Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Ардагерлердин катары бир топ суюлду


Жеңиш күнү, 2011-жыл
Жеңиш күнү, 2011-жыл

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Улуттук госпиталда бекер дарыланышат. Акыркы жылдары ардагерлердин саны кескин азайды.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Мирбек Нуралиевдин маалыматы боюнча, 2011-жылы ооруканада миңге жакын ардагер дарыланып чыкса, 2012-жылдын биринчи чейрегинде эки эсе аз ардагер кайрылган.

Оорукананын терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков акыркы жылдары оорук ардагерлери дарыланышарын айтты:

- Мындан он чакты жыл мурда бүт эле согуштун катышуучулары ооруканага жатышчу. Азыр алардын саны азайып, бир айда 30-40 ардагер дарыланып чыгат. Азыр согуштун убагында тылда иштегендер көп кайрылып жатышат. Алар согуштун ардагерлери менен майыптардын ордун баса баштады.

9-Май, 2010-жыл
9-Май, 2010-жыл
Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Кадыр Кыштобаев өпкө пневмониясынан, жүрөк, кан тамыр ооруларынан даба издеп келген.

82 жаштагы ардагердин айтымында, согуш учурундагы оор турмуштун залалын эми тартып жатышат:

- Согуш учурунда күндүз орок ормой, түнүндө тегирмен басмай. Ал буудайды пристанга жеткиребиз. Ал жактан Балыкчыга алып келип, базадан ун кылып согушка жиберишчү. Ошондо мен жаш эле болчумун, жаш болсом да чоң кишилердей иштедим. Азыр эми өпкөмөн пневмония дейт - өпкөм ооруйт, стенокардия дейт - жүрөгүм ооруйт, гипертония дейт - кан басымым көтөрүлөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн ооруканада кардиология, неврология, терапия жана урология бөлүмдөрү бар. Оорукананын кардиология бөлүмүнүн башчысы Гүлай Сыдыгалиева ардагерлерге көрсөтүлүп жаткан жардамдар боюнча буларды айтат:

- Ардагерлерди бейтапканада кезекке тургузбай, ал жерден текшерүүдөн өткөрбөй дароо бөлүмгө кабыл алабыз. Диагностиканын баары бул жерде биринчи кабатта жасалат, ушул жерден текшерүүдөн өтүшөт.

9-Май, 2010-жыл
9-Май, 2010-жыл
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Сокулук районунун 93 жаштагы тургуну Сардарбек Мамбеталиев 3 ай мурда жыгылып, сол жамбашы эки жеринен сынып кеткен экен. Үч айдан бери төшөктөн турбай жатат. Уул-келини операцияны акы төлөп жасатканын айтышат. Үйдө төшөктөн турбай жаткан ардагерге дарыгерлер келип койбогонуна нааразы.

Ал эми Сардарбек ата согушка катышып, ал учурда туткунга да түшүп, көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн айтат:

- Согуштан мурун 1940-жылы аскерге баргам. Бир жылдан кийин согуш башталды. Бир жыл согушта жүрдүм. 3 жыл туткунда болдум. Андан бошогондон кийин Домбастын курулушунда иштедим. Ушинтип азап-тозоктун баарын көрдүм.

Эли-жери үчүн башын баталгага коюп кан майданга аттанган аталардын катары ансыз да суюлуп, жакын арада табыш кыйын болот. Ошондуктан аларга бардык жагынан каралашсак ыйманга жаткан иш болоор эле.
XS
SM
MD
LG