Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Атамбаевдин бейнесине сүртүмдөр


Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган расмий эмес акыркы тыянактарына караганда 30-октябрдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев жеңди. Талапкердин жеңиши азыр Кыргызстандын өзүндө жана дүйнө коомчулугунда түрдүү өңүттөн талданып жатат. Кыргызстанга төртүнчү президент болуп келери анык болуп калган Алмаз Атамбаев деген ким?

Кыргызстанда төртүнчү президент болору күтүлүп жаткан Алмазбек Атамбаев кесиби боюнча инженер-экономист. 1980-жылы Москвадагы башкаруу институтун бүтүргөн.

Ишкер катары өзүн “Форум” илимий-өндүрүштүк бирикмесин түзүп, өнүктүрүү аркылуу тааныткан. Саясатка 1994-жылы Социал-демократтар партиясын негиздөө аркылуу келген.

1995, 2000-жылдары Кыргыз парламентине депутат болуп шайланып, акыркысында "кирешесин жашырды" деген айып менен мандатынан ажырап калган. 2000-жылы президенттикке талапкер болуп, анда Аскар Акаев менен Өмүрбек Текебаевден кийинки үчүнчү орунга чыккан.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы күрөшкө чыккан оппозициялык лидер катары Атамбаевдин арааны 2005-жылы жүргөн.

Күрөш күчөп турганда...

Жоогазын ыңкылабынын күжүрмөн катышуучусу саналган Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында эки жолу өкмөткө барган. Биринчисинде 2006-жылы Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп барган Атамбаев жети айдан кийин "Бакиевдин өкмөтү кылмышкерлерди колдоп жатат" деп күнөөлөп, кызматынан баш тарткан. Атамбаевди экинчи ирет Бакиев өз өкмөтүнө премьер-министр кылып 2007-жылы алып барган. Мындай кадамы аркылуу Бакиев өзүн оппозиция менен эсептешерин билдиргиси келсе, Атамбаев оппозиция менен бийлик ортосуна көпүрө болгусу келген.

11-апрель, 2007-жыл
11-апрель, 2007-жыл
Бул чечим оппозиция “Реформа үчүн” кыймылын түзүп, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева баштаган саясатчылардын айланасына реформачыл саясатчылар биригип, чоң күчкө айланып турган кезде кабыл алынып отурат. 2006-жылы бул кыймыл Бишкектин борбордук аянтында тынымсыз митингдерди уюштуруп, Конституцияны реформалоого бийликти мажбур кылган.

Бакиев бийлиги менен ага каршы күчтөр ортосунда саясий күрөш күчөп турган кезде Атамбаевдин өкмөт башчы болуп кетиши ошол кезде апогейине жетип турган оппозициялык күчтөрдүн ачуусуна тийген. Айрым санаалаштары “Бакиевди саясий өлүк деп жүргөн Атамбаев өзү саясий өлүккө айланды” деп чыгышса, партиялаштары "Саясий кеңеш менен акылдашпай чечим чыгарды" деп таарынышканы бар.

Атамбаев өзү болсо чечимин парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын ынтымагына байланыштырган:

- Менин дарегиме кандай гана сөздөр, ушактар айтылып жатат, "кызматка сатылды, тиги-бул" деген. Кээ бирлери мага айтып атышат, "сени сакташ үчүн премьерликке өткөрбөйбүз, саясатчы катары сактап калабыз" деп. Менин айтаар сөзүм: мени сактабай эле койгула. Кыргызстанды сактайлы.

Атамбаев өкмөттө Конституциялык реформаны аягына чыгаруу, экономиканы ыраатташтыруу милдетин алган. Өкмөттүн 40 пайызын оппозициялык маанайдагы саясатчылардан куроо ниетин билдирген. Бирок иш жүзүндө Атамбаев менен кошо өкмөткө реформа үчүн кыймылынан саясатчылар барган жок.

14-апрель, 2007-жыл
14-апрель, 2007-жыл
Жети айдан кийин, парламенттик шайлоонун алдында президент Бакиев “Данакер” орденин берип, милдетин өтөп бүттү деп, Атамбаевди премьер-министрлик кызматынан бошотту. Анткен менен Атамбаев ал кезде өкмөт башчы болгонуна өкүнбөстүгүн, эл менен бийликтин ортосунда данакер болгонун акыркы президенттик шайлоо маалында дагы бир жолу белгиледи.

Премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин 2009-жылкы президенттик шайлоого чейин саясаттан оолак болду. Анын партиясын парламенттик шайлоодо ошол кездеги “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Бабанов баштап барган. Ал эми президенттик шайлоодо 8 пайыздан ашыгыраак добуш алган.

Атамбаев өзүнүн санаалаштары менен Бакиевдин бийлигине каршы кайрадан президенттик шайлоодон кийин Бириккен Элдик Кыймылдын алкагында бириккен. Оппозициянын Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна, үй-бүлөлүк бизнесине каршы күрөш апрель окуясына өсүп жеткен.

Атамбаев апрель ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөттү, парламенттик шайлоодон кийин өкмөттү башкарып келатат. Анткен менен ал апрель ыңкылабынын жеңиштерин парламенттик шайлоодо жетиштүү коргой албай, июнь окуясын алдын ала албай калган саясий лидерлердин катарында сынга алынып келатат.

Жеңиштин ачкычы

Ошондой эле Атамбаевди атаандаштары ашкере ачуулуулугу, саясий лидерлерге таандык эмес билдирүүлөрү үчүн да сындап жүрүшөт. Коммунисттер партиясынын лидери, Атамбаев менен мурдагы президенттик шайлоодо өнөктөш болгон Искак Масалиев мындай мүнөз президенттик ишмердикке тоскоол болорун эскертет:

- Эгер Алмазбек Атамбаев тез келе турган ачуусун азайтса, иштей турган мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бир кемчилиги – ушакка бат ишенип алып чырылдай баштайт. Президенттик ишине бул сапат чон зыян келтириши мүмкүн. Эгер кемчилигин азайтса ийгилик болушу мүмкүн.

Бул жолку президенттик шайлоодо Атамбаев менен кошо 16 талапкер ат салышты. Алардын ичинен өзүнүн биринчи айлампада эле жеңишке жетишин ал элдин биримдикке умтулуусуна жоруду:

"Мен бир гана нерседен - өлкө бириге алабы, же жокпу деп коркком. Биз бир өлкө экенибизди, бизди улуту, аймагы боюнча да бөлүүгө болбой тургандыгына ынандым", - деп билдирди Атамбаев шайлоодон кийин журналисттерге.

Атамбаевдин жеңишинин ачкычы талдоочулар элдин социалдык абалына көңүл буруу, маяналарды көбөйтүү аркылуу шайлоочуларды өзүнө тартып алгандыгында деп жатышат. Өзү болсо алдыда өлкөнүн ынтымагы, тынчтыгы үчүн, бийликти коррупциясыз башкаруу үчүн күч үрөйм деп убада кылып турган кез.

Бул аралыкта талдоочулар арасында мамлекет башына Кыргызстандын түштүгүнө да, түндүгүнө да жага турган, стабилдүүлүккө кепилдик бере турган саясатчы келатат деген пикирлер айтылууда. Ошол эле мезгилде аны ашкере орусиячыл президент болот деп болжогондор да бар. Атамбаевдин өзүнүн алгачкы билдирүүлөрүнө караганда чынында эле Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Орусия башкы стратегиялык өнөктөш катары калчудай.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG