Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Абактагы оорулуу аялды ким коргойт?


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.

Психикалык жактан оорулуу аял манты казан уурдады деген айып менен эки жарым айдан бери абакта жатат. Анын апасы Роза Аманова күн сайын түрмөгө киргизген тамагы кызына тийбей жатканына кейийт.

Ошол эле кезде түрмө жетекчилиги абактагы Гүлбаранын тез арада абактан чыгышына өздөрү да жардамдашып жатканын айтышат.

Кара-Суу районунун тургуну, кызы абакта жаткан Роза Аманова буларды айтты:

- Тамак алып келип берсем аны жанындагы аялдар кызыма бербей өздөрү жеп алышыптыр. Таттуурак нерсени жанындагы аялдар тартып алат экен. Тапканыма нан эле алып келип жатам. "Апа, нан эле жеп атам" деп кат жазып жибериптир. Катын окудум, бирок өзүн көрө элекмин.

Роза Аманова эки жарым айдан бери абакта жаткан кызына тамак ташыйт. Камактагы аялдын эжеси Гүлдана Аманова оорукчан сиңдиси абакта токмоктолуп, абалы начарлап кеткенин өз көзү менен көрүп чыкканын айтууда:

- Азыркы абалы өтө жаман. Эки желкеси курушуп, эркин сүйлөй албайт. Аны жанындагы аялдар муунтуп, "ажатканага башыңды тыгып коём" деп коркутушуптур. Абалы начар. Өз көзүм менен көрүп чыктым.

Тайкы тагдыр

Роза Аманованын айтымында, кызы Гүлбара тубаса оорукчан. Дарты бойго жеткен чакта өтүшүп, жети жолу Оштогу психиатриялык ооруканага жатып чыккан.

- Кызым кичинесинен эле ооручу. Ишке жарамсыз. Жашында жумшасаң аны-муну түшүнчү эле, азыр такыр эле болбой калды. Анан бирдеме десең эле таарынып, түйүнчөккө кийимдерин түйүп чыгып кетет. Ошентип жүрүп документтерин жоготуп алган.

Абактардын бири
Абактардын бири

Гүлбара Аманова камакка мындан эки жыл мурда, манты казан уурдаган деп кармалып, үч жылга шарттуу кесилген. Анын талабы боюнча Гүлбара ай сайын милицияга келип, катталып турган эмес. Эки жылдан кийин апасын ээрчип, Кара-Суу районунун Нариман айылындагы паспорт столго келген учурда милиция аны "издөөдө жүрөт" деген негиз менен кармаган. Бирок Гүлбаранын апасы манты казандын ээлеринен тосмо арыз алган. Роза Аманованын айтымында, манты казан уурдалган эмес.

- Манты казандын ээси “мен дагы кудайдан үмүтү бар адаммын” деп бизге тосмо арыз жазып берди. Муну тергөөчү балдар эле камап салышты.

Учурда абакта жаткан Гүлбара Аманова да манты казанды уурдабаганын айтууда.

- Мен уурдаган эмесмин. Ошого өзүм да таң калып жатам. Башым да катуу ооруп кетти. Мурда ооручу эмес.

Доо жок, иш бар

Доогер тараптан Чынара Ражапованын манты казанын уурдатканы тууралуу пикирин алууга мүмкүн болгон жок. Бирок анын "манты казан уурдалган эмес" деген тил катын көрдүк.

Тапканыма нан эле алып келип жатам. "Апа, нан эле жеп атам" деп кат жазып жибериптир.

Учурда Гүлбара жаткан Оштогу №5 абактын кызматкерлери анын психикалык жактан оорулуу экенин дароо байкашкан. Аны чыгаруу үчүн өздөрү да бейөкмөт уюмдардан адвокат издешкен. Абактын жетекчи орун басары Абдилазиз Тургунов Гүлбаранын эркиндикке чыкпай жатышына жактоочулар күнөөлүү деген пикирде:

- Бул бизге жаңы келгенде эле тамак жебей жатканынан оорулуу экенин байкаганбыз. Ашказаны ооруп, бөлкө нан жей албайт экен. Анан кээде өзүбүз сырттан наабай нан алып келип берип жатабыз. Негизи айып мунун ишин караган адвокаттарда. Психикалык оорулуу катары каттоодо турганы жөнүндө аныктаманы алган эмес. Ошол аныктаманын негизинде соттор деле соттобой коюшу мүмкүн эле.

Гүлбара Аманованын иши Кара-Суу райондук, Ош облустук сотунда каралды. Бирок эки инстанциянын соттору тең Аманованы "кечирген" эмес.

Роза Аманова бир уул, үч кыздуу болгон. Абышкасы көп жыл мурда дүйнө салган. Балдарынын теңи оорукчан төрөлгөндүктөн пенсиясы алардын дары-дармегине эле кетет. Бул арада айласы кеткен Роза Аманова Гүлбаранын төшөктөрүнөн бери сатып, тапкан акчасын укук коргоо кызматкерлерине коротуп жатат. Ар бир сөзүндө тиги милицияга мынча, жактоочуга анча бергенин айтып отурат. Бирок анын бейтап кызынын тагдырына боор ооруган жактоочу чыга элек.

Роза Аманованын айтымында, кызы Гүлбара камакка алынган күнү да ачка болчу. Бир сындырым нанды эми алып чыгып жей баштаганда апасы тыйып койгон экен. Эне азыр ошол бир сындырым нанды кызына бербегенине өкүнүп отурат.

XS
SM
MD
LG