Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Экономикалык эркиндик азайдыбы?


АКШдагы Heritage кору жана Wall Street Journal экономикалык басылмасы дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндиктин быйылкы индексинде Кыргызстандын рейтингин беш баскычка ылдый түшүрдү.

Бул өлкөдө саясий эркиндик кеңейген кезде экономикалык эркиндик азайды дегенди билдирет. Кыргызстандын шартындагы бул шайкешсиздиктин себептери эмнеде?

Дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндиктин деңгээлин 1995-жылдан бери иликтеп келе жаткан Heritage кору жана Wall Street Journal басылмасы өз баяндамасында Кыргызстандын туруму төмөндөөсүнүн себептерин менчикке болгон укуктун, коомдук каражатты башкаруунун, бизнес жүргүзүү эркиндигинин начарлоосу менен түшүндүргөн.

Баяндама авторлорунун пикиринде, айрым реформаларга, анын ичинде салыктын бирдиктүү ставкасы кабыл алынганына, бизнести баштоо иши жеңилдегенине карабай, жалпысынан ишкер климаттын жакшыруусу жай болду жана бир кылка кеткен жок. Соңку жылдагы саясий туруксуздук белгисиздикке салым кошту жана экономикалык өнүгүүгө тоскоолдук жасады.

Мындан сырткары, авторлордун пикиринде, саясий атаандаштыктар менен жеке кызыкчылыктардын күчү терең институционалдык реформалардын жүргүзүлүүсүн жолтоо кылууда жана экономикалык эркиндиктин негиздери өлкөдө али алсыз. Менчикке болгон укук бекем корголгон эмес жана коррупциянын кеңири жайылуусу мыйзам үстөмдүгүнө, инвестицияларга жана бизнестин өсүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Борбор Азия Эркин базар инситутунун талдоочусу Азиз Иса “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Heritage кору жана Wall Street Journal басылмасынын жогорудагы тыянактарын колдоду:

- Экономикалык эркиндик индексин түзүүдө, өлкө автократиядабы, же демократиядабы, карашпайт. Анда экономикалык эркиндикке, жарандар экономикалык ишмердик менен канчалык эркин алектене аларына, салыктардын деңгээлине, мамлекеттин экономикага кийлигишүү деңгээлине көңүл бурушат. Бул иликтөөлөр мамлекет экономикага канчалык аз кийлигишсе, ал ошончолук бат өнүгөрүн көрсөткөн.
Heritage кору жана Wall Street Journal басылмасынын иликтөөсү боюнча соңку беш жылды эске алганда, Кыргызстанда экономикалык эркиндиктин көрсөткүчү 2009-жылы эң жогору болгон. Бул өлкөдө авторитардык бийлик өкүм сүрүп турган учур эле. Жогорудагы иликтөөчүлөр 2010-жылдын башындагы баяндамасында Кыргызстанда 179 өлкө ичинен 80-орунга жайгаштырса, былтыр 83, быйыл 88-орунга түшүргөн.

Борбор Азия Эркин базар инситутунун талдоочусу Азиз Исанын айтымында, Кыргызстандын бул жааттагы рейтингинин улам төмөндөп жатышына 2010-жылдын Батышта абдан терс кабыл алынган улутташтыруу жараянынан тышкары төмөнкү жагдайлар салым кошту:

- Ооба, бизде саясий эркиндик, сөз эркиндиги кеңейди. Бирок мамлекет өз таасирин күчөтүп, өлкөнүн бюджети көбөйдү. Салык жыйымдары мажбур түрдө көбөйдү. Мунун баары жеке сектордон көбүрөөк акча алынды дегенди айтып турат.

Ал эми Жаш ишкерлер союзунун аткаруучу директору Руслан Акматбектин пикиринде, Кыргызстандын Экономикалык эркиндик индексинде акыркы үч жылдагы рейтингинин такай төмөндөп турганына 2010-жылдагы ыңкылап менен улут аралык жаңжалдын, былтыр экономика калыбына келгени менен коомдук турмушта саясат үстөмдүк кылганынын таасири бар. Кырдаал саясий туруктуулуктан кийин бизнесте да туруктуулук орноп, ал реформалар менен коштолгондо гана оңолуусу мүмкүн:

- Ишкерлердин көбү белгилүү бир объективдүү жана субъективдүү чектөөлөр бар деп эсептешет. Ишкерлердин ою боюнча Кыргызстан азыр бизнес стабилдүүлүк менен укуктун нугуна түшө элек. Өкмөт ал нукка түштүк деп, элди да, бизнести да ишендирүүгө аракеттенип жатат. Бирок биз мунун турмуштук категорияда чагылдырылуусун көрө элекпиз.

Heritage кору жана Wall Street Journal “Экономикалык эркиндик-2012” индексинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын алдында, 65-орунда Казакстан турат. Тажикстан 179 мамлекет ичинен 128, Өзбекстан 164, Түркмөнстан 168-орунда.

Быйылкы жылга карата экономикалык эркиндик Кошмо Штаттарда да бир баскычка азайып, ал 9-орундан 10-орунга түшүрүлгөн. Ал эми эң биринчи орунда Гонконг, андан кийин Сингапур турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG