Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Депутаттар ала качууну токтото алабы?


Парламенттин алдында өткөн "155" аттуу акциядан бир көрүнүш.
Парламенттин алдында өткөн "155" аттуу акциядан бир көрүнүш.

Парламент 18-октябрда кыз ала качууга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Ага ылайык, ала качуу аракети адам уурдоого тете бааланып, ал адам 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул кадамга барууда депутаттар укук коргоочулардын талаптарын эске алышты.

Эми аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда да депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болсо, президентке жөнөтүлөт. Мамлекет башчысы кол койсо, иштей баштайт.

Ала качууга кириптер болгон кыздардын алды өз жанын кыйса, жүздөгөндөрүнүн тагдыры талкаланды. Цивилизациялуу дүйнөдө мындай жорук кылмыш гана эмес, жапайчылык катары да бааланат.

"155" каршы

Аялдардын укугун коргоо жаатында иштеген уюмдардын 30га жакын өкүлү бүгүн таң эрте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулду. Алар “155” аттуу акция уюштурушту. Бул сан кыз ала качууга жазаны күчөтүүнү караган Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесин туюндурат.

“Мени ала качпа, алгач менден сура”, “Зомбулуксуз үй-бүлө кургум келет” деген сыяктуу ураандарды кармап, башына кара чүмбөттөрдү кийген активисттер депутаттарга “ачуу белек” тапшырышты.

Ал белектин ичинде ала качуудан улам жанын кыйууга беттенип, бирок майып болуп калган Бактыгүл аттуу кыздын депутаттарга кайрылуусу жана үлпөт гүлү салынган. Бактыгүлдүн кайрылуусун акция катышуучуларынын бири Сайкал Малик кызы окуп берди:

"Урматтуу депутат! Мен сизге келиндик гүлүмдү белек кылам. Эми ал мага керек эмес. Мени ала качып, мажбурлап отургузушту. Ал жерде калгым келген эмес. Ошондуктан ала качкан адам менен жашагым келбей, дары ичип алдым. Азыр мен майыпмын... Кылмышкер жоопко тартылган жок. Анын азыр үй-бүлөсү бар. Ал эми мен үчүн мындай нерселер кыял бойдон калды".

Тагдырына балта чабылган Бактыгүл ала качууга жазаны күчөтүүнү караган мыйзамды кабыл алууну депутаттардан суранган.

Укук коргоочулардын маалыматында, жылына 10 миңден ашуун кыз ала качууга кириптер болуп, бирок ал ишти жасагандардын дээрлик баары жазасыз калат. Маселен, акыркы эки жылда эле Ысык-Көлдө үч кыз ала качуудан улам өз жанын кыйган. Бул көрүнүшкө каршы иштеген “Лидер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Банур Абдиева мында мыйзамды күчөтүү жагы гана калды деген пикирде:

- Кылмыш-жаза кодексинде ала качууга каршы 155-берене бар. Бирок ал иштеген деле жок. Маселен, былтыр 11 миңден ашуун ала качуу фактысы катталса, анын экөөсүнө гана кылмыш иш ачылган. Анын бири гана жоопко тартылган.

Ала качууга каршы Караколдо өткөн акциядан көрүнүш, 9-октябрь, 2012-жыл
Ала качууга каршы Караколдо өткөн акциядан көрүнүш, 9-октябрь, 2012-жыл
Абдиева сөз кылып жаткан 155-беренеге ылайык, кызды зордоп ала качкандарга 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бул жазаны өтө эле жеңил деп эсептеп, аны катаалдантуу жоболорун киргизгени жатат. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, ала качуу Кылмыш кодексиндеги адам уурдоо деген кылмышка теңдештирилип, жазасын күчөтүү каралууда. Мыйзам тууралуу Айнуру Алтыбаева мындай пикирде:

- Биздин мыйзамдын негизги концепциясына ылайык, Кылмыш-жаза кодексиндеги адам уурдоо жана кыз ала качуу деген кылмыштарды теңдештирүү каралган. Учурда адам уурдоонун жазасы 10 жылга чейин. Ал эми ала качууга 3 жылга чейин гана жаза берилет. Мындан улам ушул кылмышты бирдей санап, 10 жылга чейин жазалоону сунуштагам. Бирок мыйзам талкууланган комитеттерде муну 7 жыл болсун деп макулдашылды. Ошентип мыйзам өтсө, ала качуунун жазасы 7 жылга узартылат. Ал эми 154-беренеге ылайык, кыз 17 жашка толо элек болсо, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ошентип Жогорку Кеңештин жыйынында Алтыбаева сунуштаган өзгөртүүлөр каралып, экинчи окууда өткөрүлдү. Эми жакын арада үчүнчү окууга алып чыгарылып, эгер өтсө жана ага президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Каршы тараптын жүйөсү

Ошол эле кезде айрым депутаттар мындай мыйзамды кабыл алууда кылдат мамиле жасоого чакырууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмоновдун айтымында, адам уурдоо менен ала качууга бирдей жаза берүү укуктук чаташууларга жол ачышы мүмкүн:

- Ала качуу менен адам уурдоону теңдештирип коюу туура эмес. Албетте ала качуу деген терс көрүнүш биздин коомдо бар. Ага жазаны катаалдатуу керектир. Бирок бул кылмыштар өз-өзүнчө каралышы керек. Сыртынан караганда бирдей көрүнгөнү менен, өз алдынча каралышы керек. Ала качууда категориялар каралыш керек. Ала качкан адам ким, кандай жагдай болду деген суроолор эске алыныш керек.

Буга чейин да бул маселе көтөрүлгөндө бир катар депутаттар каршы чыгышкан. Алардын жүйөсүндө салтка айланып калган көрүнүшкө узак мөөнөттөгү жаза берүү орунсуз. Айрым депутаттар бул мыйзам кабыл алынса, ала качты деп акча өндүргөн шылуундар пайда болорун да белгилешүүдө.

Бирок жыл өткөн сайын ала качуу көрүнүшү тамырын жайып баратат. Көп жылдан бери бул көрүнүштү иликтеп келаткан Борбор Азиядагы Америка университетинин социологдору кыргыз бийлиги ала качууга каршы чечкиндүү аракет көрмөйүнчө, ар кайсы айылда мектепти жаңы бүткөн кыздарды ой-боюна койбой күйөөгө башын байлап коюу коомчулуктун кайдыгерлиги менен уланып жатканын эскерткен болчу.


Ала качууга каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG