Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Ала качуу асынууга жеткирген


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Бул муңдуу окуя Ысык-Көлдө болгон. Жигит бир кызды эркине койбой ала качып алат, намысына чыдабаган кыз болсо өз жанын кыят.

Самара (этикалык жагдайдан улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) Караколдо окуу жайлардын биринде окучу. Окуусу да мыкты, уюштургуч жөндөмү менен өзгөчөлөнгөн кызды курсташтары староста кылып шайлап алышат. Бир сапар Урмат деген жигит Самараны жактырып калып, аны менен таанышууну көздөйт. Кыздын окууну бүтмөйүн күйөөгө чыгайын деген ою жок эле.

Бирок кыргыз турмушунда көп кездешкендей, Урмат достору менен Самараны ой-боюна койбой ала качып кетет. Аны зордоп үйгө киргизип, башына жоолук салып туруп, "чуу салба" деп коркутушат. Бирок Самара абдан эрктүү кыз эле, ыңгайын таап туруп, качып кетет.

Үйүнө качып келгенден кийин Самара аны ала качып кетишкенин, бирок акырын баса бергенин айтып берет. Дал ошол маалда Урматтын ата-энеси менен жеңелери жетип келип, Самараны алып кеткенге уруксат бергиле деп ата-энесинини бутуна жыгылышат. “Эгер Самара келбесе, Урмат өзү жанын өзү кыйганы жатат”, - деп ыйламсырашат жеңелери.

Самаранын боору ооруйбу, айтор, эркине каршы иш кылып, ала качкан үйгө кайтып барат. Ошондон үч ай өтөт, ал аралыкта эмне жашоо болду, айтыш кыйын, бирок бир сапар курбулары аны 8-март майрамына карата кафеге чакырышат. Баары жыргап-куунап бийлеп жаткан маалда кафеге капыстан Урмат кирип келет.

Анын түгү бетине чыгып, күйөөгө чыккан аял мындай жерде бийлемек түгүл басып келбеши керек деп элдин көзүнчө Самараны жемелей баштайт. Ошону менен майрамдын ойрону чыгат, жаш жубайлар чырдашат. Күйөөсүнөн мындай жорукту күтпөгөн Самара көз жашын көлдөтүп отуруп калат.

Кийинки күнү таңында Урмат дүкөнгө кеткен кезде Самара ойго келбеген жорукка аттанат. Ал коштошуу катын жазып калтырат, анда ата-энесинен кечирим сураган, Урматка болсо каалагандай колукту таап алууну тилеген. Андан ары боюнда бар экенин, эки күнөөнү мойнуна көтөрүп жатканын жазган. Ошондон кийин Самара жанын кыйганга барган.

Анын асынган денесин коңшулары менен Урмат таап, милицияны чакырышат. Каракол милициясынын маалымат журналында "Суицид" деп жазылып калган, анын ордуна «Өз жанын кыюуга аргасыз кылган» деген жазуу болууга тийиш эле. Ошол окуяга байланыштуу Караколдо «Ала качуусуз жаз» аттуу акция өткөрүлдү, анын максаты ала качуунун артынан минтип жапжаш өмүрлөр кыйылып жатканына көпчүлүктүн көңүлун буруу болуп саналат.

Бул акцияны Кыргызстандын туш-тушунан көптөгөн адамдар колдоп, кайрылууга кол коюшту. Өлкө президенти, ички иштер министринин орун басары, депутаттар да бул акцияга тилектештигин билдиришти. Мүмкүн, мына ушул өңдүү иш-чаралар ала качуудан азап тарткандардын тагдырын жеңилдетээр?

XS
SM
MD
LG