Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Ысык-Көл жаштарынын "күтүүсүз" курултайы


Жаштар курултайы
Жаштар курултайы

Ысык-Көл облусунун жаштары курултай өткөрүп, анын негизинде бийликке кайрылуу жолдоду.

Анда активисттер парламенттик шайлоо алдында дубанда туруктуулук сакталып, өкмөт Кумтөр кени боюнча көлдүктөрдүн кызыкчылыгына төп келген чечим кабыл алышы керек деген талаптарын коюшту.

Жаштардын курултайы деп аталган жыйын Чолпон-Атадагы ат майданда өттү. Уюштуруучулардын бири, Тоң, Жети-Өгүз бириккен жаштар кыймылынын төрагасы Мирлан Шеркулов жаштар курултайынын максаты тууралуу буларды айтты:

- Курултайдын негизги максаты - жаштарды ынтымакка чакыруу деп жарыяладык. Бирок бизде бийликтин көңүлүн бурчу да маселелер бар. Парламенттик шайлоо жакындады, эми ар кайсы партия келип алып, элдин башын айлантып, чагымчылдык кылбашы керек. Экинчиден, туристтик сезон келатат, аны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бизге туруктуулук керек.

Курултайдын күн тартибине Кумтөр маселеси да кирген. Ушул тапта жаштар алтын кенди улутташтырууга да, канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүүгө да каршы. Өкмөт элдин кызыкчылыгын эске алып, маселени чечүүнүн башка жолун табышы керек дешет. Алардын жаңы келишимге киргизе турган негизги талаптары - Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун үлүшүн 1 пайыздан 3 пайызга көтөрүп берүү.

Курултайда сөз сүйлөгөн "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев талаптардын канчасын аткарууга мүмкүн экенин сүйлөшүүлөрдөн кийин гана айтууга болот деди.

Өмүрбек Текебаев жаштар курултайында
Өмүрбек Текебаев жаштар курултайында

- Кумтөрдүн үзүрүн көлдүктөр, бүтүндөй кыргызстандыктар көрүш керек. Биз канадалыктар кетип калгандан кийин ууларды тазалайбыз деп, баш оорутуп сырттан карызга акча издебешибиз керек. Мына ушул максатта өкмөт көптөгөн кыйынчылыктардын, коркутуулардын, ар кандай басым жасоолордун алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Майда-чүйдөсүн айтпай эле коеюн. Ошондуктан биздин табигый кендер элдин кызыкчылыгына иштеши үчүн жаңы шарттарды сиздер менен бирге түзүшүбүз керек.

Жаштардын суроолоруна Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков да жооп берди. Бирок ал Кумтөр маселесине токтолгон жок. Келерки жылы Ысык-Көл облусунун айланма жолунун курулушу башталарын жарыя кылды. Ал 400 чакырымды түзүп, жогорку категориядагы жол болоруна ишендирди. Маселе азыр өкмөттө каралып жатыптыр.

Жаштар курултайына келген жаштар
Жаштар курултайына келген жаштар

Жаштар курултайына облус боюнча 3500 делегат чакырылып, бирок келгендердин саны миңден ашпай калды. Уюштуруучулар белгилегендей, көптөрүнүн жазгы талаа иштеринен колдору бошобой калган. Ага катар 25-апрель Ысык-Көлдө жалпы облустук ишембилик жарыяланып, бул да көп элдин келбей калышына себеп болгон. Жаштардын Ысык-Көл районунан келген өкүлү Эрлан Райымбеков нааразычылыгын мындайча билдирди:

- Бул көл бардык кыргызстандыктын проблемасы. Бир Тоңго же Жети-Өгүзгө тиешелүү эмес. Ушул Кумтөр боюнча болуп жаткан көйгөйдү, кайгыны тең бөлүшсөк болот эле го. Бүгүнкү жыйынга Тоң менен Ысык-Көл районунан гана кишилер келишти. Калгандарына облустун келечеги керек эмеспи?

Анткен менен уюштуруучулар жана иш-чарага чакырылгандар курултай өз максатына жетти деп эсептешти. Саясий ишмер Өкмөтбек Алмакүчүков жаштар көйгөйлөрүн курултай аркылуу көтөрүп жатканын кубаттап, өз кезегинде бийлик элдин үнүн коңгуроо катары кабыл алуусу керек дейт.

Ошол эле кезде Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, Көлдөн чыккан саясатчы Кубанычбек Кадыров "Азаттык" менен маегинде бул курултайдын чыныгы максаты - бийликтеги партиялардын жаштарды өзүнө тартуу аракети деп баалады.

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

- Мен Ысык-Көлдөгү балдар менен сүйлөшсөм, эмнегедир башында бул жыйынды "Ата Мекен" партиясы өткөрөт деген сөз болгон дешти. Андан кийин кайра негедир Жаштардын курултайы деп бийлик уюштуруптур. Элдин көбүн Тоңдон алып келишкен экен. Балыкчы менен Ысык-Көл районунан азыраак гана адамдар болгон. Жети-Өгүз, Түп, Каракол, Ак-Суудан бир-эки эле бала келбесе, башка эч ким келген эмес. Курултайга Чыныбай Турсунбеков да барган экен. Бул жыйындын максаты - бийлик элдин маанайын байкайын деген окшойт. Саясат жөнүндө сөз айтылбай, жаштардын ынтымагы, туристтик сезонду өткөрүү деген сөздөрдүн тегерегинде гана талуу болгон. Кумтөр тууралуу бир аз гана сөз айтылыптыр. Саруудан балдарды чакырышкан экен, алар "буларга ишенбейбиз" деп барбай коюшуптур.

Жыйында көтөрүлгөн үч маселе боюнча резолюция кабыл алынып, анын негизинде президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдонду. Элдин талабына бийликтен канчалык деңгээлде жооп болгону 31-августта жаштардын республикалык курултайында талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG