Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ала-Тоодон Лондонго аттанышты


16-июлда президент Алмазбек Атамбаев олимпиадачыларды кабыл алып, кыргыз туусун балбан Данияр Көбөновго тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Лондон олимпиадасына аттанып жаткан спортчулар өтө жооптуу мелдешке баратканын белгилеп, аларга жеңиш каалады:

- Биз сиздерди алыскы жолго, жоопкерчиликтүү сапарга узатып отурабыз. Силер ХХХ олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын коргойсуңар. Эң жогорку мелдештерде жогорку чеберчилигиңерди көрсөтө аласыңар деп ойлойм. Кыргызстандын спортчулары дүйнөнү таң калтырган учурлары аз эмес.

Сиздер, кыргыз спортунун алдыңкы лидерлери олимпиада чемпиондору Каныбек Осмоналиевдин, Александр Мелентьевдин, Татьяна Колпакованын жолун татыктуу улантасыңар деп ишенем.

Биз, кыргызстандыктар, олимпиадалык курама команданын мүчөлөрү жогорку ийгиликтерге жетиш үчүн колунан келген бардык аракетин жасайт деп ойлойбуз. Билебиз, силерге оңой болбойт. Олимпиадада атаандаштар да абдан күчтүү болот. Бирок сиздер Кыргызстандын туусун Олимпиадада бийик көтөрөсүңөр деп ишенебиз. Жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болуп, жеңиш менен кайткыла!


Президент Алмазбек Атамбаев олимпиадалык команданын капитаны, грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Данияр Көбөновго тууну тапшырды.

Данияр Көбөнов кыргыз туусун алуу жоопкерчиликти арттырып, Лондондо алтын медаль утуп, олимпиада чемпиону болууга милдеттендирерин “Азаттыкка” билдирди.

Балбан Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасынын грек-рим күрөш таймашына 3-августта катыша тургандыктан Лондон олимпиадасынын ачылыш аземинде кыргыз туусун оор атлетчи Бекзат Осмоналиев көтөрүп чыкмай болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаев “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтты:

- Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанатында кыргыз туусун көтөрүп чыкпайт. Себеби грек-рим күрөштөрү 3-4-августта болот. Данияр Лондонго эрте барса, табын жоготуп алышы мүмкүн дешет улук устаты. Ошондуктан олимпиаданын ачылыш салтанатында кыргыз туусун оор атлетчи Бекзат Осмоналиев көтөрүп чыкмай болду.

Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчуларды узатуу салтанатында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев учур талабына ылайык спорт имараттарын салып, спортчуларга шарт түзүп берүү керектигин белгиледи.

Кыргыз өкмөтү Лондон олимпиадасындагы спортчулардын жеңиши үчүн акчалай сыйлыктардын өлчөмүн бекиткен. Алтын медаль утуп, чемпион болгон спортчуга 200 миң доллар сыйлык ыйгарылат. Күмүш байгеге 150 миң доллар белгиленди. Лондон олимпиадасында үчүнчү орунду камсыз кылган спортчу 100 миң доллар менен сыйланат.

Олимпиадада 8-орунга чейин упай берилип, байгелүү деп саналат. Ошондуктан кыргыз өкмөтү 4-орундан 8-орунга чейин да акчалай сыйлыктарды чектеди. Төртүнчүгө 35 миң, бешинчиге 30 миң, алтынчы орунга 25 миң, жетинчиге 20 миң жана сегизинчи орун үчүн 15 миң доллар сыйлык катары ыйгарылат. Лондон олимпиадасында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчунун башкы устаты сыйлыктын өлчөмүнүн 70 пайызына, жеке машыктыруучусу 50 пайызды өзүнчө алышат.

2008-жылдагы Бээжин олимпиадалык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылган: күмүш медаль үчүн балбан Канат Бегалиевге 100 миң доллар жана "Жип" үлгүсүндөгү машине, 3-орун үчүн Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар жана "Жип" үлгүсүндөгү автоаргымак ыйгарылган.

Жолугушууда премьер-министр Өмүрбек Бабанов 27-июлда Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанатына катышары да айтылды. Өкмөт башчысын жардамчысы, эки жан сакчысы жана үй-бүлө мүчөлөрү коштоп барат.

Кыргызстандын олимпиадалык расмий делегациясы 36 адамдан турат. Алардын 14ү жолдомо алган спортчулар болсо, он бир машыктыруучу, калганы спорт жетекчилери, догдурлар жана башка адистер.

Олимпиадалык делегациянын чыгымдары 4,5 млн. сомду түзөт.

Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанаты 27-июлда өтөт, ал эми олимпиадалык таймашуулар 12-августка чейин уланат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG