Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Курманалиева: Таласта кендин баары иштебей турат


Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева аймактагы кырдаал тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Өтмөк жолунун абалы кандай? Кыш-күрөөдө Таласка барып-келүү кыйындаган жокпу?

Койсун Курманалиева: Быйыл кар абдан оор түшүп, буйруса жазга карата суу көп болот деген жакшы тилектерден үмүт кылып атабыз.

Өтмөк жолунда абал чынында кыйыныраак. Анткени кар мурдагыдан көбүрөөк түштү. Мен кечээ өкмөттүн жыйынына катышып, кайра түнү менен Таласка келдим. Жолдордун баары күрөлгөн. Быйыл өзгөчө көңүл буруп, жолду тазалоо иштери жакшы жүрүп жатат. Бардык жерлер тазаланып, кумдар себилип жакшы эле экен. Кечээ кечинде өзүм көрүп келдим.

“Азаттык”: Сууктун айынан Таласта мектептерде сабак 30 мүнөттөн болуп жатат деп маалымдалды эле. Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган жокпу? Отун-суу жетиштүү элеби?

Койсун Курманалиева: Жалпы электр энергиясын берүү жакшы эле болуп жатат. Бирок чектелүү болуп жатканына байланыштуу бир сааттан, айрым учурларда эки саатка жакын убакыт график менен өчүрүлүп жатат. Бирок биз мектептин иши үзгүлтүккө учурабашы үчүн эртең менен өчүргөн жокпуз. Кечке маал, эл жаткан убактарда бир аз график менен өчүрүлүп жатат. Эки мектепте авариялык кырдаал түзүлгөн. Биз аны бир аптанын ичинде оңдодук. Учурда бардык мектепте иш толук жүрүп жатат.

“Азаттык”: Чек арадагы абал тууралуу айтып бересизби. Былтыр айрыкча дыйкандар мөмө-чөмөсүн сата албай кыйналышты эле. Өзгөрүү барбы?

Койсун Курманалиева: Чек ара маселесин облустук, райондук деңгээлде чечүү өтө кыйын болуп жатат. Мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү болду. Учурда өтө чоң деле жолтоо жок. Бирок мындан эки жыл мурун жабылган эки бекет дагы эле ачыла элек. Ал эми бир бекетте мыйзам чегинде биз жактан эч кандай тоскоолдук жок. Казак тарап документ жактан бардык талаптарды коюп жатканына байланыштуу токтоп, кезек күтүп өтүүлөр болуп жатат.

Айыл чарба өнүмүн сатуу маселесине келгенде бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Картошканы сата албай калдык. Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин Жамбыл облусуна былтыр Орусиядан көбүрөөк көлөмдөгү картошка түшүп, биз өзүбүздүн картошкабызды сатууда кыйналып жатабыз.

“Азаттык”: Өкмөттүн кечээ күнкү жыйынында кен иштетүүдөн түшкөн салыктын 50 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Таластан канча кен иштетилип жатат, жана бул чечим ишке аша баштаса жергиликтүү бюджетке канча каражат түшөт?

Койсун Курманалиева: Эки жылдан бери түрдүү себептерге байланыштуу Таласта кендер иштебей турат. Кенди чалгындоо иштери бир эле жерде жүрүп жатат. Калган жерлерде иш токтоп турат. Биздин аймактагы Жерүй кенин иштеткен компаниянын иши соттук териштирүүлөрдөн улам токтоп турат. Ошондуктан кенди иштетүүдөн түшөт деген кошумча салыктар жокко эсе. Бирок биз ага карабай мүмкүнчүлүккө жараша алынбай калган салыктын түрлөрүн тапканга аракет кылып жатабыз.

Былтыр биз Таласта салыктын планын аткара алдык. Соттук териштирүүлөр бүтсө, мына жакынкы арада Жогорку Сотто каралат деп атат, ошол иш бүтсө, Жерүй кени иштеп калса салыктын көлөмү жогорулайт.

“Азаттык”: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күз-кыш айлары жаан-чачындуу болгондуктан сел, суу ташкын коркунучу жогору деп алдын ала эскертме берип жатат. Таласта мындай кооптуу аймактар көппү?

Койсун Курманалиева: Бизде кооптуу аймактардын карталары түзүлүп, алдын ала иш-чара жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген. Биз бул боюнча иштеп жатабыз. Суу көп түшөт, же аз түшөт деген божомолдор жок, бирок кооптуу аймактарда аким, айыл өкмөттөрү менен бирдикте атайын окуулар өткөн. Райондук деңгээлде, облустук деңгээлде кандай жумуштарды жасашыбыз керектиги алдын ала белгиленген.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG