Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Апта: Коррупция жана Кумтөр...


Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.
Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.

Кендер жаңжалы боюнча Кыргызстан бир катар соттук териштирүүлөргө камданууда.

Узап бараткан аптада Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп, анда коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясы талкууланды.

Коррупция: бийликке көлөкө түшүргөн көрүнүштөр

​4-ноябрда Бишкекте Коргоо кеңешинин жыйыны болду. Кеңештин төрагасы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында өткөн жыйынга фракция лидерлери, күч структураларынын жетекчилери жана Коргоо кеңешинин калган мүчөлөрү катышты. Анда коррупцияга каршы күрөшүү маселеси көтөрүлдү.

Мамлекетти жапырт каптаган коррупциянын ичинен саясий жана системалык коррупция өр алып жатканы айтылды. Саясий коррупция партиялардын бийликке келиши менен күчөсө, системалык коррупция мамлекеттик системанын же министрлик, агенттик жана башка мамлекеттик органдардын ичинде өрчүп турат.

Саясий коррупциянын көрүнүшү катары президент Алмазбек Атамбаев буларды айтты:

- Коррупционерлер саясий партиялар аркылуу кадр жана финансы маселелерин чечүүгө жол таап жатышат. Алар жолду Ак үйдөн да, “Көк үйдөн” да издейт. Мындай көрүнүштөр борбордо да, жер-жерлерде да байкалат. Мен биринчи коалиция түзүлгөндө мындай оюндарды өзүм да көргөм. Ошондуктан кызматтарды устукандаганды токтотпосок, коалиция түзүлгөн сайын бул көрүнүш боло берет.

Алмазбек Атамбаев саясий коррупциядан сырткары системалык коррупцияга каршы күрөштү да алдыга койду. Коррупциянын бул түрү министрликтер жана башка мамлекеттик органдарда орун алганы белгиленди. Президент ошондой эле коррупцияга акыркы кезде сокку урулганын, бирок натыйжасы жетиштүү болбой жатканын айтты.

Кыргызстанда бир катар жогорку даражалуу азыркы жана мурунку кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, айрымдары камалашы менен коррупцияга сокку урулганын оппозициялык саясатчылар да моюндайт.

Бирок Кыргызстан мурунку бийликтер тушунда эң жогорку деңгээлдеги же мамлекет башчысы жана өкмөт башчысынын деңгээлиндеги коррупциядан эң оор жабыр тартып келген. Мына ушул жогорку деңгээлдеги коррупция, бул илдеттин министрликтерден бала бакчаларга чейин “балалап” кетишине алып келген. Кыргызстанды тынымсыз саясий кризисттерге салып келаткан Кумтөр чатагы да мына ошол жогорку деңгээлдеги коррупциянын “жемиши” экени белгилүү.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев Кыргызстанда коррупция кала бергенин четке какпайт. Бирок жогорку деңгээлдеги коррупция токтоду дейт:

- Эми буйруса андай чоң деңгээлдеги коррупция токтоду. Анткени мына коомчулук, массалык маалымат каражаттары бардык жерде карап турат. Анан парламенттин пайдасы да тийип жатат буга.

Орозбек Молдалиевдин пикиринде, системалык коррупцияга каршы күрөш эң кыйын болот. Анткени ага калктын өзү аралашып, ал кандайдыр бир менталитетке айланып калган.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов болсо Кыргызстанда жогорку деңгээлдеги коррупция жоюлган жок деген пикирде:


-Жоголгон жок. Эч жоголгон жок. Коррупция эң башында отургандардан башталып жатат. “Балык башынан сасыйт” болуп жатат. Ал эч жоюлган жок. Маселен, ошол эле президент. Мына Түркия бизге 100 млн. доллар берди. Ошонун тендерин ким алды? “Кыргызавтомаш” алды. “Кыргызавтомаштын” ээси ким? Ошентип коррупция башынан башталат.

Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, Кыргызстанда коррупцияга сокку чыныгы демократиялык бийлик орногондо, коррупцияга жол бербей турган система түзүлгөндө, мамлекеттик кызматкерлерге айлык акылар көтөрүлгөндө жана көзөмөл күчөтүлгөндө урулат. Ал эми коррупцияга каршы күрөштү талкуулаган Коргоо кеңешинин жыйыны кезинде Акаев жана Бакиевдер өткөргөн Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшкө арналган эски жыйындарынын эске салат деп кошумчалады Абдырахманов.

Кыргызстан коомчулугуна Орусиянын 198 млн. доллар насыясынын тагдыры, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишиндеги күмөндүү жагдайлары, ажылык үчүн визалардын сатылышы, Кумтөрдүн жана башка кендердин айланасындагы жаңжалдар, Бишкектеги арак заводун КСДП фракциясынын лидеринин жакын тууганы арзан сатып алышы, "Мегаком" чатагы жана башка коррупциялык чатактар боюнча так жооп бериле элек. Ал эмес Жогорку Кеңеш да Орусиянын насыяларынын кандай иштетилиши боюнча өкмөттөн отчет алалган эмес. Ошондуктан мына ушул көрүнүштөр азыркы бийликке көлөкө түшүрүүдө.

Алдыда соттошуулар...


Узап бараткан жумада Кыргызстандын алтын жана башка кендерине байланыштуу талаш-тартыштар татаалдануу жолуна түшкөнү байкалды. Маселен, Жерүй алтын кени боюнча казакстандык "Визор" компаниясы берген доо арызды кароочу эл аралык судьялар аныкталды. Белгилүү болгондой Жерүй алтын кени 2010-жыл апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстан сотторунун чечими менен мамлекетке кайтарылган. Казакстандык "Визор" компаниясы келишимдерди аткарган эмес деп лицензиядан ажыратылган. Аталган компания өз кезегинде 400 млн. доллар доо коюп, эл аралык сотко арызданган.

Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсүнө караганда, кыргыз өкмөтү казакстандык компания менен соттошуу үчүн даярдыктарды көрүп, юридикалык компанияны тандап алган:

- Эми юридикалык компания тандалды. Бирок ал компания менен келишим түзө элекпиз. Эми маселе эл аралык арбитражда карала турган болгондуктан, биз конкурсту жеңип чыккан компания менен келишим түзүп, жөнөтүшүбүз керек.

Кыргыз өкмөтү менен "Визор" компаниясынын ортосундагы талашты АКШ, Франция жана Белгиянын жарандары болгон үч судья карайт. Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, бул соттошуу бир жарым жылга чейин созулушу мүмкүн.

Кыргыз өкмөтүн Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендерине ээлик кылып келген “Кутесай майнинг” аттуу компания да эл аралык арбитражга берген маалым болду. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин 6-ноябрда “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, доо арызга байланыштуу документтер агенттикке келип түштү. Алар аны изилдөөгө киришти.

Кыргыз өкмөтүн сотко берген “Кутесай майнингдин” кожоюну канадалык “Stans Energy Korp” компаниясы. Ал Кыргызстандан 120 млн. долларга жакын доо өндүрүп алууну көздөөдө. Канадалыктар Куттуу-Сай жана Калей-Сайдагы сейрек кездешүүчү кендерди иштетүүгө мыйзамдуу укугу бар экенин белгилеп жатышат. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш март айындагы сессиясында “Кутесай майнинг” лицензиялык келишимдерди аткарбай жатканын билдирип, аны текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Башкы прокуратуранын арызы менен маселени Бишкектеги райондор аралык сот карап, июнь айында чечимин чыгарган. Ал боюнча “Кутесай майнинг” лицензиясынан ажыратылган. Куттуу-Сай, Калей-Сайда күмүш, висмут, коргошун, молибден, бериллий сыяктуу кендер бар. Алардын жалпы көлөмү 50 миң тоннадан ашуун экени маалым.

Куттуу-Сай жана Жерүй боюнча соттошууларга караганда Кумтөр боюнча соттошуу келечеги алда канча опурталдуу жана олуттуу экени байкалат. Анткени Кумтөрдөгү алтын кенинин көлөмү жана ага салынган каражаттын өлчөмү эбегейсиз көп. Эгерде кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” мунасага келе албаса, анда тараптар эл аралык сотто беттешип калышы турган иш.

Узап бараткан жумада “Центерра голддун” жетекчилери Стивен Ланг жана Ян Аткинсон баш болгон делегация Бишкекке келип, үч күн боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тараптардын Жогорку Кеңеш меморандумду жокко чыгаргандан кийинки биринчи жолку сүйлөшүүлөрү болду.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр оор болду. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев канадалыктарды Кыргызстандын шартына көнүүгө, болбосо эл аралык сотто соттошууга даярдыгын билдирди:

- Алар менен оор сөз болду. Премьер-министр аларды бурчка аябай катуу такады. Эгерде силер сүйлөшүүгө келе албасаңар, анда биз денонсацияга барабыз деди. Соттошкондон биз коркпойбуз, соттошууга даярбыз деп айтты. Ошондуктан биз айткан шарттарга көнүшүңөр керек деди. Эми алардын эксперттери менен биздин эксперттер дагы иштей турган болду.

Шыкмаматовдун айтымында, канадалыктар Кумтөрдөгү 67% үлүштү берүү мүмкүн эмес деп турушууда. Ошондуктан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болоорун айтуу кыйын.

Жогорку Кеңеш өкмөткө 23-декабрга чейин канадалыктар менен жаңы келишимге жетишүүнү, ал келишимде Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү кеминде 67% болуш керектигин тапшырган. Эгерде андай үлүш мүмкүн болбосо, анда кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимден бир жактуу түрдө чыгуу милдеттендирилген.

Өкмөткө Кумтөр боюнча бир эле парламенттен эмес, коомчулуктан, оппозициялык күчтөрдөн да абдан катуу басым жасалып турат. Маселен, Сарууда абал толугу менен турукташа элек. Оппозициялык “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ош, Жалал-Абад облустарындагы калк менен жолугушууда Кумтөр маселесине басым жасап, кен мамлекетке кайтарылыш керектигин белгилеп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG