Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:53

Эл үнү / Коом

Жылуу кийин, үшүйсүң!

Кышында ооруканаларга кайрылган адамдардын саны өсөт. Көбүнчөсү дене мүчөсүн үшүккө алдырып жаткан экен. Адистер кыш мезгилинде жеке саламаттыкка өзгөчө астейдил мамиле кылууга чакырып жатышат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов кыш маалында саламаттыкка кандай көңүл буруу керектиги тууралуу кеңештери менен бөлүштү.

Текст көлөмү - +
- Азыр кыштын кыраан чилдеси. Ушундай суук малда ооруканаларга кимдер кайрылып жатат?

К. Мамбетов: Көбүнчө жашай турган жери жок, көчөдө калган жарандар биринчи кезекте кайрылууда. Андан кийин мас болуп көчөдө жатып калгандар. Быйылкы жылы Бишкек шаарында травматология жана ортопедия борборунун маалыматы боюнча, былтыркы жылдын эсебинен он бир киши сууктан көз жумган. Майрам күндөрү да ушул өңдүү кайрылуулар болгон. Мисалы төрт киши түшкөн болсо, экөө сууктан, экөө күйүп кеткен.

- Алардын арасында буту колунан айрылгандар да болсо керек...

К. Мамбетов: Бар. Мисалы операция болгондор, ампутация деп коебуз, былтыркы жылы он алты киши ампутация болгон.

- Ушундай суук маалда Кыргызстанда кандай оорулардын түрлөрү күч алат?

К. Мамбетов:
Биринчиден, вирустук инфекциялар, жугуштуу ооруулар, биз аларды ОРВИ деп коебуз. Мисалы 2009-жылы мындай оорууга чалдыккан адамдардын саны эки жүз миңге чукул болсо, былтыр жүз он алты миңге жеткен.

- Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл ОРВИ ооруусу кыйла азыраак экен. Мунун себеби эмнеде? Саламаттыкты сактоо мекемелеринин натыйжалуу ишинен уламбы же жарандар өз саламаттыгына жоопкерчилик менен мамиле жасап калдыбы?

К. Мамбетов: Мунун себеби көп. Жогоруда мен кеп кылган көрсөткөчтүр жыл өткөн сайын өзгөрүп турат. Бир жылдары көбөйөт, кээ бир жылдары азаят. Анткени адамдын организминде айрым тумоолордун түрлөрүнө иммунитет пайда болуп турат . Иммунитет пайда болуп калган учурларда ооруга чалдыккандардын саны азайып кетет. Буга биз да себепкер болобуз. Мисалы убагында иммунизация, вакцинация жасасак, дарылар менен жетиштүү камсыз кылып турсак, эл өзү да элдик медицинаны колдонуп турса бул да себеп болуп турат.

- Жыл мезгилдери өзгөргөнүнө жараша адамдардын иммунитети, ооруларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү өзгөрүп турса керек. Ушундай жагдайда ооруларды алдын алуу үчүн адис катары кандай сунуштарыңызды айтат элеңиз?

К. Мамбетов: Эл көп чогулган жерлерге азыраак барыш керек. Көбүнчө балдарды ушундай жерлерден сакташ керек. Андан тышкары ар бир адам өзүнүн иммунитетин өзү караш керек. Ошондуктан сасык тумоого болобу алдын алуу дары-дармектери бардыгына белгилүү, бардык эле дарыканаларда бар, ошолорду алып ичип, ден соолукту бекемдеп туруш керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу