Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Тамеки тарткан кыздардын саны өсүп жатат


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жылына 5 миллионго жакын адам тамеки тартуудан ар кандай ооруларга дуушар болуп каза табышат.

Адистер Кыргызстанда акыркы жылдары жаштардын арасында, алардын ичинде тамеки тарткан кыздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөнүн айтышат.

Дарыгерлер тамекиге көз карандуулукту өнөкөт дарт катары эсептешет. Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, учурда шаардыктардын ичинен айымдар жана эркектер, ал эми айыл жергесинде эркектердин көпчүлүгү тамеки тартышат. Өспүрүмдөрдүн 20 пайызы тамеки жана насвай колдонушат.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулар боюнча бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев мындай көрүнүш элдин көпчүлүгүн ар түрдүү ооруларга алып келээрин айтат:

- Биз азыр абдан жаман абалга келдик. Анткени бизде тамеки чеккен адамдардын саны чекпеген адамдардан көбөйүп кетти. Тамеки тартуу жүрөк, өпкө, рак, кан тамыр, тиш, ашказан, мээ ооруларына, ошондой эле кант диабетине жана башка көптөгөн дарттарга алып келет.

2006-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзамында коомдук жайларда тамеки тартууга жана тамекини жарнамалоого тыюу салынган. Бирок ага карабастан көчөдө, кафе-ресторандарда ачык тамеки тарткандарды байкоого болот.

Медицина академиясынын ассистенти, тамекиге көз карандуулукту дарылоо боюнча дарыгер Асел Боржубаеванын айтымында, ар бир экинчи эркек ушу тапта тамекиден көз каранды:

- Эркектердин арасында 45 пайызы, же ар бир экинчиси тамеки тартышат. Аялдардын арасында болсо 5 пайызга чейин. Бирок алардын саны өсүп жатат. Бул көрүнүштү алдын алууда мектептерде, жогорку окуу жайларда ар түрдүү окууларды өткөрүш керек. Анткени статистикага ылайык, көпчүлүк өспүрүмдөр мектепте окуп жүргөндө биринчи жолу тамекини тартып көрүшөт, кийин ага көз каранды болуп калышат.

Асел Боржубаеванын маалыматы боюнча, айымдардын 5 пайыздайы тамеки тартат. Ал эми Талант Сооронбаевдин айтымында, жаштардын арасында тамеки тарткан кыздардын саны да өсүүдө:

- Изилдөө иштердин натыйжасында, жаш кыздардын жана балдардын арасында тамеки тарткандардын саны теңелип баратат. Демек 20-30 жылдан кийин аялдар менен эркектердин саны бирдей болот деген белги.

Өмүр ансыз да кыска

Бишкек шаарынын тургуну Асел 22 жашта. Ал 11-класста биринчи жолу тамекини тартканын айтат. Азыр Асел күнүнө 9-10 даана тамеки тартат:

- Мен биринчи жолу 11-класста тамеки тарткам. Ал кезде кыздардын көпчүлүгү тартчу, аларды көрүп, кызыгып, азыркыга чейин тартып жүрөм. Тамеки ден соолукка зыян экенин билем, бирок организмим талап кылгандыктан таштай албай калдым. Тамеки тартканымды үйдөгүлөр билбейт, сейилдеп келейин, же дос кыздарыма барып келейин деп чыгып тамеки тартып келем. Эми таштай аламбы, билбейм. Бул тууралуу ойлоно элекмин.
Тамекинин курамында уулу заттар көп. Андан адамдын жабыркабаган бир дагы мүчөсү болбойт.

Дарыгер Талант Сооронбаев тамекиге көз карандуулуктан адамдардын ишке жарактуу учурунда каза тапкандар көп болуп жатканын айтат:

- Адамдын өмүрүн тамеки чегүү 10 жылдан 40-50 жылга чейин кыскартат. Тамеки тартып жүрүп рак оорусуна учурап 20-30 жашта каза болгондор бар. 50 жашка чейин каза тапкан адамдардын саны өтө көп. Бул адамдын иштеп, пайда келтире турган маалы да.

Ушу тапта жаштардын арасында насыбай колдонгондордун да саны аз эмес. Асел Боржубаева насыбайдын зыяндуулугуна мындайча токтолот:

- Насыбай колдонгондор биринчи кезекте ооздун рагына кабылышы мүмкүн. Ошондой эле ашказан, ичеги карын жана жүрөк ооруларына дуушар болушат. Насыбайдын курамында ар түрдүү ден соолукка зыян алып келчү заттар көп. Муну да тамекидей эле чоң маселелердин бири катары карашыбыз керек.

Окумуштуулардын изилдөөсүндө, тамеки чегүүдөн ар бир 10 секундда бир адам өлүмгө дуушар болот. Тамеки тартуу генофондго терс таасирин тийгизет. Асел Боржубаева тамекини таштагысы келгендердин айрымдары ооруканага жатып даарыланышаарын айтып, тамекиге көз каранды болуп, бирок үй шартында таштагысы келгендерге мындай кеңешин берет:

- Тамекини таштап аткан адам тамекинин зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды көп окушу керек. Андан кийин бир күндү тандап алып, үйдө, же чөнтөгүндө болгон тамекини, тамекинин гүлүн түшүрүүчү идишти таштандыга ыргытуу зарыл. Үйдө бир дагы тамеки калтырбаңыз.

Тамекини таштаган биринчи айда спирт ичимдиктерин, же тамекини колдонгон топторго кошулбаганга аракеттенүүгө туура келет. Ошондой эле стресске учураганда адам өзүн-өзү текшериши керек, тамекини кайра тартып албаганга эрки жетеби, жетпейби. Көптөрү бир аз проблема болсо тамекини кайра тартып алышат. Ар бир адам мындай учурда тамеки маселени чечпээрин түшүнүшү керек.

XS
SM
MD
LG