Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Майя эли менен кыргыздардын тил байланышы


Байыркы түрктөр жана Майя цивилизациясы... Мексикада, Белизде, Гватемалада жашаган индеецтер жана Улуу Туранды, Алтайды, Батыш Сибирди, Орхон менен Енисейди жердеген көк түрктөр, кыргыздар, сан миңдеген көчмөндөр... Борбордук Америка жана Борбордук Азия...

Булардын ортосунда кандай байланыш, кандай маданий жана тилдик окшоштуктар болушу мүмкүн? Эгер болсо, ал байланыштар кантип түзүлгөн? Кайсы доорлордо, кайсы кылымдарда? Муз доорундабы, жер каймактагандабы? Же адамдар кайыкты, жел кемени ойлоп тапкан викингдердин заманындабы? Айтор, “күн”, “балдыз”, “ат”, “кол”, “очок”, “кой”, ич”, “уул”, “кийик” деген сыяктуу жүздөгөн сөздөр кантип, кандай жолдор жана тагдырлар менен Латын Америкасындагы Мексика, Белиз, Гватемала сыяктуу мамлекеттерге жетип, ошол өлкөлөрдө жашаган индеецтердин тилинде, атап айтканда атактуу Майя элинин тилинде азыркыга чейин колдонулуп келатат?

Мындан төрт миң жыл илгери Америка континентиндеги улуу цивилизацияны түзүп, Египет фараондорунан кем эмес укмуштуудай пирамидаларды куруп, зор маданиятты, болгондо да өтө табышмактуу маданиятты калтырып кеткен майялар менен Алтайды жердеп, Енисей менен Орхонду бойлоп жашаган, кийин Азия менен Европанын булуң-бурчтарына тарап кеткен түрк тайпаларынын, кыргыздардын ортосунда кандай жакындык болушу мүмкүн?

Мен бул суроолорду коюп жаткан себебим, түрк окумуштуусу Исмаил Доган Мексикада бир жылдан ашуун майя индеецтери менен чогуу жашап, тилин, маданиятын изилдептир. 2500ге жакын тектеш сөздөрдү таап, “Майя-Түркчө сөздүгү” деген китепти жазыптыр. Андан тышкары майялардын маданиятын, этнографиясын да колунан келишинче изилдептир. Кудум кыргыздар соккондой таарлар, таарлардагы оюулар ошол жакта да кеңири таралганын көрүп, аны фотого тартыптыр. Таар согуунун технологиясы да кудум эле биздин айылдык апалар колдонгон ыкмалар экен. Ага ошол эле Исмаил Догандын “Майя-Түркчө сөздүгүндөгү” татынакай түстүү иллюстрациялар толук күбө. Биздин эле боз үйлөрдө пайдаланылган боо-шуулардагы “кочкор мүйүз” оюулар, “төңөлүктөр”, кажары таар менен термелердеги фигуралар майялардын музейлеринен, эл арасынан тартылган фотосүрөттөрдө көзгө сүйкүм болуп эле көрүнүп турат.

Бирок окумуштуунун атайын сөз кыла турган табылгасы, түрк тилдүү элдердин тарыхын, генезисин, атам замандардагы жашаган географиялык ареалын түшүнүүгө кошкон опол тоодой салымы, албетте, анын “Майя-Түркчө сөздүгү” деген китеби. Айтылышы бир аз башкача, бирок маанилеш сөздөр болжол менен 1000ге жакын экен. Ал эми түпкү уңгусу сакталып, бирок мааниси бир аз жылышып кеткен сөздөр (андай сөздөр ошол эле түрктөр менен кыргыздардын лексикасында да толтура) 1000ден да көптүк кылат. Окумуштуунун айтканына караганда, тектеш, уңгулаш сөздөрдүн жалпы саны 2500гө чукул.

Aал – уул
Aч – ач
Бaалчы – балдан жасалган ичимдик
Балдыз – балдыз
Билим– ишарат, белги
Бол–мол
Чок – көп
Чок – очок
Ип – жип
Ич – ичүү
Kийик – кийик
Koй – кой (этиш сөз: бир нерсенин үстүнө коюу)
Kүч - күч
Ок – ок
Ол – бол
Oтоо – бөлмө
Сон – соң
Жел – жел
Жок – жогору
Бок—бок
Көт-көтөн ж.б.у.с.

Жогоруда Исмаил Догандын Майя-Түркчө сөздүгү “түрк тилдүү элдердин генезисин түшүнүүгө кошкон зор салым” деп айттым. Чынында эле бул китепти салым деп деле айтууга болобу? Буга “ооба” десек да болот, “жок” десек да болот. “Ооба” дегенибиздин себеби биздин көз алдыбызда ачык жана даана жазылган окшош сөздөр катар-катар тизилип турат. Бул ачык жана даана фактыны эч ким жок деп тана албайт жана ал фактыларды жок кылам деп балталаса да жок кыла албайт. Бул китеп биздин элибиздин, жалпы эле түрк калктарынын дүйнөдөгү эң байыркы жана эски калктардан экенин дагы бир жолу далилдеп отурат.

“Жок” деп айтканыбыздын себеби - эскиден бери келаткан миңден ашуун кыргыз сөздөрүнүн азыркы Латын Америкасынан, болгондо да Мексикадан, ошол Мексикадагы саны 8 миллионго жакын Майя улутунун сөздүк запасынан табылып отурганы суроолорду гана көбөйттү, бирок жооптор азырынча табыла элек. Бул суроолор - глобалдык маанидеги суроолор, адамзаттын кантип Жер планетасынын туш-тушуна таралып, миграция жасап, кантип бир континенттен экинчи континентке өткөнүн кыйыр түрдө далилдеген суроолор. Алар соңку палеолит доорунда таралганбы же мезолит доорундабы (болжол менен 15-20 миң жылдай башта) - азырынча жообы табыла элек суроолор.

Биз демейде “көк түрктөр”, “байыркы кыргыздар” деген сыяктуу терминдерди көп колдонобуз. Исмаил Догандын китебинен кийин мезотүрктөр, палеотүрктөр, прототүрктөр деген терминдерге өтүшүбүз керек.

Демек жогоруда коюлган суроолорго “ооба” деген жооп тапканга чейин дагы нечен убакыттар өтөт. Эгер окумуштуу тилчилер ушул маселеге кызыгып, изилдейли деген күндө да планетанын кудум аркы бетинде жашаган майяларга, атап айтканда Мексика менен Белизге кантип жетебиз? Жок, жетиш-азыркы заманда эч бир проблема эмес, маселе-ага каражатты ким берет?

Кыскасы, кыргыз калкынын этногенезине, тарыхый тамырларына байланыштуу жоопсуз суроолор азыр ого бетер көбөйдү. Ошону менен бирге жогоруда айтылгандай жүрөк толкуткан ачылыштар, жомок же легенда эмес, чынга чыккан жоромолдор уктасаң түшүңө, ойгонсоң ойдон кетпейт. Кыргыздар айткан “Жер тамырынан эл тамыры көп” деген акылман сөздүн мааниси Исмаил Догандын китебинен кийин ого бетер тереңдеп ачылды окшойт.

(биринчи маектин соңу)

XS
SM
MD
LG