Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Картанов: Өспүрүмдөр кылмышка өтө көп аралашууда


ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын ага инспектору Мүзүрбек Картанов өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Быйыл өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук 39 пайызга өсүп кеткени айтылды. Мунун башкы себептери эмнеде?

Мүзүрбек Картанов: Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 39 пайызга көбөйдү деген маалымат 2007-жылга салыштырмалуу айтылган. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 12,9 пайызга өскөн. Өспүрүмдөр кылмыштуулугу орчундуу маселеге айланды.

Ар бир окуу жылдын башында биздин министрлик, ошондой эле Билим берүү, илим министрлиги жана Жаштар иштери боюнча министрлик менен бирге үч тараптуу иш-аракеттер жүрүп жатат.

Быйыл сегиз айдын ичинде өспүрүмдөр арасында опузалап тоноо боюнча 56 факт аныкталып, анын ичинен 24 факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп соттун кароосуна жөнөтүлдү. ЕККУнун жардамы менен мектептердеги рэкетчиликти тыюу максатында 5 миңге жакын көрсөтмө курал чыгарылып мугалимдерге, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлорго таркатылып берилген.
Азыркы күндө өспүрүмдөрдүн милицияга болгон ишеними артып жатат. Ошонун негизинде бизге көбүрөөк кайрылып, опузалап акча өндүргөн факттар көп ачылып, катталып жатат.

“Азаттык”: Ошол көрсөтмө куралда мектеп рэкетчилигин азайтуу боюнча кандай конкреттүү чаралар көрсөтүлгөн?

Картанов: Өспүрүмдөр арасындагы рэкет түшүнүгү, анын түрлөрү берлиген. Аны болтурбоо үчүн кандай иш-чаралар алып баруу керектиги, кандай темадагы дарстар окулушу керек деген маалыматтар камтылган.

“Азаттык”: Орусиядан эксперттер келип, мектеп рэкетчилиги боюнча окуучуларга, мугалимдерге тренинг өтүшөт экен. Алар эмнени үйрөтүшөт? Орусиянын тажрыйбасы Кыргызстанга жарамдуу болобу?

Картанов: Эми алардан деле үйрөнө турган нерселер бар. Тажрыйба алмашса болот.

“Азаттык”: Былтыр, быйыл жазында мектеп рэкетчилигине байланыштуу бир топ чуулгандуу окуялар катталды эле. Адатта опузалап, акча өндүрмөйдүн курмандыгы болгон балдар үйдөгүлөргө айтпай жүрө беришет дешет. Өспүрүмдөр менен иштеген ага инспектор катары бул жаатта кандай кеңеш бересиз?

Картанов: Мен буга чейин айтпадымбы, үч министрлик чогуу иш алып баруу боюнча буйрук кабыл алынган. Ошонун негизинде ар бир мектепте ишеним жашиктери орнотулган. Эгер бала милицияга кайрылуудан тартынса, же мугалимге айткысы келбесе, ошол жерге өзүнүн дооматтарын жазып, таштап койсо, аны комиссия ачып, ал дооматтарды карап чыгып, ошого жараша иш жүргүзүлөт.
Быйыл сегиз айдын ичинде өспүрүмдөр арасында опузалап тоноо боюнча 56 факт аныкталып, анын ичинен 24 факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Экинчиден, эки жылдан бери мугалимдер менен чогуу иштеп жатабыз. Азыркы күндө өспүрүмдөрдүн милицияга болгон ишеними артып жатат. Ошонун негизинде бизге көбүрөөк кайрылып, опузалап акча өндүргөн факттар көп ачылып, катталып жатат.

“Азаттык”: Ювеналдык юстиция тууралуу көп сөз болуп жатат. Кылмышка барган балдарды абакка камабай, аларды оңдоонун жолдорун издөө керек дешет. Ушул тууралуу айтып бересизби?

Картанов: Мунун оң жактары да бар. Азыркы күндө биздин негизги милдетибиз кылмыштуулукту алдын алуу болуп жатат. Ошондуктан биз бейөкмөт уюмдар менен биргеликте балдарды убактылуу кармоочу жайларга, абактарга экскурсияга алып барып, кылмыштын кесепеттерин айтып берип, оюн-зоок уюштуруп, спорттук мелдештерди өткөрүп жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG