Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кыргыз-өзбек чек арасындагы ок атуу иликтенет


Кадамжай. Кыргыз-өзбек чек арасы. 2013-жыл.
Кадамжай. Кыргыз-өзбек чек арасы. 2013-жыл.

19-августта Кадамжайдын Орто-Ынтымак айылы тарапта кыргыз-өзбек чек арасын бузуп өтүп бараткандарга тоскоолдук кылуу аракети учурунда өзбекстандык бир жаранга ок жаңылып, мерт кетти.

Акыркы маалыматтарга караганда бүгүн эки өлкөнүн чек арачылары “Вуадиль-унаа жолу” өткөрмө бекетинде маселени чогулуп талкуулашып, ар ким өзүнчө изилдөө чечимине келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоева билдирди.

- Жолугушуу жыйынтыгында ар бир тарап өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзөт деген тыянакка келишти. Ушул тапта окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя болгон Орто-Ынтымак айылы Кадамжай районундагы Халмион айыл өкмөтүнө кирет. Бул айыл Өзбекстан менен 50 чакырымдай чектешип турат. Анын такталбаган аймактарынан Өзбекстан жарандары аткезчилик жолу менен Кыргызстандан товар ташыйт. Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кошуна өлкөнүн 20-25тей жарандары Кыргызстандын аймагына 250 метр кирип келип, кездеме таңгактарын мыйзамсыз ташып бараткан жерден кармалган. Алар Чек ара күзөтчүлөрүнүн токтотуу аракетине жооп ирети таш ыргытышкан. Натыйжада Өзбекстандын бир жаранына ок жаңылып, мерт болду. Эки чек арачы жараат алып, ооруканага жатты.

- Чек арачылардын токтогула деген талабына чек араны бузган жарандар баш ийбей, каршылык көрсөткөн. Кайра таш менен урушкан. Эскертүү иретинде асманга бир нече жолу ок атылган. Бирок мамлекеттик чек араны бузгандар ага баш ийген эмес, - деди Сажира Чоколоева.

Окуя боюнча Чек ара кызматы Өзбекстанга кат жөнөттү. Азырынча жооп боло элек. Анын жыйынтыгы менен окуяны биргеликте иликтөө чечими кабыл алынышы мүмкүн. Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу, чек арачылар кадимкидей тартипте иш алып барууда.

Ушул сыяктуу окуялар такталбаган чек ара тилкелеринин айынан көп чыгарын эксперттер белгилешет. Жыл башынан бери кыргыз-өзбек чек арасында мындай окуя үчүнчү жолу кайталанууда. Соңку окуядан кийин товар ташыган жергиликтүү тургундар менен да сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы Камалдин Бегматов билдирди:

- Биз 50 чакырым Өзбекстан менен чектешип турабыз. Өзбекстандын жарандары айрым такталбаган жерлер аркылуу аткезчилик жолу менен Кыргызстандан товар ташыйт. Ал жерде кыр бар, техника, машина жүрө албайт. Ошондуктан жүктү көтөрүп, жөө өтүп кетишет. Айыл башчылары менен милиция жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аткезчилик кылбагыла деген эскертүү берилди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкеси бир жарым миң чакырымдай. Анын 300 чакырымдан ашыгы дагы деле такталып бүтө элек. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эки өлкө ортосунда 371 талаштуу жер бар.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара тилкелери СССР ыдыраган соңку жайырма жылдан ашуун убакыттан бери такталбай келет. Эки коңшу өлкө маселени чечүү үчүн бир нече ирет жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүп, бирок жылыш байкалган эмес. Чек ара маселелери боюнча эксперт Кубаныч Сарыбаев, чек ара тилкелери такталмайынча, аткезчилик чырлары чыга берет деп эсептейт. Ал чек араны тактоо иштерине өлкө жетекчилери баш болуп киришүү зарылдыгын белгиледи.

- Бул жерде окуя аткезчилик айынан болуп жатпайбы. Эки өлкө чек арачылары кандай мамиледе болуп жатканы элге маанилүү деле эмес, айырмасы деле жок. Эки мамлекеттин экономикасы эки башка болуп жаткандан кийин мыйзамсыз бир нерсе ташуу, кызыкчылыктар чыга берет. Азыр биз делимитациясын бүтө элекпиз, демаркациясын баштай элекпиз. Ошондуктан азыр чек ара тилкелерин тактоо боюнча келишим гана түзүү керек.

Ушул жылдын июль айында Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттик топтору чек арадагы аныкталган тилкелер боюнча келишимдин долбоорун карап, орток пикирге келе алышкан эмес. Жолугушууда кыргыз тарап макулдашылган чек аранын узундугу 1003 чакырым десе, өзбек тарап 701 чакырым экенин айткан. Мындан улам эки тарап бул маселени кийинки, Өзбекстандын аймагында өтө турган жолугушууда карай турган болгон эле. Жолугушуу качан болору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG