Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:56

Журтташтар

“Атам Skype аркылуу батасын берди…”

Сыртта жүргөн кыргызстандык жаштар үйлөнүү үчүн атайын Кыргызстанга барып көп чыгым болбой эле өздөрү жашаган шаарда чакан үлпөт той өткөрүп, баш кошуп жатышат.

Бишкекте 2011-жылдын 7-майында 20 түгөйдүн тою бир күндө өткөн.
Текст көлөмү - +
Интернеттеги "Фейсбук" барагы аркылуу чет өлкөдөгү журтташтардан үйлөнүү тойлору тууралуу сураганыбызда бир топ жооптор келди. Америка, Германия, Италия, Орусия, айтор чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жаштардын арасында бири-бирине баш кошуп, сарамжалдуу той кылгандар саны абдан көп экен.

“Азаттыктын” Германиядагы туруктуу окурманы Раида Баймонкоева:
 
- Менин Эркин жана Нурзат аттуу досторум Германияда үйлөнүп, никеси немис тилинде кыйылды. Кыргызстандагы тойлор сыяктуу жылкы, уй, кой союлбай эле студенттер өзүбүзчө чакан той өткөрүп койдук. 
 
Эркин Рыспеков жан Нурзат Стамова
x
Эркин Рыспеков жан Нурзат Стамова
​​Раиданын айтканынан улам кызыгып, “Азаттык” дал ошол Германияда үйлөнүү тоюн өткөргөн таластык жигит Эркин Рыспековго телефон чалды. Эркин Гамбург шаарындагы тоюн студенттик жатаканада эле өткөрүп, тойго 100 евро, же болбосо алты миң сомдун тегерегинде гана акча коротконун айтты:
 
- Бул жакта түрк молдолор бар. Ошолорго нике кыйдырдык, анан элчилик документтерди берди. Тааныштарды чакырып, элчиликте чай берип, балким элчи өзү келиши мүмкүн. Швед столу деп койот го, ошондой дасторкон жайсаң аз эле акча кетет. Студенттик жатаканага отуздай досум келген, жүз еврого баары бүткөн.
 
Москвадан жазган Расул Калбаев Москвада үйлөнгөн жаштар Бишкектегидей эле “Хаммер”, “Крайзлер” сымал акыркы үлгүдөгү кымбат унаалар менен шаар айланышаары салтка айланып баратканын айтты. "Москвадагы Жеңиш паркы, Кызыл аянтта ак калпак кийип чогулган жаштарды башка туристтер таң калуу менен менен карашат" дейт Расул Калбаев.
 
Америкада иштеген кыргызстандык Бакыт да Нью-Йорк шаарында кыргыз кызына баш кошуп, мусулмандардын мечитин таап нике кыйдырды. АКШда той берип жаткан уул-кыздын ата-энелери Кыргызстанда бир убакытта чогулушуп, Skype аркылуу батасын беришкен:
 
- Сүйсөң кайсы жерде болсо деле үйлөнө бересиң да. Мен Нью-Йоркто 80 адам чакырдым. Келинчегимдин ата-энеси, менин ата-энем бир убакытты белгилеп алып, бизди "Скайп" аркылуу куттуктап, батасын беришкен. Америкада эле балалуу болдук.  
 
Орусиядагы кыргыздардын тойлору бир аз өзгөчө өтөт экен. Колунда барлары Кыргызстандан алып баруучу, ырчы бийчилерди акча төлөп чакырышат. Нурбек Бойтоев Москвадагы тойлорду мындайча сүрөттөдү:
 
- Москвада үч досум үйлөнүп ЗАГСка чыктым. Бул шаардагы тойлор кадимкидей эле Кыргызстандагы тойлордон айырмаланган жок. Кыргыз кафелери, ресторандары жамгырдан кийинки козу карындай көп, тойдо көп чыгым жок, кээ бир салттарды колдонбойбуз.
 
Кореядан байланышка чыккан окурманыбыз Алвина Өмүрзакова бул өлкөдө кыргыз жаштары өз ара макулдашып, Кыргызстандагы ата-энеси ошол жактан эле куда түшүп барып, эки жаштын үйлөнгөнүн өздөрүнчө белгилеп, алыстагы жаштар тойду өзүнчө белгилеп койгон учурлар көп болоорун жазды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бала-чал каяктан: АКШ
23.02.2012 23:57
Бул жерде талаш-тартыш жарата турган эч нерсе деле жок. Жараткан маңдайларына жазган болсо, бири Африкада чөлдө, экинчиси Антарктидада муз үстүндо журсо дагы бирин-бири табышат. Эң кымбаты мен үчүн, КЫРГЫЗ уулу - КЫРГЫЗ кызын тапсын. Чет элдин жарандыгын алыш үчүн мекендештерибиз кандай гана жолдорго барып жатышат,бөлөк улуттарга нике байлашып. Аларды мен эч нерсеге айыптабайм, чыныгы сезимдер гана болсо түшүнсо болот, ар кимдин тандоосу өз колунда. Аларга салыштырмалуу КЫРГЫЗДАР арасындагы баш кошуу мен үчүн ыйык нерсе! Эң негизгиси мекендештер сырттан тажрыйба, билим, инвестиция топтоп, КЫРГЫЗ жергесине каитышып, өлкөбүздүн өсүшүнө өз салымдарын кошушат, деген чон тилегим бар!

кимден: Alina
23.02.2012 14:06
Erkin jana Nurzat uilonuu toyunar kut bolsun , baktiluu ui buloodon bolgula!!!

кимден: Эне каяктан: Кыргызстан
23.02.2012 11:32
Ата-эне үчүн баланын ар жакшылыгы өтө чоң мааниге ээ. Туулганынан тартып, алгач тили чыкканы, тай-тай басканы, биринчи тамга тааныганы... деги койчу бардык жакшылыктарын ата-эне жүрөгү элжиреп кабыл алат. Ал эми өз алдынча турмуш куруп, үйлөнүү -баланын эң чоң жакшылыгы. Мына ушул жакшылыгын ата-энесинен алыс, чоочун эл чоочун жерде өткөрүп, интернеттен "бата алып койдук" деп мактангандары жарыбаган жорук. Менин уул-кызым ушинтип, бизден алыста эле бир монитордон көрүнүп коюп, үйлөнүп алышын мен эч убакта каалабайм. Менде да келинимдин башына өз колум менен ак жоолук салсам, кызымды өзүнүн туулуп-өскөн үйүнөн узатсам деген жакшы тилектерим бар. Мындай тилек ар бир эле энеде болсо керек, алардын ушул тилектерин ишке ашыруусуна силер балта чаап атасыңар. Өмүрүндөгү эң бир чоң жакшылыгына туш болуп жаткан уул-кызын компутердин мониторунан эле көрүп, батасын берип койгонду мен ачка отурган кишиге жакшы тамактын сүрөтүн көрсөтүп, шилекейин чууруткан менен барабар көрөм.
Мени бул жерден көпчүлүк жаштар түшүнбөшү мүмкүн, бирок силер дагы бир убакта ата-эне болуп, бала деген бакыттын өлчөмү океандан да чексиз экенине, алардын ар бир жакшылыгын өз көзүң менен көрүү андан да чоң бакыт экенине көзүңөр жетет. Маңкурттарда эле мындай түшүнү болбойт болуш керек.

Баш кошкон жаштар бактылуу болушсун!
Пикирге жооп

кимден: Madina каяктан: Italia
23.02.2012 19:07
Ene en jakshi tileginiz bar eken,oshol tileginiz orundalsin!! Jogoruda SKYPtan ata enesinin batasin algan jashtardi tyshynso bolot.Al aila joktun ishi,kim ele toidu ata enesi,bir tuugandari,dostoru menen kindik kani tamgan jerden otkorgondy kaalabasin!!Tilekke karshi jashoo ushuga alip keldi.Kyrgyzstanga baldarinin toiuna bara albai kalgan ata eneni korson andan beter jyrok ooruit.Kor turmushtun artinan ushintip oilogon oidu kistagan turmush jenip kaldi.Emne bolso da aman bol jurtum!!!

кимден: Дастан каяктан: Германия
23.02.2012 02:12
тема абдан кызыктуу экен. Озумдун тажырыйбам менен болушо кетейин:
Коп жылдардан бери чет олкодо жашаймын, Кыргызстанды сагынуу менин такдырым да болуп калды. Бойго жеткен бардык эле жаштардай эле, "Аттин ай, качан уйлонот экенбиз? Элибизден, жерибизден да алыста журобуз." деп, ушкуруп журдук. Бир куну, эртен менен ойготуп еттим. Тан атаэлек болчу. Эшикте жымжырт. Карангы. Берлин. Турдум. Бети-колумду жууп, даарат алдым. Ичимде кызык сезим пайда болду. Эки ирекет намазга жыгылдым. Колумду чон жайып, бата кылып, суранабаштадым. "О жараткан, азыр суйлошуп журтон жаш-кызды келинчегим болсо туура бы, жэ туура эмесби, билбей турам. Бирге омур сурсок берекелуу болобу? Сен билесин албет!" деп, озума дуба-создор келе баштады. "Жакшылык болсо насип кыл, келинчегим болсун, бактылуу бололу! Эгерде сенин ыраазычылыгын жок болсо, анда экобузду алыс кыл, ажырат!" деген создор менен жайнамаздын устундо жыгылып калыптырмын. Батам кабыл болгонсымал, эки эле жума ичинде, менин ата-энем, ал кызды сурап барышты. Гулчого - улуу Алай жергесине!

Келинчегимди биринчи жолу, Ош-Москва-Ганновер учагында 2008 жылы жолуктурдум, Москвада-Шереметеводо биринчи жолу кеп салдык, транзит болмосундо. Айпери, Гамбург шаарында жашачуу экен, Германияга барганына 1,5 жылдай болуп калган эле. Мен ал кезде Берлинде жашачуумун, иштеп да, окуп да жургон элем. Германияда биринчи ирет Ганновер шаарына кондук, кофе ичтик, автвокзалдан эки башка шаарды коздой, коштошуп, сапарыбызды улантып кеттик. Ал кэзде чон агам Гамбург шаарында магистратурада окуйт болчу, аны коргончо, шылтоо менен жаны танышкан мекендешиме да кез-кез жолугуп турдум. Кийин чечимге келип, турмушубузду бирге алып барууга соз бердик. Тойубуз Берлинде болду, менин жана анын ата-энесин Германия борборуна чакырдык. Келип, конок болуп кетишти. Скайптын кереги тийбеди. Оздору эле дуба беришти. Тойубуз абдан жакшы отту, 400-450 киши келди. Коп жылдардан бери жашап, иштеп жана окуп журуп, кыйла дос кутуп койгон экенбиз, баары комоктошуп, - дос-чар, коншу-коло акча кыстармай менен бардык чыгаша жабылып, алгана эмес, чамалай 3500 € чонтокто калды. Кудайга мин калда шугур!

Такдыр аябай кызыктуу керемет! Мына бугун, омурлук жарым менен корушкондон 4 жылдан сон, экобуз биринчи бут баскан алман шаары, дал ошол Ганноверде, алыс сапардан кайтып, чарчап, бирге кофее ичкен автовокзалдан 5 муноттук алыста, иштеген офисим, 20 миноттой жерде да жашаган уюбуз жайгашкан. 1,5 жылдан бери ушул шаарда иштеп, жашап журобуз. Ким билди, 4 жыл мурун ошондо бироо: "Ганновер силердин бирге жашаган журтунар болот, Пынара атында кызынар болот.", десе, ойго деле келмек эмес.

Уйлонгондон бери Кыргыз жерибизге бара элекбиз, же убакыт жок болот, же шарт болбойт. Ак калпакты кийип, Гулчого куйо-бала болуп бара элекмин, буйруса кележаткан жайда барабыз деген нийет бар. Биз кичинекей кезибизде, атам Жылу-Сууга алып барчуу, эми кой жетелеп барабыз го.

"Биринчи кан тамган жер - атажурт" деп айтылат. Бирок такдыр, кыргызымды кандай гана туркун жердерге алып кеткен жок дейсин. Чинде да, мачунда да, ысык Африкада да, суук Сибирде да журот кыргызым, "кор оокат" деп. Атажуртун сагынып. Чоочун жерде жашап жургуп, уйбулоо турмуш куруп, бала-бакырага батып, кобойуп да жатышат тура.

Буругун омурлук жарымдын туулган куну, куттуктайм садагам! Сен менин "батамдын сырысын"...

Dastan Jalil,
Hannover, 02/2012
Пикирге жооп

кимден: Jazira каяктан: USA
05.03.2012 00:33
Dastan baike,

Kuttuktaibyz silerdi - nikenerdi tuboluk kylsyn, kyzynar iymanduu bolsun inshAllah. Ayabay kyzyktuu eken "love story"niz.



Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
25.02.2012 21:36
Албетте, уй-булонузго бакыт гана тилейбиз.
Кечиресиз, бир аз ондоо: "такдыр" эмес "тагдыр" деп жазылат.
Билимдуу экендигизге ишенем, бирок ушул сыяктуу негизги, баалуу создорду колдонгондо туура жазсак.
Пикирге жооп

кимден: Нурбек
24.02.2012 14:57
Азаматсын Дастан, бошвер кээ бир жазылгандарды,
Бир учурда мен да сага окшоп дуа кылдым эле , шугур жашап жатабыз келинчегим экообуз бактылуу болуп, бир айтаарым
келинчегинди сыйлагандай ойлогондой апанды да ойлой жур

Ийгилик
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.02.2012 10:08
Дастан, келинчегиндин, кайын журтундун жерин "улуу" деп жазып, өз Ата журтуң тууралуу сөз кылбаганыңа жол болсун! Кыргыздын накта жигити мындай болчу эмес, сен дагы "катын албайм, кайын алам" дегендерден окшойсуң.
Эмне мынча эле келинчегиңдин этегине намаз окуйсуң, түшүнүксүз...

кимден: Эркин каяктан: Берлин
23.02.2012 00:44
Бул жерде маалымат бир аз туура эмес чыгып калыптыр. Биздин никебиз Берлинде эмес Гамбург шаарында откон, а документтерди Кыргызстанга барганда жасатканбыз. Мени тааныгандар Эркин жалган нерселерди айтыптыр деп журушпосун:))

кимден: Жылдыз каяктан: Масква
23.02.2012 00:38
Эн негизгиси бактылуу болушса дейм!

кимден: Булан каяктан: Владивосток, Орусия
23.02.2012 00:35
Мен дагы Владивостокто кыргыздардын уйлонуу улпот тоюнда катыштым, эки жаштын башы кошулганына суйунуп бардым. Биздегидей эле бул жерде кой союшуп, элдин баарын чакырышышыптыр. Эч кандай айырмасы жок. Башка шаарларда деле ошондой экен. Жапонияда биздин жердештерибиз баш кошкону бара албадым, бирок бул жакта ынтымакта жашабыз. Бир бирибизди чакырып унутпай турабыз

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине