Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

"Мен кумса жана мусулманмын" тасмасына тыюу салынды


28-сентябрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен "Мен кумса жана мусулманмын" тасмасын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул чечим мусулмандардан түшкөн кайрылуулар менен түшүндүрүлдү. Түшкө жуук мусулман коомчулугунун айрым өкүлдөрү бул тасмага каршы маалымат жыйынын өткөрүп, айрымдары “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы өтүп жаткан "Манас" кинотеатрына барды. Фестивалдын директору Төлөкан Исмаилова тасмага негизсиз тыюу салынганын, анын мазмуну мыйзамдарга каршы келбестигин билдирди.

28-сентябрда Биринчи май райондук соту “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын соңку күнүнө пландалып жаткан "Мен кумса жана мусулманмын" даректүү тасмасын Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салды. Буга карабастан “кино көрсөтүлсө, нааразылык акциясын өткөрөбүз” деген жаш активисттер фестиваль өтүп жаткан кинотеатрды тегеректеп жүрүштү. Алардын бири, “Эркин эл” жаштар саясий кыймылынын төрагасы Мавлянбек Аскарбеков буларды билдирди:

- Бир нерсе болсо эле “демократия, сөз эркиндиги, гендердик тең укуктуулук сакталбай жатат” деген сөздөргө жамынып алып биздин идеологияны бузуп, коомчулукту бөлүп-жарышат. Ошону ушуга окшогон акциялар, иш-аракеттер кылууда.

Кадыр Маликов
Кадыр Маликов
Тасмага каршы чыгып, маалымат жыйынын өткөргөн мусулман жамаатынын айрым өкүлдөрү да “мындай тасма мусулмандарды ыза кылып, арты жакшылык болбойт” деп эскертишти. Дин боюнча эксперт Кадыр Маликов тасманы көрүп чыккан. Ал фильм диний жек көрүүчүлүктү козутат деп эсептейт.

- Тасмада гей, имам жана мечиттин аралашуусу нормалдуу көрүнүштөй болуп берилген. Ислам атайын бурмаланган. Адамдын адаттан тыш сексуалдык багытын ислам динине кыстап байлап жатат. Мисалы, “сиз Мекеге сапарды тандайт белеңиз же өзүңүзгө шерик табуунубу” деген суроо берилет. Каарман “биринчи шерик табууну, анан Мекеге барууну тандайм” деп жатат.

Ал эми кинофестивалдын директору Төлөкан Исмаилова тасмаларды курамында мамлекеттик кызматкерлер жана башка бир топ адистер болгон комиссия тандаганын билдирди. Уюштуруучу Конституцияны жана эч кимдин укугун бузбагандыктан, сотко чакырылбай туруп чечим чыгарылгандыктан УКМК, Башкы прокуратуранын аракетин мыйзамсыз деп баалады.

- УКМК кечээ келип, тасманы уурдап кетиптир. Коркутуп, көчүрмөсүн жасап алышкан. Кечинде мага башкы прокурор чалды, мен “Аида Жеңишбековна, сиз фильмди кайдан көрдүңүз” десем, "мен көрүп жатам" дейт. Балдардан сурасам, УКМКнын Улук деген жана дагы башка 3 кызматкери келип алышкан экен. Бул деген уурулук. Мен да акцияларды жасайм.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исамилова анын адвокаты УКМК, Башкы прокуратура жана Биринчи май райондук сотун сотко берип жатканын кошумчалады. Ал эми “Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасынын режиссеру нидерланддык 32 жаштагы Крис Беллони тасманы буга чейин 12 өлкөдө көрсөткөнүн, ал жакта мынчалык маселе чыкпаганын билдирди.

- Мен кырдаал мынчалыкка барат деп күткөн эмесмин. Балким каршылык акциялары болот окшойт деп ойлодум. Бирок мамлекеттик деңгээлде бүгүнкүдөй чечим чыгат деген оюма келген эмес. Тасма гомосексуал мусулман балдар жөнүндө. Мен алардын сезими, кадимки адамдар сыяктуу сүйгүсү келгенин, сүйүктүү болууга да укугу бар экенин көрсөтөйүн дегем.

Тасмада Мароккодогу мусулман балдардын турмушу баяндалат.

Кинотеатрда УКМКнын кызматкерлери ар бир кеткен тасманы көзөмөлдөп отурушат. Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалы Кыргызстанда 6-ирет өтүп жатат.

Жакында эле Бишкекте бир катар мусулман уюмдар дүйнөдө чуу чыгарган “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына каршы акцияга чыгып, Кыргызстанда сот ал кинону экстремисттик деп баалап, тыюу салган болчу.

XS
SM
MD
LG