Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Рахмат айтуунун бөтөнчө жолу


Кыргызстанда интернет жамааттар президент Роза Отунбаева президенттик орунду тынч жана шайлоо жолу менен өткөрүп берип жатканына ыраазычылыгын бөтөнчө жол менен билдиришти.

Алар Бишкекте “Розага розалар” деген аталышта иш-чара уюштуруп, президенттик аппараттын имаратынын алдына жалаң роза гүлдөрдөн “Рахмат” деген сөздү жазышты.

Жылдыз бул акцияга алгачкылардан болуп келген. Ал акция тууралуу интернеттеги “Фейсбук” социалдык тармагынан окуп, дароо эле колдоону чечкен.

Көрсө ал жалгыз эмес экен, Жылдыздай болгон бир топ жаштар жумуштан суранып, чуркап келишиптир. Мындай ыраазылык иш-чараны уюштуруу демилгеси капыстан эле жаралып калганы тууралуу жаш активист Сергей Макаров айтып берди:

- Акцияны уюштуруу демилгеси кокустан эле жаралып калды. Интернетте азыркы президент Роза Отунбаеванын жакында ыйгарым укуктарын өткөрүп берери талкууга алынып, анын жасаган иштери жөнүндө жакшы ой-пикирлер айтылды. Мына ошондон улам ушундай акция уюштуруп, жөн гана рахматыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдирип койолу деген ой жаралды.

Бул идея көптөгөн жаштардын сезимин козгогон белем, жаштар кыймылдары дароо колдошкон экен. Кыргызстандагы саясатчылар Роза Отунбаевадан жакшы салттарды үйрөнүүгө тийиш дейт “Ак өргө” жаштар тобунун өкүлү Нурдин Конокбаев:

- Мисалы, туугандарын бийликке алып келбегени, кийлигиштирбегени, жөнөкөй рейстик учактар менен жүргөнү. Биз президентибизди сыйлайбыз жана рахмат айтабыз.

25-апрель, 2009-жыл, Элдик курултай
25-апрель, 2009-жыл, Элдик курултай
Роза Отунбаева Советтик Союз учурунда Кыргыз ССРнин тышкы иштер министри, Министрлер Советинин Төрага болуп иштеген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин АКШ жана Канададагы биринчи Атайын жана айгарым укуктуу элчисинин кызматын аркалаган.

Кийин Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Грузияда грузин-абхаз жаңжалын жөнгө салуу боюнча элчиси милдетин аткарган.

Акаевдин авторитардык бийлигине тайманбай каршы туруп, 2005-жылдагы жоогазын ыңкылабынын алдыңкы сабында турган. Кийин Бакиевдин бийлигинин тушунда бир аз убакыт тышкы иштер министри болуп иштеп, кайрадан оппозицияга кеткен.

2010-жылдын апрель айындагы ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттү башкарып калган. Ошол эле жылдын июль айынан тарта президент болуп шайланган.

Роза Отунбаева бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азия боюнча президенттик кызматты шайлоо жана тынч жол менен өткөрүп берген алгачкы президент болуп калат. Бул ниетин ал "Азаттыкка" курган маегинде тастыктаган эле.

Отунбаева акциянын катышуучулары менен жолугушуу маалында
Отунбаева акциянын катышуучулары менен жолугушуу маалында
- Бийликти мыйзам ченемдүү, тынчтык түрдө утуп келген адамга бериш керек. Муну көзү менен көрүп, сезип, ошону түшүнүп, бийлик сага атаңдан калган нерсе эмес, эл сага бийликтин баарын колуңа чогултуп берет экен, туура, адилеттүү башкар дейт экен. Мисалы, Орусияда Ельцин бийликти тапшырып кетпеди беле. Кыргызстанда ушундай болуп калсын деген мааниде берип атам.

Роза Отунбаевага ыраазылык иш-чарасы аба ырайынын чыкыроон тартканына карабастан бүгүн кечке уланды. Роза гүлүнөн куралган “Рахмат” деген жазуунун үстүнө көптөгөн адамдар гүл коюп кетип жатышты. Кечке маал президент Роза Отунбаева акция өтүп жаткан жерге барып, катышуучулар менен жолукту.

Мамлекет башчысы уюштуруучуларга жана акциянын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.


XS
SM
MD
LG