Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:55

Кыргызстан

Нарында карышкырлар күч алды

Жырткычтар кала берсе айылга чейин түшүп келип, короодогу мал-жанга кол салууда. Мисалы, Ат-Башыда бир үй-бүлөнүн 12 коюн жара тартып кеткен экен.

Текст көлөмү - +

Адистердин айтымында, тоо эчки, кийиктерди адамдар кырып азайткандыктан, кашабаңдар арга жоктон малга кол салууда. Ат-Башы районунун тургуну, жергиликтүү журналист Жекшенбай Курманов "Азаттыкка" карышкырларды атып азайтууга эмнелер жолтоо болуп жатканы тууралуу айтып берди.

Жекшенбай Курманов:
Карышкыр азыр өтө эле күч болуп атат. Жылдан-жылга көбөйүп, жылдан-жылга күчөп атпайбы. Азыр айрыкча Кара-Суу, Ак-Жар, Ак-Муз, Талды-Суу деген айыл округдарынын бөксөө кыштоолорунда өтө күч болуп атат. Мисалы Ак-Муздан Алымкулов Бозгун деген фермерден эки баш бээ, Акедеева Айшакан деген эженикинен бир баш бээ, Черикбаев Токой деген аксакалдын үйүрүнөн төрт баш бээни, Заиров Мукаш деген фермерден бир баш тайды, талдысуулук Жапаров Шерик деген аксакалдыкынан бир баш бээ, бир баш тайын жайлаган. Анан акжарлык Манапбаев Кален деген фермердин короосуна түшүп он эки баш коюн кырып кеткен.

-Карышкылар айылдарга чейин түшүп, короолорго кирип жаткан экен, адам өмүрүнө коркунуч туулган жокпу?

Жекшенбай Курманов: Адам өмүрүнө коркунуч туулган жагдайлар жок. Бирок короого түшүп жаткандан кийин үйдө ээлери бар да, майда бала-чака болуп калса албетте коркунуч болот. Кудай сактасын, андай боло элек.

- Бул карышкырлар кол салганда тобу менен келип жатабы же жалгыздан келип эле малды жыра салып атабы?

Жекшенбай Курманов:
Жалгыздан келбейт булар. Үйүр-үйүр болуп жүрөт деп эл айтып жатат. Бештен-ондон. Бирден-экиден жүрбөйт булар. Мисалы чоң бээлер эч качан алдырбаш керек эле, оңой менен да алдырбайт. Анан жанагы топ менен жеп кетип атат да.

- Ал эми ошол карышкырлардын короолорго кирип, мал-жанга кол салуусуна бөгөт коюу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандай аракеттерди көрүп жатат?

Жекшенбай Курманов: Облустук мергенчилик инспекциясы ички иштер бөлүмү менен бирдикте атайын үч топ келип, Ат-Башынын бөксөө кыштоолорунда иштеп атат. Талды-Суудан бир карышкыр атышыптыр.

-Жергиликтүү калкта карышкырдан коргоонууга кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Мылтыктары барбы?

Жекшенбай Курманов: Эми аларда мылтык болгон күндө алар бар деп айтпайт да. Мылтык менен аттым десе, эртең "ал мылтыкты кайдан алдың эле, бул кимдики эле, эмне болдуң эле" деген маселе болот. Бул болуп да келген. Анан мына азыр ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи келип ал кичине түшүнгөн жигит экен, ал маселени мындай чогуу чечишкен. Мылтыктын тек жайы суралбайт, чогуу иштейбиз деп, жергиликтүү мергенчилерге мылтык берилип иштеп жатышат.
 

- Жекшенбай мырза, карышкырлардын адамдар отурукташкан жерлерге чейин даап баарып киргенинин себеби жапайы тоо эчки, кийиктерди адамдар кырып азайткандыктан, аталган жырткычтар арга жоктон короодогу малга кол салып жаткан жокпу?

Жекшенбай Курманов: Бул да туура. Себеби кийиктерди атып эле этин сатып атпайбы, 150 сомдон 200 сомго чейин. Анан кийик деген талкаланып бүттү. Бул бир. Экинчиси жазында анан күзүндө атайын мергенчилер, беркиндей жашыруун мергенчилер жазгы суурду алат да. Карышкырлар суур менен да жан сактайт да. Ушунун баары кырылып атса аларга жем керек анан аргасыз малга кол салып жатпайбы.

- Маегиңизге рахмат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: айка каяктан: москва
25.12.2010 15:41
Урматтуу Сынчы! Олкодо эч нерсе жок болуп жатпайбы.Жумуш жок,айлык аз. Бизнес баштасан бонкрот,олко тополон.Анан адамга окшоп жашап,бала чаканы жакшылап багайын деп Россияга кетип атышат да эл. Россияда эн жок дегенде айына 10мин рубль табасын, сомго 15миндей болот. балдарына кенири жетет. А Кыргызстанда 10 тыйы таппай жатабыз го.

кимден: Synchy
24.12.2010 11:17
Бийликке эки буттуу карышкырлар келгенден кийин жырткыч карышкырлар тууралуу айтпай эле коелу. Жаныбар тушунбой кол салат, а адам карышкыр окмотко келип, “там откусил, здесь закусил” деп отуруп олкону 3ко болуп алат. Жаныбар курсагы ачка болуп кол салат, а окмоттогу карышкырлар бийликке жетип, озу тойсо да көзү тойбой, ири-ири объектилерди менчиктештирип, сатып, облуска чейин болушуп алат. Жаныбар озунун токоюнда эле журот, ошону коргоп, эч кимди киргизбей, ал эми адам карышкыр буту бутуна тийбе Россияга жугуруп барат, бир нерседен кур калгансып.

кимден: айка каяктан: москва
24.12.2010 03:46
Какендер дагы тополондо пайдаланып калалы деп жатышса керек да.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
23.12.2010 23:05
Соз карышкыр,Ат-Башы,мергенчилер жонундо болгондуктан созго аралашкым келди.
Бут Кыргызстан боюнча так ушу Ат-Башыда биздин жаратлышты кыйратып,тубуно жетчуу ото коркунучтуу иштер котптон бери болуп жатканына эч ким конул бурбай келгени окундурот.Айрыкча окмот тараптан.
Бул сайттарга кирп карап корсонор:http://www.infohub.com/travel_packages/hunting_kyrgyzstan_84.html
Акча деп чын эле бут байлыгыбыздын баарын сатып бутмой болдук.
Мен Азаттыктан ушул мергенчилик менен шугулданган фирма же жеке кишилер жонундо башынан аягына чейин толугураак макала жазганынарды каалайт элем.
Азаттыкты бут Кыргызстандыктар жакшы коруп окуйт ко.Балким кичине болсо да элдин конулундо болот беле.Оз олкобузду озубуз туп тамырынан бери кыйратып жатканыбызды билишет беле,тушунушот беле ?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)