Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Олимпиадага кимдер баратат?


2012-жылы Лондон шаарында болчу жайкы олимпиадага кыргызстандык спортчулардан үчөө гана олимпиадага жолдомо алышты.

Лондон олимпиадасына саналуу гана айлар калды. Спорт күйөрмандары күткөндөй грек-рим, эрки күрөш, бокс, оор атлетика, ок атуу жана башка спорт түрлөрүнөн кыргызстандыктар Лондон олимпиадасына жолдомо алыша элек.

Ошентсе да быйыл үч спортчу олимпиадага жолдомо алышканын, бирок расмий документтери колдоруна тие электигин Дене тарбия, спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Марафончу Юлия Архипова

Лондон олимпиадасына биринчи жолдомону жөө күлүк Юлия Архипова алды. Өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, Юлия Архипова мурда орто аралыкка чуркаса, 2008-жылы Бээжин олимпиадасында марафондук жарышка катышкан.

Бишкектин тургуну, спорт чебери Юлия Архипова 27 жашта. Ал орто аралыктарга чуркоодо өлкөнүн көп жолку чемпиону. Эл аралык турнирлерде бир нече ирет мөрөй алган.

2007-жылы Франкфурт шаарында өткөн эл аралык марафондук жарышта марага 2 саат 34 мүнөттө келип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алган.

2008-жылы Бээжиндеги олимпиаданын марафондук мелдешине катышып, бирок ийгилик жарата алган эмес.

Лондон олимпиадасынын жолдомо ээси, марафончу Юлия Архипова учурда Чолпон-Ата шаарында машыгып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Быйыл АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн марафондук жарышта 42 км. 195 метр аралыкты 2 саат, 33 мүнөт, 55 секундда чуркап өтүп, 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алдым. Учурда Ысык-Көлдө машыгып жатам. 42 км. аралыкка чуркоо үчүн күч-кубат, кайрат, чыдамкайлык керек. Сатымкул Жуманазаров агайдай олимпиадалык оюндарды мөрөй алсам дейм.

Дзю-дочу Чыңгыз Мамедов

Кыргызстандык дзю-до чебери Чыңгыз Мамедов 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиаданын экинчи жолдомосуна ээ болду. Дзю-до федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов:

- Жолдомого ээ болгондордун ичинде 90 кило салмактагы Чыңгыз Мамедов да бар. Лондонго жолдомо алууга Ислам Баялинов (66 кг чейин), Азат Кубакаев (73 кг чейин), Алимбек Жусупов (81 кг чейин) жана Юрий Краковецкийдин да (100 кг жогору) толук мүмкүнчүлүгү бар.

Бишкек шаарынын тургуну, спорт чебери Чыңгыз Мамедов 23 жашта, Казакстандын Чу шаарында туулган. Дзю-до менен 12 жашынан бери машыгат. 2007-жылы Азия чемпионатында 5-орунга илинген.

2011-жылы Румынияда өткөн дзю-до боюнча дүйнөлүк кубокто Мамедов коло медалды жеңип алган. Ал 90 кг. салмакта күч сынашып жүрөт.

Мамедовдун айтымында, Лондон олимпиадасына чейин дагы эл аралык 5-6 мелдешке катышуу керек, анан гана жолдомо колуна тиет:

- Олимпиадалык оюндарда ар бир салмак боюнча дүйнөдөн тандалган 22 эң мыкты дзю-до чебери күч сынашат. Лондон олимпиадасына чейин дагы 5-6 турнирге катышуум керек. Ошол мелдештерде дагы керектүү упай топтоом зарыл. Өз салмагымда Азиядагы мыкты балбандардын сабында 5-орундамын. Эгерде мелдештерге катышпай калсам, жолдомону алып да коюшу ыктымал. Ийгиликке жетүү үчүн машыгуу, такшалуу керек.

Мамедов бир жылдан ашуун убакыт Париждеги дүйнөлүк дзю-до академиясынан билим алып, мыкты жигиттер менен бирге машыкты.

Таэквондочу Расул Абдураим

Жакында эле таэквандонун WTF версиясы боюнча 80 килограмм салмактагы Расул Абдураим 2012-жылы Лондон олимпиадасына катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Кыргызстандын Таэквандо ассоциациясынын жооптуу катчысы Ирина Слотинанын “Азаттыкка” кабарлашынча, Расул Абдураим 26-27-ноябрда Таиланддын Бангкок шаарында олимпиадага жолдомо берүү үчүн уюштурулган турнирде үчүнчү орунду алды. Ушул коло байге менен кошо Лондон олимпиадасына жолдомо алуу укугуна ээ болду.

Расул Абдураим Таиланддагы мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, Лондон олимпиадасында негизги атаандаштары америкалык, кореялык балбандар болорун “Азаттыкка” маалымдады:

- Түштүк Кореянын борбору Сеулда үч ай машыктым. Ал эми Бангкоктогу мелдеш курч мүнөздө өттү. Жарым финалда жаракат алып калдым. Ошондой болсо да коло байге менен бирге Лондон олимпиадасына жолум ачылды. Лондондо ийгиликке жетүү үчүн талбай магышуум керек. Негизги атаандаштарым кореялык, америкалык болот.

23 жаштагы Расул Абдураимдин улуту уйгур. Ал өлкөнүн көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2008-жылы да Азиялык олимпиадалык иргөө мелдешинде 1-орунду ээлеп, Бээжин олимпиадасына жолун ачкан. Бээжин олимпиадасында алгачкы атаандашынан утулуп, мелдештен четтеп калган. Учурда Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде 4-курста окуйт.

2012-жылдын 27-июлунан 12-августуна чейин Лондондо отузунчу жайкы олимпиада оюндары өтөт.

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн жайкы олимпиадага эгемен өлкө катары Кыргызстан алгач ирет катышкан. Атланта олимпиадасына 33 спортчу жолдомо алып, Кыргыз туусун ачылыш аземде маркум Раатбек Санатбаев көтөрүп чыккан.

2000-жылы Сиднейде дзю-дочу Айдың Смагулов алгачкы коло байге уткан. 2008-жылы Бээжиндеги олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медаль жеңип алышкан.
XS
SM
MD
LG