Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Doing Business: Кыргызстанда жаңы реформа жок


Дүйнөлүк банк ишкерлик үчүн тиги же бул өлкөдө түзүлгөн шарт-жагдай боюнча Doing Business рейтингинин жаңы чыгарылышын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстандын тизмедеги орду өзгөрүүсүз калган. Бул - өлкөдө акыркы бир жылда бизнестин ишин жеңилдеткидей реформа болбоду дегенди билдирет.

Кыргызстанды ишкерликти тескеген укуктук эрежелер мурдагыдан кыйла жакшырганын Doing Business рейтингин даярдаган Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясы алгач Курманбек Бакиевдин бийлигинин соңку жылдары эле айтып чыккан.

Буга өз кезегинде фирмаларды жана мүлктү каттоо тартибинин жеңилдетилгени, Салык кодексинин жаңыланышы, кошумча нарк салык өлчөмүнүн төмөндөтүлүшү өңдүү кадамдар түрткү берген эле.

Бирок өлкөдөгү жалпы саясий атмосферадан улам бизнес жамаат деле ал чараларды жеңилдөө катары кабылдаган эмес.

Эл аралык уюм жакшы баа бергени менен бизнести рейдерлик жол менен тартып алуу көрүнүштөрүнүн күчөшү жалпы ишкер климатка көө жапкан эле.

Андан бери, бийлик алмашкандан тарта эки жылдан ашуун убакыт өттү. Бирок Кыргызстандын Doing Business рейтингиндеги орду былтыр үч баскычка түшүп кеткен болсо, быйыл эч өзгөрүүсүз калган. Башкача айтканда, Кыргызстан мурдагыдай эле 185 өлкөнүн ичинде 70-орунда турат. Бул - ишкерлик чөйрөсүндө кандайдыр бир укуктук реформа жасалган жок дегенди билдирет.

Doing Business баяндамасын даярдаган авторлордун бири Теа Трамбик (Tea Trumbic) “Азаттыкка” буларды белгиледи:

- Бул баяндамабыз Doing Business индикаторлорунан Кыргызстан боюнча кандайдыр бир реформаны каттаган жок. Биз өкмөттүн ишинин бир бөлүгүн, бизнести жөнгө салуусун гана баалайбыз да. Өкмөт алышууга туура келген ички маселелер болбодубу, андыктан көңүл башка жакка бурулса керек.

Теа Трумбик кошумчалагандай, алардын иликтөөлөрү боюнча бизнес үчүн шартты жакшырткыдай орун Кыргызстанда али көп.

Маселен алар эсепке алган он индикатор боюнча кайсы бир бизнес объектинин электр кубатына кошулууга уруксат алуусунун оордугу жана кымбаттыгы жагынан Кыргызстанга 185 өлкө ичинен 177-орун, салык төлөө жагынан 168-орун, банкрот болгон ишкананы жоюу эрежелери жагынан 155-орун ыйгарылган. Андыктан алдыда өкмөт мына ушул багыттарга көңүл бурушу керек.

Аракет бар, жылыш жок

Соңку бир жылда бизнестин түйшүгүн жеңилдеткидей реформа болгон жок деген пикирге “Азаттык” менен маегинде Кыргызстан жаш ишкерлер союзунун аткаруучу директору Руслан Акматбек да кошулду.

Анын айтымында, мурдагыдан айырмаланып, азыр бизнес менен бийликтин ортосунда диалог бар, бирок бюрократиялык тоскоолдуктар али жоюлбай жатат:

- Бизнестин шартын жеңилдетүү боюнча демилге көтөрүлгөнү менен, саясий себептерден, өкмөттүн алмашуусунан улам иш аягына чейин чыгарылган жок. Бизнес азыр өз арбайын өзү гана согуп жатат. Бизнеске бөгөт коюучу процедуралар алына элек. Мурунку өнөкөттөр, тилекке каршы, уланууда. Мурдагыдай эле коркутуулар, текшерүүлөр, үркүтүүлөр бар.

Руслан Акматбек орто жана чакан бизнести кыйнаган көрүнүштөр катары салык түрлөрүнүн көптүгүн жана төмөнкү жагдайды атады:

- Мисалы, отчет берүү жараяны абдан оорлоштурулган. Чакан жана орто бизнес кай жакта? Көбүнчө аймактарда да. Алардын көбү каттоого турбай эле оокатын өзүнчө, мамлекеттен жаап-жашырып келет. Бул албетте көмүскө экономикага таасирин тийгизүүдө.

Doing Business рейтингин даярдаган Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын адистеринин эсебинде, кыргыз ишкерлери салык төгүү үчүн жылына 210 саат убактысын жумшайт.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Теа Трамбик “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, аймактагы өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу бул - жакшы көрсөткүч, бирок:

- Төлөмдөр саны али көп бойдон калууда. Өкмөттөр киреше топтоонун түрдүү жолдорун тандашат да. Айрымдары компанияларга, кээ бирлери башка чөйрөлөргө көңүл бурушат. Бул жагынан биз Кыргызстанда компаниялардын кирешесинин 68% салыкка кетерин эсептедик.

Өкмөт быйыл Ысык-Көл боюндагы эс алуу, борбордун иргелген коомдук тамактануу жайларына кызматташтыктын, текшерүүнү азайткан жаңы үлгүсү сунуш кылынганда салык өлчөмдөрү эки эсе көбөйдү деп ырастаган. Бирок бюджет таңкыстыгын эске алганда, өндүрүш секторундагылар үчүн салык жеңилдиктери жакынкы жылдары ишке ашчудай эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG