Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Апта: Кумтөр келишими боюнча кармаш күчөдү


Кумтөрдүн алтыны, 28-июнь, 2011.
Кумтөрдүн алтыны, 28-июнь, 2011.

Узап бараткан жумада 2003-жылкы Кумтөр келишими боюнча жаңы кылмыш иштери козголгону маалым болду.

Мындан сырткары мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевди бошотууга президенттин тиешеси бар экенин айтып чыкты. Башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясы жалган маалымат тараткандарды кылмыш жообуна тартуу каралган мыйзам долбоорун колдоду.

Бири-бирине каршылар


Кумтөр маселеси Кыргызстандагы саясий күчтөрдү бири-бирине каршы согуш ачуусуна алып келди. Өкмөттү түзгөн башкаруучу коалициянын биримдигине да доо кетти. “Ата Мекен” менен президент, өкмөт ортосунда келишпестик 23-декабрда ажырымга алып келиши мүмкүн. Анткени дал ушул мезгилге өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишимди алып келүүгө тийиш.

"Ата Мекен" менен КСДПнын ортосундагы “Ар-намыс” фракциясы да оор тандоонун алдында калды. Улуттук гвардиянын жеринин 2006-жылы “ЮНИС-курулуш” компаниясына берилүүсү боюнча кылмыш иш “Ар-намыстын” лидери Феликс Куловго күчтүү басым болуп калды. Бул жердин берилиши боюнча токтомго ошол кездеги өкмөт башчы Феликс Кулов кол койгону Башкы прокуратуранын иликтөөсүндө аныкталган.

"Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов өз кезегинде муну саясий иш катары баалады:

- Бул жерде саясат болуп жатат. Бирөөнү каралап, ошол аркылуу коомчулукка жаманатты кылуу аракети жүрүүдө. Токтомдо кылмыш ишин козгой турган эч кандай негиз жок. Сунуш Улуттук гвардиянын өзүнөн түшкөн болчу. Өкмөттүн токтому мында жөн эле сунуш иретинде болуп, милдеттендирүүчү күчкө ээ болгон эмес. Себеби ал жер аянты аталган аскер түзүмүнүн карамагында болуп жатпайбы. Болгону бирөөлөргө менин дарегиме карата ушундай чуу көтөрүү ыңгайлуу болуп жатат окшойт.

Феликс Кулов кылмыш ишинин Кумтөргө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн да четке какпады. Ошол эле мезгилде Кулов Кумтөрдү 2009-жылы салыктан бошотууда азыркы Башкы прокурор Аида Салянованын ролу абдан кылдаттык менен текшерилиш керек деп чыкты.

Кумтөр чатагындагы сормо саз депутаттар Курманбек Осмоновду, Роза Акназарованы тартып баратат. Кулов жана Осмоновго тиешеси бар кылмыш иштер коррупция боюнча козголгондуктан, аларды камакка алуу үчүн парламенттен уруксат алуунун кажети жок.

Булардан башка да 2003-жылкы келишимди парламенттин каршылыгына карабай ишке киргизген өкмөт мүчөлөрү бар. Аларга да четинен кылмыш иш козголуп, суракка тартылып жатат.

Бул арада аталган келишимдин негизги авторлорунун бири, мурунку өкмөт башчы Николай Танаев да үн катты. Ал азыркы экономика министри Темир Сариев 2009-жылкы шайлоо алдында Москвада өзүнөн жана Аскар Акаевден акча сураганын эске салды. Ошондой эле азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге карата да кандайдыр бир компроматтар бар экенин каңкуулады. Мына ошентип Кумтөрдүн келечеги эле эмес, өтмүшү боюнча да катаал кармаштар чыгууда.

Премьер-министр Сатыбалдиев бул жумада маалымат жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин меморандум боюнча чечимин популисттик деп баалады:

- Жогорку Кеңеш популисттик чечим кабыл алып койду. Эч кандай санга негизделген эмес. Эмне үчүн 70-80% эмес, 67 пайызга жеткирүү керек деген суроого эки жума өтсө да жооп таба албай турам. Мен депутаттарга бул токтомду аткаруу реалдуу эмес деп айттым. Бирок 2015-жылдагы шайлоо жакындап калганбы билбейм, депутаттар популисттик чечим кабыл алып коюшту.

Меморандумду Жогорку Кеңеште четке кагууда негизги ролду ойногон депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев эгерде өкмөт парламенттин токтомун аткара албаса, анда кызматтан кетүүгө тийиш деп чыкты. Ошондуктан 23-декабрда Кыргызстангы саясий күрөш чечүүчү мезгилине келет.


Басылбаган Батукаев жаңжалы


Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча чатак Кыргызстандын жогорку бийлигинин чекесине чыккан бойдон калууда. Узап бараткан жумада мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун кылмыш лөгүн бошотууга президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бардыгын билдирип чыкты.

Президенттин маалымат кызматы Турсунбек Акундин сөзүн акылга сыйбаган иш деп атады. Президент өзү болсо бул иште мурунку вице-премьер-министр Шамил Атахановдун кемчилиги бар деген пикирин айткан.

Бирок бийлик структуралары жана алардын ыйгарым-укуктары жөнүндө бир аз түшүнүгү бар адамдар Азиз Батукаевди бошотууда министрликтердин, Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Жаза аткаруу мекемелеринин ыкчам жана сааттай иштөөсү президентке шек кетирип жатканын ачык эле айтып келишет.

Бейшемби күнү Бишкекте жыйын курган мурунку милиция кызматкерлери да Батукаев маселесин козгошту. Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков азыркы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Эркин Мамбеталиев, “Водолаз” аттуу каймана аты менен таанымал Максат Абакиров, андан кийин гана Азиз Батукаев бошотулганын эске салды:

Убагында Чыныбек Алиевди атып кеткен, Жыргалбек Сурабалдиевди атып кеткен. Ошого тиешеси бар деп кармалып, өмүр бою абакка кесилген Эркин Мамбеталиев, андан кийин бир нече кылмышка тиешеси бар деп камалган “Водолаз” ушул 2011-жылы президенттик шайлоонун алдында бошотулушкан. Мына ошондо айтканбыз, азыркы бийликтегилер ошолорду эмне үчүн коюп жиберет деп. Бирок коомчулукта маселе катуу көтөрүлгөн эмес. Анан бийликтегилер аларды коюп жиберсе болот экен, демек Батукаевди да бошотсо болот деп, өздөрү каалагандай коюп жиберишкен. Анан эми бири-бирине шылтап турушат.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште да каралбай турат. Айрым депутаттар ага КСДП фракциясынын мүчөлөрү жол бербей жатканын айтып келатат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев болсо Азиз Батукаев боюнча Жогорку Кеңештин токтомун аткарбай турганын ачык эле билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, бул ишти Башкы прокуратура иликтеп жатат. Мына ошол иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат. Бирок саясий чөйрөдө Азиз Батукаев боюнча өкмөт тергөө ишинин бүтүшүн күтпөй, саясий чечимдерди кабыл алса туура болот эле дегендер бар. Бийлик болсо бул маселени кандай чечүүнүн жолун табалбай тургандай. Бул өз кезегинде коомчулук ичинде түпөйүл ойлордун, ар кыл түкшүмөлдөрдүн кала беришине алып келүүдө.

Саруулуктардын талабы

Борбордук бийлик менен Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын ортосундагы карама-каршылык курч бойдон кала берүүдө. Кумтөр боюнча меморандумду четке кагуудан сырткары саруулуктар кармалган балдардын кыйноого алынганы боюнча чара көрүүнү талап кылууда.

Караколдогу митинг учурунда кармалган балдар кыйноого алынганын акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирип чыккан:

- Ошолордун ичинен эки баланы Караколдо кармап сабашкан. Башына кап кийгизип сабашкан. Артыңарда ким турат, кимден акча алгансыңар, күнөөнү моюнга аласыңар деп урушкан. Алардан башка беш-алты бала токмок жеген. Алардын дене-баштары да көгөрүп турат. Алар кармоо учурунда таяк жеп калышканын ачык айтышкан эмес.

Акыйкатчы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү өтүнүчүн Башкы прокуратурага 10-октябрда жиберген. Башкы прокуратура өз кезегинде кыйноо фактысы аныкталбаганын, ал эми кармалган жарандардын денесиндеги тактар митингди күч менен таратуу учурунда болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Акыйкатчы Аманбаевдын айтымында, эки баланын кыйноого алынуусу боюнча иликтөө иштери токтотулган жок. Ал уланып жатат.

Караколдо кармалган балдардын кыйноого алынганын Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да парламентте бир нече ирет козгоду. Ага "маселе иликтенүүдө" деген гана жооп болду.

30-октябрда Европадан келген депутаттар да Кыргызстандагы кыйноо фактылары боюнча маселе козгошкон. Алар бул иш боюнча Башкы прокуратурада жолугушуу өткөрүштү.

Сөз эркиндигине коркунуч

Адам укуктарын кыйноо менен бузулушунан сырткары сөз эркиндигине да башкаруучу коалициянын белдүү мүчөсү - КСДП фракциясынан коркунуч келип жатканын укук коргоочулар белгилешүүдө. Белгилүү болгондой КСДП фракциясы тастыкталбаган, жалган маалымат таратууну кылмыш жообуна тартууну сунуштап чыкты. Бул үчүн Кылмыш-жаза кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун фракция үч окууда кабыл алды.

КСДП фракциясынын мүчөсү Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, маалымат каражаттарында мамлекеттик кызматкерлердин аброюна шек келтирген жалган маалыматтар көп чыгып жатканына байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси чыкты:

- Бийликтегилерге, чиновниктерге абдан эле асылып жатышат. Депутаттарды массалык маалымат каражаттары аркылуу каралоо абдан эле катуу жүрүп жатат. Ошондуктан мен бул мыйзамды колдоп чыктым. Мисалы үчүн, “Учур” гезити жана башка гезиттер абдан эле жаман жазып атат. Менде жок нерсе, таптакыр реалдуу эмес нерсени жазып атат.

Буга чейин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да кыргыз гезиттери ушак-айыңды гана жазып калды деп айыптап, буга карата бир чара көрүлүш керектигин билдирген:

- Мен прокуратурага көзүңөрдү ачкыла деп айткым келет. Албетте, бизде азыр демократия, журналистти кылмыш жообуна тартууга болбойт. Бирок мындай жоруктар үчүн жаза алыш керек. Жазгандарын окуп отурсаң ушундай ыплас нерселер. Мындай ыплас нерселер үчүн жазалоо зарыл. Жок дегенде чөнтөгүн кагып, акчалай айып коюу зарыл. Мамлекетти иритүүгө жол бербеш керек деп ойлоймун.

КСДП фракциясы жалган маалымат үчүн кылмыш жообуна тартуу демилгеси президенттин билдирүүлөрү менен байланышы жок деп эсептейт. "Бул демилгени депутат Галина Скрипкина көтөрүп чыкты, биз аны колдодук", - дейт Эркингүл Иманкожоева.

Талдоочулардын баамында, КСДП фракциясынын мыйзам долбоору укук коргоочулар тарабынан сынга алынбай койбойт. Жогорку Кеңеште да бул долбоор талаш-тартыштарды жаратары турган иш. Анын үстүнө адам укуктарын чектөөчү мыйзамдар кабыл алынбашы керектиги Кыргызстандын Конституциясынын 20-беренесинде кепилденген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG