Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

"Кызыл камчы" эркектерди ким тыят?


Өткөн жылы Араванда болсо бир үй-бүлө өз келинин “жүрүм-туруму начар” деп өлтүрүп, денесин каналга агызганы аныкталган.
Өткөн жылы Араванда болсо бир үй-бүлө өз келинин “жүрүм-туруму начар” деп өлтүрүп, денесин каналга агызганы аныкталган.

15-февралда Бишкектин тургуну 24 жаштагы аялын сабап өлтүрүп салган. Февралдын жарымында эле үй-бүлөдө аялга карата зомбулук көрсөтүлгөн ондон ашуун учур катталды.

Бишкек шаарынын тургуну Мамасадык Жолдошовдун айтымында, кызы Жибекти күйөө баласы токмоктоп, натыйжада каза болгон:​

- Өткөн жылы октябрда эле үйлөнүшкөн. Мурда да урушканынан элдештирип жүрчүмүн. 17-февралда кызым 25ке чыкмак.

Окуя 15-февралда кечке жуук болгон. Жибек ур-токмоктон эс-учун жоготкон соң күйөөсү тез жардамга жана жакындарына өзү кабарлаган. “Үйгө кирсем кызым жерде жатыптыр. Денеси бүт көгала”, - дейт маркумдун атасы Мамасадык Жолдошов.

Ошол эле учурда Жибектин күйөөсүнүн апасы “Азаттыкка” уулу аялын атайылап өлтүрбөгөнүн, окуя кокустан болгонун, баласы жазадан качпай милицияга өзү барганын айтууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы болсо “102” ыкчам телефонуна белгисиз адамдан маалымат түшкөнүн кабарлады. Окуя болгон жерге милициянын иликтөө тобу барып, денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери бар Жибекти табышкан.

Кыргызстанда үй-бүлө чырына көбүнчө социалдык көйгөйлөр себеп болору айтылат
Кыргызстанда үй-бүлө чырына көбүнчө социалдык көйгөйлөр себеп болору айтылат

Бишкек шаардык милициясы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын улантууда. Аталган кылмышка шектүү деп, каза болгон келиндин күйөөсү кармалган.

Ушундай эле окуя он күн мурда Ош шаарында катталган болчу. Анда 52 жаштагы Рано Ахмедованы күйөөсү “кызыңа жакшы тарбия бербейсиң” деп өлүп калганча сабаган.

Өткөн жылы Араванда болсо бир үй-бүлө өз келинин “жүрүм-туруму начар” деп өлтүрүп, денесин каналга агызганы аныкталган.

Жакында эле Бишкекте орто жаштагы келинди мурдагы күйөөсү токмоктоп жаткан жерден милиция араң ажыратып калган.

Айтор мындай окуялар күн санап болбосо, ара жумада катталып турат.

Кайдыгерликтин кесепети

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан ооруканаларга кайрылгандардын саны да жыл санап өсүп жатканы байкалат. 2012-жылы дарыгерлер 747 учурду каттаган болсо, 2013-жылы 1062 окуя каттоого алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова коомдогу зомбулуктун көбүн үй-бүлөдөгү социалдык бейкамсыздык шарттайт деген пикирин ортого салып, аялдар жана балдар укуктарынын басмырланган көйгөйгөлөрүнө коом жеткиликтүү маани бербей жатканын айтып кейийт.

Ширин Айтматова
Ширин Айтматова

- Жогорку Кеңешти эле алып карасак, аялдар жана балдарга карата зомбулук көйгөйү жалаң аял депутаттарды тынчсыздырганын байкайсың. Ушул жаатта ачык же эл алдына кеңири көрсөтүлгөн сот териштирүүлөрүн өткөрүү зарыл. Эмне үчүн телеканал же башка массалык маалымат каражаттарынан тигил же бул саясатчынын үстүнөн жүргөн сот процесстери байма-бай көрсөтүлүп, ал эми аял, балдар укугу орой басмырланган учурлар көңүл сыртында кала берет? Ошондой эле социалдык жактан жетишсиздик үй-бүлөдөгү чыр-чатактын очогу болууда.

"Сезим" кризистик борборунун өкүлү Сүйүн Курманова эскиден келаткан менталитеттерден улам үй-бүлөдөгү араздашуу андан ары курчуп, зомбулукка, киши өлүмүнө жеткирип жатат деген ойдо.

- Илгертеден берки келаткан көз караштарыбыз аябай терс таасир этип жатат. Мисалы, “эрди катын урушат, эси кеткен болушат”, “үй-бүлөнүн ички маселесине кийлигишкенге болбойт” деген менталитет коомду кайдыгерликке түртүүдө. Бирок катталып жаткан өтө коркунучтуу окуялар тигил же бул үй-бүлөгө эле тиешелүү көрүнүш эмес, бул коомго каршы жасалган кылмыш экенин аныктап жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2013-жылы Кыргызстан боюнча зомбулук көргөн эки миңден ашуун аял милицияга арыз менен кайрылган. Анын 137и боюнча гана кылмыш иши козголгон. Аялга зомбулук көрсөткөн 1011 адамга административдик айып салынган.

“Кризистик борборлордун ассоциациясы” уюштурган иликтөөнүн жыйынтыгында айтылганга караганда, Кыргызстандагы аялдардын 85 пайызы күйөөсү тарабынан зомбулукка туш болот.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG