Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Жумгал: сот залында айыпталуучуларга өрт коюшту


Кара-Кече көмүр кени. 10-декабрь, 2013-жыл.
Кара-Кече көмүр кени. 10-декабрь, 2013-жыл.

Кара-Кече көмүр кенинде милициянын ур-токмогунан каза тапты делген Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерине бензин чачып, өрт коюшту.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” тастыкташынча, бул окуя 20-февраль күнү түш оой Жумгал райондук сотунун имаратында катталган. Анда 1-декабрда Кара-Кече көмүр кенинде ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки жана Нарын ОИИБинин ыкчам чара көрүү отрядынын бир кызматкеринин ур-токмогунан улам өлдү делген Айбек Мамбеталиевдин иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан. Абдраимов болуп өткөн окуяны мындайча түшүндүрдү:

- Соттук процесс учурунда Мамбеталиевдин жакындары темир тор ичинде турган 3 милиция кызматкерине бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Натыйжада конвой аларды сыртка алып чыгууга мажбур болгон. Ошого карабай айыпталып жаткан эки милиция кызматкердин денеси күйгөн. Конвой аларды сыртка алып чыккан учурда Мамбеталиевдин туугандары бир айыпталуучуну белгисиз жакка алып кетип аёосуз сабап, кайра райондук ооруканага ташташкан. Дагы бир айыпталып жаткан милиция кызматкери кол салгандардан коргонуу максатында Жумгал дарыясын көздөй качып кеткен. Азыркыга чейин анын кайда экени белгисиз.

Абдраимов кошумчалагандай кылмышка шектүү милиционердин бири Жоомарт Сыдыковдун абалы оор болгондуктан Бишкекке алынып келинди.

Деген менен 27 жаштагы маркумдун энеси Жамила Нааматова соттон акыйкаттык издеп жүрүп тажаганда ушундай окуя болгонун айтат. Нааматова болуп өткөн окуяны уулунун өлүмү боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, сотко жеткенде “адам өлтүрүү” деген оор берененин алынып салышы менен байланыштырды.

- Биз сотту чакыртып алып, ишти кайра тергөөнү талап кылалы дегенбиз. Анткени булар милиция кызматкерлерине карата “адам өлтүрүү” беренесин алып салып, “кызмат абалынан пайдалануу” боюнча тергеп жатышыптыр. Бул жакта карачечекей адам өлүп жатат. Биз ошол беренени койгула десек, сот болбойт деп чыгып кетти. А айыпталып жаткан милициялар сотто каткырып, жыргап отурушту. Бизди күйгүзгөнү күнөөлүүлөрдүн жазага тартылбай жатышы. Туура, бүгүн биз ачууга алдырып ар кандай нерселерди кылдык. Бирок биз мунун баарын акыйкаттык издеп кылып жатабыз. Башында эле эгер сот туура эмес чечим кабыл алса аларды өзүбүз соттойбуз деп айтканбыз. Эмнеси бар экен канга кан да.

Окуяга күбө болгондордун бири, жергиликтүү укук коргоочу Эраш Кумарбеков айыпталуучуларга карата кол салууну соттун адилетсиз чечиминен көрөт.

- Бул жердеги элдин талабын деле түшүнсө болот. Анткени “адам өлтүрүү” беренеси коюлуп жаткандан кийин айыпталуучулар үй камагына бошотулбашы керек эле. Эми бул жерде эки жактан тең эле кетип жатат. Бирок 104-берене менен кылмыш иши козголуп, сотко жеткенде алынып салышы чырдын чыгышына себеп болду. Тоок уурдагандар түрмөдө отуруп, киши өлтүргөндөр ээн-эркин жүрсө элдин деле кыжыры кайнайт да.

Айыпталган милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда майрамдашууда. Сүрөт январь айынын башында интернетте тараган.
Айыпталган милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда майрамдашууда. Сүрөт январь айынын башында интернетте тараган.
Буга чейин айыпталуучулардын убактылуу кармоочу жайдагы адамдар менен көңүл ачып, гитара чертип отурган сүрөтү интернетке жарыяланып, чуу жараткан.

Кара-Кечеден Бишкекке көмүр тартып иштеген Мамбеталиевдин өлүмү боюнча Жумгал райондук прокуратурасы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогуловго (учурда дайынсыз), Жоомарт Сыдыковго жана Нарын ОИИБинин ыкчам чара көрүү отрядынын кызматкери Чыңгыз Баялиновго карата “адам өлтүрүү”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча Жумгал райондук соту айыпталуучуларды 3-февралга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарганы менен Нарын облустук соту биринчи чечими менен тергөө абагын бир айга кыскартса, экинчи чечими менен айыпталуучуларды үй камагына бошоткону белгилүү.

Маркум Айбек Мамбеталиевдин артында 4 баласы жетим калды. Балдарынын улуусу 5ке чыкса, кичүүсү 5 ай айлык.

XS
SM
MD
LG