Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Кыргыз Уикипедиясынын кулачы кеңейүүдө


Кыргыз Уикипедиясына арналган жыйындан. Бишкек, 2011-жылдын 30-марты.
Кыргыз Уикипедиясына арналган жыйындан. Бишкек, 2011-жылдын 30-марты.

Бишкекте кыргыз уикипедиячыларынын биринчи республикалык жыйыны башталды. Ага чогулган интернет-энциклопедиянын Кыргызстандагы колдоочулары жана негиздөөчүлөрү долбоордун мындан аркы өнүгүү жолун талкуулап жатат.

Биз Кыргыз Уикипедиясынын эксперттер тобунун мүчөсү Улан Айдаровду кепке тарттык.

“Азаттык:” Кыргыз Уикипедиясынын алгачкы жыйыны өтүп жатканын эске албаганда, бул жаңы табылга экени белгилүү. Ошентсе да Кыргыз Уикипедиясынын түптөлгөнүнө канча убакыт болду жана азыр анда канча маалымат бар?


Улан Айдаров: Негизи Уикипедия интернет-энциклопедиясы 2001-жылдын 15- январында америкалык Джимми Уэйлс жана Ларри Сэнгер аттуу адамдар тарабынан негизделген. Кыргызстанга кыргыз тилиндеги Уикипедия ачууга 2002-жылы эле уруксат берилген. Бирок бизде интернет баракчаларында жетишээрлик маалымат болбогундуктан, Уикипедияны толтуруу иши 2008-жылы гана башталды. Ушул жылга чейин ал жакта 1850 гана макала болгон.

Анан 2011-жылдан баштап “Сорос” кору менен биргеликте мен, Тынчтыкбек Чоротегин, Чоробек Сааданбеков болуп атайын жумалык өткөрдүк. Биз Бишкектеги жана аймактардагы жогорку окуу жайларга барып студенттерди Уикипедия менен тааныштырууга багытталган атайын иш-чараларды өткөрдүк. Жыйынтыгында бир жуманын ичинде биз энциклопедияны эки жүздөн ашык макала менен толтурууга жетиштик. Ал эми азыр 3842 макала бар.

“Азаттык:” Бүгүн 2 күндүк жыйын башталыптыр, бул иш-чаранын максаты кандай?

Улан Айдаров: Бул жыйынга 50 дөн ашык киши катышат. Уикипедияга маалымат киргизем деген адам көп суроолорго жооп таппай калат. Мисалы, сүрөттөрдү кантип жүктөсө болот, же болбосо каталарды кантип оңдойм деген сыяктуу суроолорго жооп берип, маалымат жүктөө боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү.

“Азаттык:” Ушундай эле суроо бизде да бар, кыргыз тилиндеги макалалар менен кимдер толтура алат жана жалпы эле толтуруу эрежелерин кандай?

У
лан Айдаров: Бул эркин энциклопедия болгондуктан ар бир каалоочу толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок туура, так макаланы киргизип, алдына маалымат каяктан алынганы туралуу шилтемени да коюш керек.

“Азаттык:” Ар бир эле адам эркин жүктөй алса, анда бул макалалардын чын-төгүнүн текшерип, көзөмөлдөп турган дагы киши болобу?

Улан Айдаров: Ооба, сөзсүз. Азыр Аида Бишкек атуу атайын эксперт бардык макалаларды текшерип, чын-төгүнүн аныктап турат.

“Азаттык:” Эми Кыргыз Уикипедиясы интернет-энциклопедиясынын маалымат дүйнөсүндө орун таап, кенен кулачын жайып кетиши үчүн дагы кандай шарттар керек?

Улан Айдаров: Азыр биз жайга чейин Уикипедиянын ичиндеги макалалардын санын 50 минге жеткиргенге аракет кылуудабыз. Кыргыз энциклопедиясынын өкүлчүлүлүгү жана кыргыз тил агенттиги менен биргеликте иштеп дагы маалыматтарды киргизүү боюнча иштер жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG