Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Ала качуу: жүрөктө так, көкүрөктө ыза


Ысык-Көл облусунда ала качуудан соңку эки жылда үч кыз өз өмүрүн кыйган. Дагы бир катар кыздардын жүрөгүнө так салынды.

Албетте кырчындай жашында жанын кыйган кыздардын жакындарын кайра сөзгө тартыш абдан оор.

Мисалы, маркум Нурзат Калыкованын ата-энеси жүрөгүндөгү такты кайра козготпогула деп ачык эле кагып коюшту. Ошону менен катар Нурзатка үйлөнгөн улан жардам берип турарын айта кетишти. "Ал томолой жетим баланы сотко бергенден эмне майнап чыгат деп үй-бүлөбүз менен чечкенбиз" деди Нурзаттын атасы.

Ал эми Венера Касымалиеванын эжеси Чынара Калыкова да кабарчылар менен байланышкандан баш тартып койду. Болгону ала качкан бала учурда издөөдө деп сөз кылды.

Ала качуунун дагы бир курмандыгы - Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Касымбай кызы Ырыс. Окуя быйылкы жылдын июнь айында болгон.

Ала качууга каршы Караколдо өткөн акциядан бир көрүнүш, 18-май, 2011-жыл
Ала качууга каршы Караколдо өткөн акциядан бир көрүнүш, 18-май, 2011-жыл
Ырыстын апасы Динаркүл Мусаева ушул эле райондун Сары-Камыш айылынын тургуну Шайымбек Иманакунов кызым менен эч кандай сүйлөшкөн эмес, кызымдын сүйлөшкөн жигити башка болчу деп кебин баштады.

- Түз жүргөн, ата-энесине жардам берген кыз болчу. Азыр жаштар телефон аркылуу сүйлөшүп жүрөт турбайбы. 24 жаштагы Айбек аттуу бала менен сүйлөшкөнүн айтчу, Ак-Суудан, окууну бүткөн, мен ал баланы жакшы тааныйм, мага да жакчу.

Ырыс менен Айбек күзүндө үйлөнөлү деп пландаштырган экен.

- Айбек "күзүндө үйлөнсөк дечүбүз деп жүргөнбүз" дейт. Байкашымча кызым көбүрөөк жакшы көрчү, көп сөз кылчу. Ырыс өлөрүн билбесе керек, жигитине цепочка белек катары бериптир.

Күйүткө баткан Айбек азыр да маркумдун үйүнө келип-кетип турат экен.

- Ырыс каза болгондон бери ата-апа деп келип жатты, интернетке чыккандан кийин Жапониядан ар кайсы жактан бери кабарчылар келип жатты. Айбек аларды мүрзөгө алпарып, гүл коюп жүрдү. Айбекке ыраазымын, жылуу сөз абдан жакшы экен, менин кызым ага буйрубай калды, эми кийин бактылуу болсун.

Ырыстын апасы кызын ала качкан жерге кубалап баргандагы окуяны эстеп отурду.

- Көрсө ала качып келип, дааватка барган бир молдону алып келип, нике кыйып, баарын бүтүрүшкөн экен. Андан кийин эртеси ачуусун алып келиптир. Бул эмне деген сыйлабастык! Кошунанын кыздары деле кетип, келин алып жатышат. Анан бул эмне деген жапайчылык!

Динаркүл Мусаева кызын ала качкан бала тарап келип, кечирим сураса, сотко бермек эместигин кошумчалады:

- Бир аз жетишпей калыптырмын, бир-эки жолу оозуна үйлөсөм да болбой калды. Биз ызы-чуу болгондо бирөөлөр Сары-Камышка чалыптыр. Алар келип, анан кыйкыра башташты, “бизге бербеген кызыңарды жерге бердиңер” дешти. Кошуналар урушуп, аларды кетиришти. Кечирим сурап, келип да коюшкан жок. Кечирим эмес, колуман да эч ким келип кармап койгон жок. Мен деле соттотойун деген эмесмин. Ошон үчүн милиция чакыртып калдык, эгер жакшы сөз айтып, "бул Кудайдын кылганы" деп койсо гана! Ого бетер күчөтүп, "энеси күнөөлүү, эжеси күнөөлүү" деп жатышпайбы.

Караколдо өткөн акциядан бир көрүнүш, 9-октябрь, 2012-жыл
Караколдо өткөн акциядан бир көрүнүш, 9-октябрь, 2012-жыл
Ырысты ала качкан Шайымбек Иманакуновду сот 14 жылга кесмек болуп, бирок үй-бүлөсүнө карап кыскартса да, анын туугандары жазасын дагы жеңилдетүүгө кол коюп бер деп келип жатышыптыр.

Ошентип Шаимбек Иманакунов алты жылга кесилген. Бирок анын адвокаты Алишер Бектуров бул жазага макул эмес.

- Биз апелляцияга берип, облустук сотко кайрылдык. Облустук сот адилет чечип, актап берет деген ишеничтебиз. Анткени кыз өз макулдугу менен келгендигинин далили бар. Мыйзамда "эгерде далилдерде кандайдыр бир күмөн санаткан фактылар болсо, алар айыпталып жаткандын тарабынын кызыкчылыгында болот" деген бар. Шайымбекти төрт берене менен айыптап жатышат, райондук соттун чечими да ошол эле төрт айып менен чечим чыгарып жатат. Бул туура эмес.

Кыскасы, Көл кылаасында ала качуудан чырактай өмүрүнөн ажырагандар жана жүрөгүндө так калган кыздар ондоп саналат. Жыл сайын ушул айда "Кызыл жарым ай" коому тарабынан кыз ала качууга каршы иш-чаралар өткөрүлөт. Ушунун баары кийинкилерге сабак болор бекен?


Ала качуудан дагы бир өмүр кыйылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG