Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Кайнене келинин каалагандай калчаса болобу?


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Кыштын ызгаар түнүндө жаш келин алынын барынча чуркап, аяш атасынын үйүнө келатты. Пальтосуз болсо да суукту сезбегендей, улам артын карап коюп, корккон бойдон дарбазага жете келип, бар күчү менен ургулай баштады. Баары кызуу уйкуда, эч ким чыкпайт, келин артынан жетип калган куугунду, - ал болсо өз күйөөсү эле,- алыстан көргөндө ойлонуп турбай, бийик дубалдан кантип ашып түшкөнүн өзү да билбейт. Колуктусунун артынан секирип киргенден айбыккан жигит артына кетти. Анын колунда узун союл бар эле.

Жүрөгү түшүп, калчылдап калган келинди кымтылап жаап, чай берип, аяш атасы менен апасы эптеп эсине келтиришти. Перизат бул айылга келин болуп келгенине жыл айлана элек. Кайын энеси экөө таптакыр тил табыша албай коюшту. Акыркы кезде ал уулунун колтугуна суу бүркүп, келинине тукурганы тукурган.

Перизат аяш атасынын үйүнө бүгүн биринчи жолу качып келген жок, буга чейин канча курдай качып келгени эсинде жок. Келген сайын булар Перизатты алдап-соолап, күйөөсүн чакырып тыйып, кеп-кеңеш айтып артына кайтарышат. Бирок бул сапар бети-башы көгала болуп, коркконунан эс-учуна араң келген аяш кызын үйүнө жибербей коюшту. Мындан ары чыдоого болбойт эле, ары же бери кылуу керек. Ыраматылык досу Эргештин кызынын минтип кор болуп жатканына чындап ичи ооруду аяш атанын.

Эртеси өзү барды да, кайын эне менен күйөө балага маселени кабыргасынан койду: “Эми дагы ушундай болсо, экинчи босогоңорду аттабайт!” Бирок кудагыйы эч камаарыбай туруп: “Элдин баарынын эле келиндери таяк жейт, эчтемке болбой эле оокатын кылып атышат, бул эмне башкалардан артык бекен, эси жок болсо ушинтип таягын жей берет”, - деп жооп кайтарганы. Күйөөсү болсо унчукпай жер караганы менен, өзүн күнөөлүү деп сезгенге окшобойт.

Айласы кеткен аяш ата бу баланы коркутуп койоюн деп участкалык милиционерге барды. Аны ордунан таппай, кечке убара тартканын айт. Эртеси күнү дагы издеди, кечке маал ала-күү болгон тартип сакчысы аяш кызым деп күйүп-бышкан кишинин өзүн күнөөлөп кирсе болобу:

Ай, аксакал, башка кылаар ишиң жокпу? Мага минтип жардам бербей эле кой, айылдыктар өз оокатын өздөрү кыла беришет, бирде ыйлайт, бирде жыргайт дегендей, тем более семейный ишке аралашпай эле койсоңчу, акеси! - дебеспи.

Ызаланган аяш ата районго барды, түз эле ички иштер бөлүмүнүн башчысына кайрылды. Ошондо гана Перизаттын күйөөсүн милиционерлер келип алып кетишти. Албууттанган кайын энеси Перизаттын кийим-кечесин көчөгө ыргытып, ошол күнү келинин экинчи келгис кылып кууп чыкты. Уулу болсо үч күндөн кийин үйүнө кайтып келди. Эми ага энеси кандай аял алып берээр экен?

XS
SM
MD
LG