Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

ТИМ: Йеменден кыргызстандыктар чыгарылат


Йемендеги козголоңчуларга Сауд Арабия баштаган коалиция абадан сокку урууну улантууда.
Йемендеги козголоңчуларга Сауд Арабия баштаган коалиция абадан сокку урууну улантууда.

Йемендеги окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги ал жактагы кыргыз жарандарын чыгарып кетүү аракеттерин көрө баштады.

Исраилов: Йемендеги кыргыз доктурлары аман

Йеменде болжол менен 50гө жетпеген кыргыз жарандары бар. Алардын көбү ошол жакта иштеген медицина кызматкерлери. Бул өлкөдө жети жылдан бери жашаган хирург Нурбек Исраилов “Азаттыкка” учурдагы кырдаал боюнча маек курду.

"Азаттык": Нурбек мырза, азыр Йеменде кырдаал оор болуп турат. Шиит козголоңчулары менен өкмөттүк күчтөр кагылышып, көп өлкөлөр өз жарандарын чыгарып кетүүдө. Сиз Йемендин кайсы аймагында турасыз? Жаңжал жүрүп жаткан Аден шаары сиз жашаган жерге жакынбы?

Нурбек Исраилов: Биз Йемендин түштүгүндөбүз, Сайвон деген шаардын жанында турабыз. Биз жакта баары тынч. Интернеттен, телевизордон кырдаалга көз салып атабыз. Уруш жүрүп жаткан Аден шаары 700-800 чакырым алыс. Биз жашаган аймакта сунниттер көп, шииттер аз эле.

Сана шаары, Йемен. 30-март, 2015-жыл.
Сана шаары, Йемен. 30-март, 2015-жыл.

"Азаттык": Йемендиктердин өздөрү, силердин тааныштар, кошуналарыңар бул тууралуу эмне деп жатышат? Жалпы элде кооптонуу барбы?

Нурбек Исраилов: Кошуна-колоң коркпогула деп атышат. Йемендин түндүгүндөгү кыргыз врачтар менен телефон аркылуу байланыштык. Алар деле тынч экенин айтышууда. Негизи медицина кызматкерлери өз ишин улантууда. Йемендин түштүгүндө мен билгенден жыйырмадай кыргыз догдур бар. Ал эми түндүгүндө иштеп жаткандардын так санын билбейм. Ал жакта негизинен өзбек жана тажик врачтар иштейт.

"Азаттык": Жергиликтүүлөр жаңжалдын тутанышынын себебин эмнеден көрүп жатышат? Сиздин оюңуз боюнча өлкөдөгү согуштун чыгышына эмне түрткү болду?

Нурбек Исраилов: Буга негизинен жашоо-шарты эле түрткү болуп жатат деп ойлойм. Өкмөткө деле ыраазы болгондорду көргөн жокмун, мурдагы президентке деле нааразы болуп келишкен. Азыркысына деле нааразы. Йеменде жумушсуздук абдан күч. Ошондой эле шииттердин жана сунниттердин ортосундагы карама-карышлык бар. Биз жашаган түштүгүндө да шииттер менен сунниттер бири-бирин аябай эле жаман көрүшөт.

"Азаттык": Сиздин Йеменге барганыңызга канча жыл болду? Ал жакта кыргыз дарыгерлерин кандай кабыл алышат?

Нурбек Исраилов: Менин келгениме жети жыл болду. Жергиликтүү ооруканада хирург болуп иштейм. Кыргыз дарыгерлерин аябай жакшы кабыл алышат. Бул жакта жубайым менен турам. Балдарым Кыргызстанда. Айлыгыбыз жакшы. Биз келгени бир жолу ушундай төңкөрүш болуп, бийлик алмашты. Анда деле биз жакта тынч болгон. Кудай сактасын.

Йемендеги кыргызстандыктарга жардам берилет

Йеменде Кыргызстандын расмий өкүлчүлүгү жок болгондуктан, бул жаатта Сауд Арабиядагы элчилик иш жүргүзүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Йемендеги кыргызстандыктарды ал жактан чыгарып кетүү аракеттери качан башталды?

Сыдыков: Йемендеги окуялар курчугандан кийин министрлик ыкчам байланыш уюштуруп, жумушчу топ түздү. Ал жактагы кырдаал биздин жарандарга зыян келтирбесин деген максатта алдын алуу чараларын көрүп жатабыз. Йеменде биздин расмий өкүлчүлүгүбүз жок. Аталган өлкөгө географиялык жактан жакын жайгашкан Сауд Арабиядагы элчилигибиз зарыл жумуштарды аткарууда.

Сана, Йемен. 30-март, 2015-жыл
Сана, Йемен. 30-март, 2015-жыл

Соңку маалыматтар боюнча Йеменде 16 кыргыз жараны бар. Алардын бирөө кооптуу деп эсептелген Сана шаарында. Аял киши экен. Иштөө максатында барганын айтты. Ал шаардан алып чыгып кетүүнү суранган. Азырынча чыгарып кетүү мүмкүн болгон жок, жумуш уланууда. Калган 15 жараныбыз борбор калаадан 500-600 чакырым алыстагы провинцияларда турушат. Азырынча алар жардамга муктаж эместиктерин билдиришти. (Бейрасмий маалыматтар боюнча Йеменде 50гө чамалуу кыргызстандык бар - ред.).

Биздеги маалыматтар боюнча алар иштегени барышкан. Элчилик маалыматтарды топтоону улантууда. Бардык кыргыз жарандары менен байланышты үзбөгөнгө аракет кылып жатабыз. Ишеним телефонунун Бишкектеги номери +996 312 66 08 11, кошумча номур 107. Ал эми Сауд Арабияда +966 547 491 812.

“Азаттык”: Йемендеги кыргызстандыктар менен байланышууда кыйынчылыктар болушу керек, кантсе да жагдай кооптуу болуп турат эмеспи?

Сыдыков: Албетте, кыйынчылыктар бар. Бул үчүн Сауд Арабиянын Йемендеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланышып, алардын жардамына да таянып жатабыз.

“Азаттык”: Сана шаарындагы жараныбызды жакын арада алып чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Сыдыков: Аракет болуп жатат. Жакын арада бул жаатта кошумча маалымат беребиз. Кандай болгон күндө да Йемендеги кыргыз жарандарына бардык зарыл жардамдар берилет.

P.S.: Учурда Йеменде өкмөттүк күчтөр менен хусит эрегишчилери ортосунда айыгышкан согуш жүрүүдө. ​26-марттан бери Сауд Арабия баштаган коалиция хуситтерге каршы абадан сокку ура баштады.

Бейрасмий маалымат боюнча, Йеменде болжол менен 50гө жетпеген кыргыз жараны бар. Алардын көбү ошол жакта иштеген медицина кызматкерлери.​

XS
SM
MD
LG