.
Кыргыз медициналык академиясы.

Кыргызстанда ири байланышы жана саясий калканчы бар адамдар жоопкерчиликтен сырткары калган өнөкөт күч.

Коомчулук өкүлдөрү буга билим берүү тармагындагы көмүскө иштери ачыкка чыкканына карабастан мыйзам алдында жооп бербеген мурдагы министр Канат Садыков менен Медакадемиянын ректору Аширалы Зурдиновду мисал келтиришүүдө. Упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга мыйзамсыз окууга кабыл алган айныксыз фактылар чыкканына карабастан кызмат ордунан жылбаган ректор Зурдиновдун жогору жактагы саясий калканчы жана бийликтеги байланыштары кандай?

Өкмөт башчысы неге унчукпайт?

Өткөн жылдын декабрь айынан бери Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алууга байланыштуу кыскарып кеткен кылмыш ишинин негизинде “Азаттык” бир нече курдай журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Бирок өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев маалымат каражаттарына чыккан материалдарга жооп берүүнү бийлик органдарына милдеттендирген өзүнүн токтомун ушуга чейин аткара элек. Бирок жакында президент Атамбаев "апрелчилердин" бул ишти кайра жандандыруу боюнча кайрылуусуна карата ишти териштирүүнү өкмөт менен Башкы прокуратурага тапшырды. Бирок адатта илгиртпей илип алып, ишти ачып, тергей баштаган тиешелүү органдар азырынча козголо элек. “Апрел Баатырлары” коомунун өкүлү Таалайбек Айдаров өкмөт башчысынын бул маселеге анчейин көңүл бөлбөй жатышынын себебин мындайча түшүндүрдү:

Жоомарт Оторбаев
Жоомарт Оторбаев

- Үй-бүлөлүк катнашы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок эми өкмөт башчысы болгондон кийин мына ошондой мамиледен жогору турса болмок. Бул маселе боюнча Жоомарт Оторбаев чара көрбөсө, анда биздин ага карата ишенимибиз кандай болот? Ага ишенип тапшырылган ыйгарым укукту ал кайсы жагына колдонуп жатат? Биз эки-үч жолу кайрылуу катын жөнөтөбүз. Ага дагы көңүл бурбай турган болсо, анда аны менен жолугууга аракет кылабыз. Эмне себептен аларга караштуу кызмат адамдарынын мына ушундай былык иштери чыкса эле укпай дүлөй болуп калышат?

Байланыштардын байкалбаган таасири

Медициналык академияга упайы жетпеген улан-кыздарды окууга киргизген фактылар боюнча 2012-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок ал бат эле жабылып калган. Документалдык далилдер турганына карабастан иштин жабылып калышынын себеби эми гана белгилүү боло баштагандай. Анткени мурдагы билим берүү министри Канат Садыков менен Медакадемиянын ректору Зурдинов экөө чыгарган мыйзамсыз буйруктардын түбү тереңде экен. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев учурда бул ишке көз жуумп койгонун анын ректор Зурдинов менен үй-бүлөлүк катышына байланыштыргандар бар. Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева Медакадемияда Фармакология кафедрасынын профессору. Иниси Чагатай Оторбаев Патологиялык физиология кафедрасынын доценти. Анан дагы ректор Зурдиновдун бетине кармаган таянычы, Медакадемияда иштеген президенттин жубайы Раиса Атамбаева. Талдоочулар мына ушундай үлкөн адамдардын түз жана кыйыр таасири бар деген жоромолду четке кагышпайт. Укук коргоочу Рита Карасартова мына ушундай саясий калканчтардын айынан иш ордунан козголбой жатканын айтты:

- Прокуратура үчүн Оторбаевдин апасы Нанаева деген ким? Ал биздей эле жаран. Анан анын ректор Зурдиновдун ишине таасир этиши туура эмес. Мыйзамдын үстөмдүгүн ишке ашырууда апасы, аялы же дагы бир тууганы деген түшүнүк болбошу керек эле. Прокуратура эмнеге түзүлгөн. Медакадемияда мыйзамсыздык болгонбу же болбогонбу, тактап туруп, укуктук баа берүүгө тийиш болчу. Анан эми биздин укук коргоо органдары керек учурда шыпылдап иштеп калышат. КРСУда болгон мына ушундай эле чыр-чатак боюнча тергөөчүлөр укмуш иштешти. Эмне үчүн Медакадемияга келгенде алар унчукпай калат. Бул деген кош стандарттуулук.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин медакадемияда доцент болуп иштеген бир тууган иниси Чагатай Оторбаевдин ректор Зурдинов менен кандай байланышы бар экени белгисиз. Бирок Чагатай Оторбаев ректордун айланасындагы чуулгандуу иштер, күмөндүү байланыштар жана аны калкалаган бийликтеги күчтөр туурасында маалыматтарга комментарий берүүнү туура көргөн жок:

- Мен азыр лекцияга кирип бара жатам. Кечиресиздер, убактым жок. Бул суроого эртең жооп берейин...

Өкүл баланын “өзгөчөлүгү”

Медакадемиянын ректору Аширали Зурдиновдун укук коргоо органдарындагы жана бийликтеги тымызын байланыштары ушуну менен эле токтоп калбайт. Өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн жетектеген Абдыманап Муратов ректор Зурдиновдун өкүл баласы. Бирок Абдыманап Муратов ушул күнгө чейин ректор өкүл атасын коргоп, аны калкалагандан алыс экенин айтты. Ошол эле кезде Муратов өзү тейлеген Билим берүү министрлигиндеги мамлекеттик гранттык коммиссиянын кыңыр иштеринен кабары жоктугун белгиледи:

Аширали Зурдинов
Аширали Зурдинов

- Мен өзүм ал кишини тандап, өкүл ата койгом. Андай чынчыл кишини союз маалында дагы табууга мүмкүн эмес болчу. Мен ал кишини азыр таптаза жана аппак деп айта албайм. Себеби мен азыр билбейм. Анан эми ал адамды өкүл ата койгонум ал менин жеке ишим. Эми мени ошого жабыштырган туура эмес да. Биринчиден, ал иш биздин бөлүмгө түшпөйт. Түшсө дагы мен бул жерде кызыкчылык кагылышы деген түшүнүктөн улам карабайт болчумун. Бул суроолордун бардыгы башка бөлүмдөрдө чечилет. Биз менен керек болсо макулдашылбайт дагы. Анан эми өкүл баласы антип жатат, өкүл баласы минтип жатат деген сөз туура эмес.

Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн жана социалдык адилеттүүлүктү калыптандырууга тоскоол болгон бийликтеги кландык-коррупциялык байланыштардын тамыры кыркылар эмес. Бул багытта коргоо кеңешинин жыйынында учурдагы саясий коррупцияны ооздуктоонун чаралары боюнча 2013-жылы демилге көтөрүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин андан кандайдыр бир жыйынтык чыкканы байкала элек дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG