Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:55

Эркиндик

Өзбекстан жарандыгы жок кыргызстандык келиндерин чыгарып жиберди

Өзбекстан быйыл жыл башында жарандыгы жок башка өлкө атуулдарын өз аймагынан чыгаруу иштерин баштаган. Мындай тагдырга Өзбекстанга турмушка чыгып, очор-бачар болуп калган кыргызстандык аялдар да туш болду.

Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндердин балдары, Миң-Чынар айылы, Баткен.
Текст көлөмү - +
Баткендин Өзбекстанга чектеш Миң-Чынар айылынын бир канча кызы да өткөн кылымдын соңунда кошуна өлкөдө жашаган кыргыздарга келин болгон эле. Алар кошуна өлкөдөн бүлө күтүп, очор-бачар болуп калганда өзбек милициясы капыстан “жарандыгың жок” деген жүйөө менен бир канча жыл жашаган үйүнөн кубалап, үй-бүлөсүн минтип бөлүп салаары үч уктаса түшүнө кирбегенин айтышууда.

Эрди-катын эки жакта калып...
  “Өзбекстандан чыгып кеткиле, кайра келсеңер сот жообуна тартыласыңар” дешти. Кайра кайтып келсек беш жылга чейин камакка алынаарыбызды эскертип, түшүнүк кат да жаздырып алышты.

1998-жылы Өзбекстанга турмушка чыгып, 3 баланын энеси болгон Алтынай Кабылова да алиге чейин кайын өлкөсүнүн жарандыгын алган эмес экен. Буга чейин ал жөнүндө ой да, зарылчылык да болбоптур. Анан эле мындан эки айдай мурдараак өзү жашаган Ак-Тамыр айылынын милициясы келип, Алтынайдын жарандыгын, каттоодо турган жайын сурап кирген. Анын Кыргызстандын жараны экенин билген милиция өкүлү мындан ары Өзбекстандын аймагында калууга мүмкүн эместигин, дароо чыгып кетпесе жоопко тартылаарын эскерткен. Алтынай ошентип төркүнүнө кайтып келүүгө аргасыз болгонун айтат:

- Билбейм эми, эмне максатта чыгарышты?.. Кыргызстанга барып жашагыла дешти. Бишкекке барып, кыргыз жарандыгынан чыгып, анан Ташкент аркылуу келсеңер паспорт (өзбек жарандыгын) аласыңар дешти...

Ушинтип Алтынайдын күйөөсү Өзбекстанда калып, өзү Кыргызстанга кайтып келди. Минтип эрди-катын эки жакта жашап жаткан үй-бүлөлөр Миң-Чынар айылында эле үчөө экен. Облус боюнча жогоурдагыдай жүйөө менен канча киши Өзбекстандан чыгарылганын так билген киши жок. Анткени алар азырынча бирдиктүү каттого алынып, же бирөөгө даттанып кайрылган эмес.

Өзбекстандан айдалган, же башкача айтканда депортация болгон аялдар менен сүйлөшкөнүбүздө алар кошуна өлкө жарандыгын алуу кыйындыгынанбы, же кайра барууга ниети жокпу, айтор балдарынын аталары Кыргызстанга келсе, бул жакта эле жашасак деген ойлорун кыйытышты.

Өзбекстандагы конушунан кубаланган келиндердин дагы бири - Санабар Бакирова. Ал дагы азыр үч баласы менен төркүнүндө. Кайын журтуна кайрылып барчу болсо сот жообуна тартылаары эскертилген:

- Бир күнү эле бизди милицияга чакырып калды. Ак-Тамыр айылына турмушка чыккан кыргызстандык келиндердин баарын чакырышыптыр. Барсак бизди “өлкөдөн чыгып кеткиле, кайра келсеңер сот жообуна тартыласыңар” дешти. Анан кайра кайтып келсек беш жылга чейин камакка алынаарыбызды эскертип, түшүнүк кат да жаздырып алышты.


Бөлүнүп калган үй-бүлөлөр кайра биригеби?

Жай турмушу капыстан көчүп-конууга алмашып калган бул келиндердин кийинки тагдыры, эрди-катын качанга чейин ушинтип эки жакта жашаары белгисиз.

Канткен менен жергиликтүү бийлик Өзбекстан чыгарып жиберген бул кыздарына үй-жай салуу үчүн жер бөлүп берүү маселесин да караштырууда. Баткендин Ак-Турпак айыл округунун башчысы Алчынбай Имаров эгер күйөө балдар Кыргызстанга келүүнү ылайык көрсө бул үй-бүлөлөргө Миң-Чынар айылына жакын аймактан жер бөлүп берүүгө макул:

- Мен үй салганга жер ажыратып берейин, эгер Өзбекстанда калган күйөө балдар келсе Кыргызстандын жарандыгын алууга да жардам берели деген сунушумду айттым. Ушул жерден эле турмушуңарды улагыла деп айтып жатам.

Чын эле камырабастыкпы, же эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесиненби айтор жөнөкөй жарандардын тийиштүү кагаздары өз учурунда жасалбай, эми минтип үй-бүлөлүк маселелерди жаратууда. Бул маселе жөнгө салынар-салынбасы, кошуна өлкөнүн аймагынан чыгарылган жарандарына Кыргызстан канчалык кам көрөөрү да белгисиз...

Тасмада: Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндер

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Elmurat каяктан: Moskva
01.04.2011 16:37
Aman bolgula el jurt,kyskasy kysyp jashaily KG da OZ da.

кимден: Самид Мурза каяктан: РФ
01.04.2011 10:17
Бек сага айтаарым,укук жонундо суйлойсун, озбек мектептери бар ,озбек драм театры бар ,университет,институттар бар,сенин укугун ду качан башкалар тебеледи эле?,узбекстанда андай жашай албайт эленер туурабы? узбекстан жакшы болгондо давно ошол жакта болмоксунар,"хуккугум"дейсин дагы.биздин олкодо жашагандан кийин биздин тилди уйрон,эмнеге биздин узбекстандагы кыргыздар кыргызча суйлогону "хуккугу" жок,драм театр,институт биякта турсун,алар дагы узбекстандын жарандары! мен билем бул суроого сен:"узбекстан башка мамлекет,анын озунун иши эмне кылса "дейсин,бирок башынарга иш тушкондо Узбекстанды коздой качасынар"Каримовго кат жазасынар,Ислам Абдыганиевич да билет силердин кандай экенинерди. "Анжиян окуяларында" Каримовго каршы болгон озбектерди Сузак,Ош,Жалал-Абаддык озбектер колдоп,Узбекстанга кайтып бербейбиз"деп Сузактын жанында багып отурушканын. Узбекстанга ушундай гана президент керек болбосо.узбекстандын чек арасы бекем боло берсин, болбосо сага окшогондор чек аранын ары жагынан бирди суйлоп ,.бери жагынан бир суйлоп укугун талашат озу билбеген, бизде укугун тебеленип ,биздин мамлекет жакпаса соз жок узбекстан жакын,, отуп алып каалашынча суйлой бер, ошондон сен бактылуу болсон сени коруп мен бактылуумун! .
Пикирге жооп

кимден: кыргыз адам
01.04.2011 15:09
Самид Мурза, ой жугуртуун курч экен! Мындай каяшты коптон бери окуй элек элем. Рахмат сага. Бул кымындай жазганын эки жуздуулуктун паранжасын ачкандай болду. Жараткан Озу сени ар дайым колдосун.

Урматтоо менен,
кыргыз адам

кимден: Кайрат каяктан: Москва
31.03.2011 21:26
Салам туугандар, бул эжелелерди сыноого ким коюптур силерди, таза эмес кыргыз деп. бул диалектика. Мындай сыноолор адамдын ким экенин билдирет, акылынын тайкылыгы, таш боорлугу, адамгерчиликсиздикти. Тилде айып жок. Эмне болгондо да алар да адам мусулман. Саяктын айткандарына кошулам. Кыргызстандан паспорт берип буларга жардам беришибиз керкек. Кыргыз болбосо чыгарып сала беле. Кыргызстандагы озбектерди биз чыгарып салсак туура болобу, албетте болбойт. Бул каримовдун каапырлыгы. А бизде адамдардын укугу озбекстанга салыштырмалуу он эсе жогору. и адамгерчиликтуу. Каримов жана анын командалары аллах алдында жооп беришет. Биз жардам беришибиз керек бул туугандарга. Жанагылга бул жакта туруп тилин сынаган наалат айтат элем. Озунорду ошондой акыбылда элестеткиле эмне болот..? Аман бололу кыргыз элим!!!

кимден: кыргыз каяктан: саяктан
31.03.2011 16:09
ыраматылык атам Ошко деле барган эмес бирок "айла жок " сөздү "айла ёк" деп айтчу эле. ж тамгасынын жумшарып отурушу кадимки эле көрүнүш болуш керек мисалы Таласта " кунаажын" "кунайын" дешет эмеспи. Аняк мынаяк деген сөздү айтып кыргыз тилине доо кетирген жокпуз туугандар элдин арасында сөздор аркандай айтыла бериши мүмкүн андайды кодулаганга эч кимдин акысы жок. Нарында мисалы кызды кыс, жазды жас деп сүйлөшөт Көлдө тескерисинче баспайсыңбы дегенди базбайсыңбы деп ;) кээде такыр башкача орустун тазик деген сөзүн кыргызчага которолучу мына - таштек. илеген, дагара, чылапчын дагы бар мен билбегени. Кайсы улут болбосун кордобойлу туугандар ынтымака бириели !

кимден: emir каяктан: korea
31.03.2011 05:48
Men.bul Eje lerge Aitat elem,Joldoshunardy chykyryp kyrgyzstanda ele tytyn bulatyp Jashagyla.kyrgyz jarandygyn alyp.Ozbekstanda jashoo oorgo tapkan akchan tamak ashyna zoorgo jetet.kyrgyzstanga kelip biznes kylgyla echkim esh nerse deveit,,

кимден: кыргыз каяктан: ош
30.03.2011 12:00
Ак-47 сен Ошту жакшы билбейт окшойт, кыргызстанда тундук, туштук деген болбош керек, Оштук деп болбо. 70% оштуктар Өзбекче суйлойт депсин, аның тоолук ката. Июнь жаңжалында биз кыргызстандын бүтүндүлүг үчүн күрөштүк жана сактап калдык. Биздин уул кыздар кыргыз болгону үчүн курман болду.

кимден: Ниязбек каяктан: Москва
30.03.2011 11:56
Алар биздин уч жараныбызды суруп чыкса. биз деле алардын он чакты атуулун департ кылып жооп айтышыбыз керек го.

кимден: Бакы каяктан: ош
30.03.2011 11:39
Диалектиге, кара таза эмес кыргыз, Кийинкиси кыргыздарды кыргызстанга топтоо керек, кыргызбы, келсе, кайсы мамлекеттен болбосун кыргызстандан жарандык беруу керек. Ал эми башка мамлекетте Өзбекстанда кыргызбы, туркбу Өзбек деп паспортуна жазып коёт. Биздеги курд, дунган, туркторго дагы паспорт, метирке берген өзбектер өзбек деп кыргызстанда туруп, өзбектердин санын көбөйтуу учун жазууда. бул чындын себеби өзбектер ошого көбөйуудо. саясат турат. кыргызстанда туруп өзбектештируу саясатын жургузуудо.
Пикирге жооп

кимден: Men каяктан: Germany
01.04.2011 21:52
anan dagy bir nerse: bul ejenin suilogonu dialekt emes govorgo kiret.
Sen ozung oshtonmun dep beriptirsin, tushtuk dialektin bilseng kerek, birok bul eje suilogon rechi govor dep atalat.
Пикирге жооп

кимден: Men каяктан: Germany
01.04.2011 21:49
tuugan sen aiabai tuptuura aityptyrsyn. Ozbekteshtiruu, tamyr jaiuu saiasaty menen gana akyryndap baryp biz mamleketibizdin turuktuulugun jogotobuz, jeribizdi tarrtyryp koiobuz. ekinchiden tuugan saga aitaarym maalymatyng bolso dialekt degen etnikalyk tegin anyktabait, ar bir dialekt negizgi adabiy delinip kabyl alyngan tilungusunun bailygyn anyktait. bizdin tilibizdi bashka tilden airymalash kyiyn emes.
Пикирге жооп

кимден: Жигит каяктан: Ош
31.03.2011 17:17
Бакыт мырза Диалектиканы билип анан ушинтип жол таппай жургон боордошунду критикаласан. Таза эмес дейсин да озунчо эле таза болуп ыя

кимден: Сайпидин каяктан: Баткен
30.03.2011 11:15
Урматтуу Азаттык кызматкерлери.. Баткенден ушундай оор койгойлуу маселлерди Баткендеги кабарчынар ар дайым айтып чыгат бирок маселе ошол боюнча эле кала берет да. чын эле ушундай проблемаларды налдын албаса эртен жаз келип, жайыттан, же дагы бир чек арадан тополон чыкса кеч болуп калат да. Бийлик ушул макалаларды окуйбу же жазып эле кала береби.. ОТУНБАЕВАГА ДА СУНУШ КЫЛГЫЛА ОКУСУН, ЭЛ ЭМНЕ ДЕП ЖАТАТ.. ЖАЙЫТ МАСЕЛЕСИ ДА ООР ЧЕЧИШ КЕРЕК
Пикирге жооп

кимден: Men каяктан: Germany
01.04.2011 21:57
Salam aleikum, dos sen tuura jazyptyrsyn. Birok Azattyk tan kalyshtuusu ozbekche jazylgan pikirlerdi kyrgyzcha blogdorgo koshup koiott, al emi kyrgyzcha jazgan pikirlerdi keede koshpoi dele koio beret. Anan dagy Azattyk bizdin okmotko myndai maselerdi jetkirbeit, kotorup chykpait. Any biz myna sen men jana bashkalar kylysh kerek.

кимден: Эмиль каяктан: Ош
29.03.2011 23:24
Бизде да озбекстандын жарандары көп эле болсо керек.ФМС менен милициялар ошолорду кармап силер да кууп чыгып койбойсунарбы
Пикирге жооп

кимден: Men каяктан: Germany
01.04.2011 22:03
Dos, saga aitaarym. Men ozu jeke taanygan ozbekterden kopchulugu (kerek bolso aty jonuno cheyin anyk bilem) ozbekstandyn da jarandygyn tutunushat, ar birinde ozbekstandyn pasporttoru bar. KG jashap jaradygynda bolup turup ushundai. Myna ozung kara, eger koogalang chyksa ozbekstanga kairylyshat, ozbekstandyn aralashuusun kaalashat. akyryndap baryp Ozbekstanga eli jeri menen otup ketuugo je avtonomiaga ailanuuga chong mumkunchuluk jaratat.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)