Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстан карыз үчүн эгемендикти карматабы?


Москва
Москва

Кыргызстан "космостук дан" өстүрөт деп жазат “Российская газета”.

Космостун тамагы Кыргызстанда өсөт

"Кыргызстанда космонавттардын тамак-ашында колдонулуучу киноа данын өстүрүү боюнча долбоор ишке кирди. Анын башкы демилгечиси - Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму.

Киноа – белок менен протеинге бай, адамдын организмин аш болумдуу бардык аминокислоталар менен камсыздоочу дан өсүмдүгү. Анда магний, фосфор, калий жана Е витамини бар.

Эл аралык космостук станцияда текшерүүдөн өтүп, космос шартындагы эң мыкты азык катары бааланган. Алгач киноа данын индеецтер үч миң жыл мурун тамакка колдоно баштаган" деп жазат "Российская газета"

Өткөн жылы киноа даны Кыргызстандын төрт облусунда тажрыйба иретинде өстүрүлгөн. Быйыл болсо Перудан алынып келген анын жаңы сорттору Чүй өрөөнүндө жана өлкөнүн башка тоолуу эмес аймактарында өстүрүлмөкчү. Тоолуу өлкөгө ылайыктуу мыкты сорттору республика боюнча өстүрүлөт.

Евразиядагы троян аты

“Независимая газета” басылмасы “Кыргызстан - Евразиядагы интеграциянын троян аты” деп жазат. Кыргыз премьеринин жана өкмөттүн кызматтан чегиниши республикадагы кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн деген ой айтылат макалада.

Ошону менен катар эле Жоомарт Оторбаевдин премьерликтен кетиши күтүүсүз нерсе эмес экени белгиленет. Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселеде депутаттар менен көз караштары дал келишпегендиктен премьер кызматтан кетери мурунтан эле айтылып келген. Эми парламенттеги башкаруучу коалиция премьерликке бирдиктүү талапкерди тез арада таппаса, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши белгисиз убакытка жылдырылат деп болжолдойт “Независимая газета”.

Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев Оторбаевдин кызматтан кетүүсүн Бишкектин Ак үйүндөгү Евразиялык интеграцияга жана Орусияга каршы долбоор деп баалаган. Ал Кыргызстанды троян аты менен салыштырып, жаңы премьер деле Евразиялык интеграцияга керектүү келишимдерге кол коюуга жетишет деп божомолдойт. Бирок мындай учурда жаңы премьер кийин келишимдердеги милдеттерден баш тартуусу мүмкүн деп эскертет Князев.

Дагы бир эксперт, Перспективдүү изилдөөлөр борборунун жетекчиси Сергей Масаулов премьердин жана өкмөттүн отставкасын Кыргызстандагы абалды өз нугунан чыгаруу максатында жасалган “көздөгөнү бузук эл аралык долбоор” деп сындайт.

Учурда жаңы биримдикке кирүүдө айрым маселелер боюнча келишпестиктер болуп жатканы дагы айтылат макалада. Өткөн жумада Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинде Кыргызстан Евразия биримдигине улуттук кызыкчылыктар сакталганда гана кирерин так айткан. Биринчиси - расмий Бишкек кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн инфраструктуралык долбоорлорунун негизинде Кыргызстанга келчү товарларга бажы салыгындагы жеңилдиктерди сактап калууга аракет кылууда. Экинчиси - Кыргызстан ветеринардык көзөмөлдү өзү жүргүзгөндөн кийин анын үстүнөн кошумча аудит болот деген жобого каршы болууда.

Сирияга арбаган акча

“Ислам мамлекети” согушчандар тобу Борбор Азияда жактоочуларды табууда деп жазат “ЦентральнаяАзия.ру” интернет басылмасы. Анда социалдык-экономикалык көйгөйлөргө жана жаңжалдарга жык толгон Фергана өрөөнү “Ислам мамлекети” радикал тобун желдеттер менен камсыздоодо деп айтылат. Бул өрөөндө Кыргызстандын үч облусу жайгашкан. Азыр эле террорчулардын катарында согушуп жүргөн жарандардын саны боюнча Ош облусу башка облустарга салыштырмалуу алдыда экендиги айтылат.

Ар кандай маалыматтар боюнча учурда “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин тарабында Борбор Азиядан 4 миңге жакын жаран согушууда. Карапайым адамдардын үйлөрүн таштап, Сирияга кетип жаткандыгына экономикалык кыйынчылыктар, улуттук валюталардын курсунун кескин түшүшү түрткү болууда. Орус рублинин куну качканы жана миграциялык мыйзамдардын күчөшү да терс таасирин тийгизүүдө.

Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын маалыматы боюнча Орусияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын 4 миллионго жакын жараны иштейт. “Жеңил акча табуу” үчүн булардын бир бөлүгү Сирияга кетиши мүмкүн деп баса белгиленет макалада.

Азыр Фергана өрөөнүнөн чыккан бир миңге жакын адам, анын ичинен 500 кыргызстандык “Ислам мамлекети” радикал тобунун тарабында согушуп жүргөнү айтылат. Мындай жолго түрткөн башкы экономикалык себептерден тышкары Кыргызстанда акыркы убакта исламдашуунун күч алышы айтылат. Кыргызстанга социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө чоң өзгөрүүлөр үчүн саясий стабилдүүлүк керек, саясий туруксуздуулуктан ансыз да терроризм менен күрөшкөн атайын кызматтары аябай алсызданды – деп жазат “ЦентральнаяАзия.ру” интернет басылмасы.

"Орус агага" жагалдануу

Кыргызстан Орусиядан алган карызды өлкөнүн тагдыры жана анын суверендүүлүгү менен төлөп жатат деп жазат “ЦентральнаяАзия.ру” интернет басылмасы.

Эгемендүү Кыргызстандын 24 жылдык тарыхында өлкө Орусиянын жардамы менен гана экономикалык коллапска жана саясий депрессияга туш болбой жашап келгени айтылат макалада. Азыр Кыргызстан суверендүүлүгүн кымбатыраак сатуу үчүн ары-бери чуркап жатат.

"Америкалыктардан “Манас” авиабазасы үчүн алынган акча түгөнүп баратат. Москва болсо Кыргыз Республикасындагы оор экономикалык абалды оңой колдонуп, өзүнүн таасирин эки эсе күчөтүүгө өттү. Жакырчылыкка туш болгон Кыргызстан жада калса бул жылдын январында БУУнун Башкы ассамблеясынын 69-сессиясында 6 миң 731 доллар мүчөлүк акы төлөй албай, добуш берүү укугунан ажыраган" деп айтылат макалада.

Ошол эле учурда өлкө үчүн стратегиялык мааниси зор “Кыргызгаз” ишканасы орусиялык “Газпромго” 1 долларга сатылып кеткени кемсинтүү деп белгиленет. Кыргызстан армиясын толук каржылай албай калгандыктан, Орусия бул милдеттерди толук өзүнө алды. Аскердик курал-жабдыктан тарта жоокерлердин кийимине чейин Орусия каржылоодо делет макалада.

Москвага жагынуу аракетинде Кыргызстан өлкөнүн өнүгүүсүнө зарыл башка мамлекеттер менен ишке ашырчу долбоорлорун четке кагып жатканы айтылат. Мисалы, Азербайжан менен мунайзат өндүрүүчү ишкананы куруу, Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору “Орус агасына” жакпагандыктан токтотулган.

Эми Евразия экономикалык биримдигине киргенде Орусиянын “сунушу” боюнча союздун экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргызстан чек арасындагы айрым өткөрүүчү бекеттерди жабат. Жакында атактуу “Битлз” тобунун “СССРге кайтуу” деген ыры өлкөнүн жаңы гимни болуп калышы мүмкүн деген ой айтылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG