Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:56

Эл үнү / Коом

Балдарды асыроого берүү ачыкпы?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышы баланы чет өлкөлөргө асырап алууга берүү темасына арналды.

Текст көлөмү - +
Катышуучулар: Социалдык өнүгүү министрлигинин Балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Жаңыл Сукенбаева жана Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстандан чет өлкөлөргө бала асырап, алып кетүү иштери менен алектенүү укугу биринчи болуп америкалык "Кристиан Уорд Эдопшн" коммерциялык эмес корпорациясына берилди. Сынакка жалпысынан АКШ, Испания, Канада жана Нидерланддан 15 компания катышкан экен. "Кристиан Уорд Эдопшн" кандай тандалып алынганына токтолсоңуз?

Жаңыл Сукенбаева: Мамлекеттик уюмдар аралык комиссия түзүлгөн. Ага бейөкмөт уюмдун да мүчөлөрү кирген.
Калкыбыз аз, ошондуктан бир бала болсо да чет жакка берүү туура эмес. 

Талап боюнча тандалып алынган уюм өз мамлекетинде бала асыроо боюнча көп жылдар бою иштеп келген уюм болушу керек. Андан тышкары өзүнүн таза аброю, Кыргызстандагы иш-чараларынын оң жактары каралды.

Өкмөттүн токтому менен бекитилген мамлекеттик банк иштеп жатат. Анда кароосуз калган балдардын так саны бар. Бизге келген арыздарга карап, ошол банктагы балдарга ата-эне тандап берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгер баланын абалы ынандырса, биринчи кезекте Кыргызстан жарандарына асырап алганга беребиз.

Бүгүнкү күндө банкта 4 жаштан 18 жашка чейин 301 бала катталып турат. Алардын бардыгы нышан төрөлгөндөр. Кыргызстан жарандарына бул банкта каттоодо турган эң жөнөкөй оорусу бар баланы көрсөткөндө эле асырап алуудан баш тартышат. Ал эми чет жакка асырап алып кеткен ата-энелердин баланы айыктырып алганга мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстан жарандарына бул банкта каттоодо турган эң жөнөкөй оорусу бар баланы көрсөткөндө эле асырап алуудан баш тартышат.

Таалай Жакыпов: Негизинен асырап алуу маселесине жакшы эле карайм. Ал эми чет жакка берүүгө мен такыр эле каршымын. Азыр банк дегенде эле менин оюм башка жакка кетип атат. Башкача айтканда банк - бир жерге барып, каражат ала турган жай.

Чет өлкөлүк жарандарга берүү боюнча Орусиянын тажрыйбасын карап көрөлү. Так эле ошол мамлекеттик нормативдик актылар, жоболордун негизинде берилген балдар ал жакка баргандан кийин эле запкы жеп, зордук-зомбулукка дуушар болгон учурлар көп.

Орусия – чоң, күчтүү мамлекет. Калкынын саны да көп. Аны менен Кыргызстанды салыштырып болбойт. Биринчиден, калкыбыз аз, ошондуктан бир бала болсо да чет жакка берүү туура эмес. Ал баланы берген күндө да анын кийинки тагдырын көзөмөлдөөгө мамлекеттин азыркы күндө мүмкүнчүлүгү жок. Багып алган учурлар мурда деле болуп келген. Азыркы күндө жашырып деле болбосо керек, баланы асыроого берүү да коррупциялык системага айланып калган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: akil bek каяктан: rassia
14.02.2012 01:46
ooo sorgoktor kyrgyzstandi satip emi jyvoitabarga ottugorbu jep ichinerjarilsin sasik saiasatinardi urdum ani darilap tuzotot degen beker kukula oiunchak adamdi satabizdep achikaitishsa bolmok ele janil eje sizda balanizdi satip korsoguz bileskooo allah tirik bolsonuz korosgoooo bulardin bul ishi anik biznes nariste baldardin organdarin kanchalagan summaga satishat oookirgizdarim kozunordu achkila bir kun kelip bizdida satat alar oz atalarinda arzibagan akchaga satat bul jaminip kilgan ishinerdi tee toodagi admda ishenbeit mineke adam satuuda kezek keldi mindan aldinda alar kanchalardi satishkan anibilet serepchiler pamirdegi kirgizdardi jana bashka olkodogulordu kochurup kelemdegender kaneke oigonsun alardi kochurup kelip alardinda baldarini satishabi adamdin arbir muchosu akchada meili sorgoktor toisun birdi satsa bir birbalasina je kizina yi je mashina alar azabini tartaar tashboor sorgoktor kursaginardi chonoitkula .

кимден: Altynai каяктан: germany
27.01.2012 03:07
Oshol maiyp baldardy dele Kyrgyzstandan chygarbai turup,chet-olkodon jardamdar kelip jatat oshol neseler m-n ele lechenie kylsa bolboibu? emne sebepten jogoruda olturgan deputattarybyz jardam berbeit,anan dagy Janylai ayim aityp jatat kg jarandaryna yiy b-o bakkany berebiz yiy jok b-o bala da berilbeit dep,al emnedegeni yi b-o dele bagyp algysy kelegen adam kvartirada jashap dele bagyp alat da,mendele 3-balanyn enesimin,jashym-31 kvartirama kvartira kochyp j-p baldarymdy jakshy ele bagypatam Kudaiga shygyr, yi dele Kudai bergen kunu b-p kalar.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу