Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Чатакка себепкер чек ара


Быйылкы жазда Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш аймактарындагы жер-суу талаштардан улам кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Бул тууралуу парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинде ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков билдирди.

Талдоочулар муну жылда боло келген көрүнүш катары карашып, көйгөйдү чек ара сызыктарынын аныкталбай жаткандыгы менен байланыштырышты.

Ички иштер органдарынын маалыматына караганда, жазында өлкөнүн түштүк-батыш чек ара аймактарында жер-суу маселесинен улам келип чыккан чыңалуу чегине жетиши күтүлөт. Анткени кошуналардагы жер-суу тартыштыгынын күчөшү чагымчыл аракеттерге түрткү болушу мүмкүн.

Ички иштер министринин орун басары буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүп жаткандыгын белгиледи. Айрым талдоочулар чыр-чатактардын өзөгүн мамлекеттик чек ара толук аныкталбай жаткандыгынан көрүшөт.

Чек ара коопсуздугу боюнча эксперт Кубанычбек Сарыбаев талаштуу участокторду калтырып, калган аймактар боюнча чек ара сызыгын ылдамыраак бекитүү керек деп эсептейт:

- Чыр-чатактардын көбөйүп жатышынын себептери чек аралардын мыйзамдуу макамы аныкталбай жаткандыгында. Мына ошондуктан талаштуу участокторду тактап бүтө элекпиз деп отура бербей, мамлекеттик чек ара сызыгын бекитип, макулдашууга кол койуу керек. Анткени чек ара тилкелеринин 70 пайызы аныкталып бүткөн. Талаштуу участоктордун маселесин чечүүнү кийинкиге калтырып, калган чек араны беките бериш керек.

Калктын саны өсүп, муктаждыктар көбөйдү

2011-жылы чек ара аймактарында жер-суу талаштарына байланышкан чыр-чатактардын 53 учуру катталган. Анын отуз тогузу Өзбекстан менен, калган он төртү Тажикстан менен чектешкен тилкелерде орун алган.

Кийинки кездери Өзбекстан менен Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында калктын санынын табигый өсүшү күчөгөн.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлү Роберт Абазбековдун айтымында, жерге болгон муктаждык кошуналарды талаштуу участокторду өздөштүрүп калууга түртүп жатат:

- Чынында эле табигый муктаждыктын өсүшүнө Тажикстан менен Өзбекстандагы демографиялык өсүштүн таасири тийип жатат. Анткени мына ошол биз менен чектешкен Тажикстанга караштуу Чорку, Сурх жана Ворух, Өзбекстандын Сох аймактарынын калкы көбөйүп, жаңыдан бөлүнүп чыккан үй-бүлөлөргө аталган анклавдардын ичинен жер жетпей калды. Башка жактан сунушталган жер участокторуна алар бара алышпайт. Анан албетте алар Кыргызстанга таандык чек ара тилкелерине жакын талаштуу деп каралып жаткан жерлерди өздөштүрүп калууга аракет кылышууда.

Чекеге чыккан чек ара көйгөйү

Ошол эле учурда Кыргызстандын аталган чек ара аймактарындагы калкынын саны кошуналардыкына салыштырмалуу бир кыйла аз. Мындай жагдай алардагы “жерибизди тарттырып жибербейли” деген чочулоо сезимин күчөтөрү бышык. Ошондуктан серепчилер чек ара аймактарындагы араздашууларга түрткү болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун негизги фактор катары карашат.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов чыр-чатактардын себептерин чек ара тартибинин сакталбай жаткандыгынан көрөт:

- Талаштуу жер тилкелеринде курулуш иштерин, чарба иштерин жүргүзүүгө болбойт. Бул боюнча бекитилген макулдашууну сакташ керек болчу. Бул жерде бизден да, кошуналардан да кемчилик кетип жатат. Анан бардыгыбыз жергиликтүү элге чек арада жүрүүнүн жол-жоболорун түшүндүрө албай жатабыз. “Бул чек арадан өткөнгө болбойт, ал тилкени чарбалык иштерген колдонууга тыйуу салынат” деп принципиалдуу түрдө бийлик өз калкына жеткире түшүндүргөндө мындай кырдаал орун алмак эмес.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара сызыгы жыйырма жылга жакын убакыттан бери такталып бүтө элек. Буга эки ортодогу талаштуу жер тилкелери боюнча тараптардын мунасага келе албай жаткандыгы себеп болууда. Анын айынан чек ара аймактарында өткөн он жыл аралыгында эле үч жүздөн ашуун ар кандай деңгээлдеги чыр-чатактар катталган. Алардын көпчүлүгү чек ара тилкелериндеги жер-суу, жол жана жайыт маселесине байланышкан.

XS
SM
MD
LG