Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Орто-Токойду Өзбекстандан өткөрүп алуу талабы


Ала-Бука районунун тургундары чек арачылар менен жолугушууда, 19-октябрь, 2012.
Ала-Бука районунун тургундары чек арачылар менен жолугушууда, 19-октябрь, 2012.

Ала-Бука районунун тургундары өкмөткө Орто-Токой суу сактагычын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабын коюп жатат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагындагы Орто-Токой суу сактагычы Касан-Сай деген ат менен да белгилүү. Алабукалыктар Өзбекстан иштетип жаткан бул суу сактагычыты өткөрүп алуу талабын кечээ вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жолугушууда айтышты.

Союз учурунда курулган Орто-Токой суу сактагычын ошол мезгилден тарта Өзбекстан пайдаланып келатат. 2010-жылдагы июнь окуясында ал жерде иштеген Өзбекстандын жарандары коопсуздугунан чочулап чыгып кетип, кийин кайра келишкен.

"Сөөгү биздики, эти сиздикиби?"

Союз мезгилинде Өзбекстандын Наманган облусундагы пахта талаалары үчүн курулган Орто-Токой суу сактагычын бүгүн да толугу менен Өзбекстан пайдаланат. Аны башкарууну Кыргызстанга өткөрүп алуу, буга чейин пайдаланган акысын төлөтүү боюнча талаптарды суу сактагыч жайгашкан Ала-Бука районунун тургундары вице-премьер-министр Токон Мамытов аталган аймакка барган учурда көтөрдү.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар суу сактагычтын жанындагы шаарчада Өзбекстандын 250дөй жараны мыйзамсыз жашап жүрөт деп эсептешет.

Суу сактагычтын жанындагы Орто-Токой айылынын тургуну Аман Качыкеев өкмөткө койгон талаптарын "Азаттыкка" мындайча чечмелеп берди:

- Союз мезгилинде Кыргызстандан түшкөн Терек-Сай суусун тосуп, суу сактагыч жасашкан. Андан Кыргызстан азыр бир тамчы да суу пайдаланбайт. Суу сактагычтын боюнда 100 чакты түтүн жашаган Өзбекстандын айылы бар. Бул суу сактагыч курулуп жаткан кезде тургузулган үйлөр окшойт. Союз таркагандан кийин бул суу сактагыч боюнча Өзбекстан менен бир келишим болгонбу же болгон эмеспи элге бүдөмүк, эл эч нерсе билбейт.

Ал эми Ала-Бука районунун мурдагы акими Улан Баймырзаевдин вице-премьер менен жолугушууда билдиргенине караганда, 2010-жылдагы кандуу окуяларда суу сактагычта иштеген жана ага жакын жашаган Өзбекстандын жарандары ал жерлерди таштап чыгып кетишкен. Бирок кырдаал турукташкан соң ошол кездеги убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева менен Исмаил Исаков аларды кайра киргизүүгө уруксат берген.

Жер да, суу да Кыргызстандыкы

Ала-Бука райондук жер каттоо бөлүмүнүн башчысы Абдулат Мырзаевдин пикиринде болсо, суу сактагычты Өзбекстан башкарып жана пайдаланып жатканы менен документтерде ал толугу менен Кыргызстанга таандык жана ал жерде эч кандай чек ара талашы жок:

- Суу сактагыч Кыргыз Республикасынын аймагында, тагыраак айтканда 13 чакырым ичкери биздин аймакта турат. Картографиялык материалдарда, документтерде да Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Бирок аны азыр Өзбекстан пайдаланып келатат.

Элдин талабын уккан күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбекстандык кесиптештери менен бул маселени талкуулоого убада берди.

- Жергиликтүү тургундар ушуну тез аранын ичинде чечип бергиле деген талап койду. Мен аларга алдыда Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттүк комиссиялары жолукканда ушул маселени кабыргасынан коюп, чечип бергенге аракеттенели деп айттым.

Орто-Токой Өзбекстанда Касан-Сай суу сактагычы деген ат менен белгилүү. Аны өзбекстандыктар өз мамлекетинин менчиги катары санашат.
XS
SM
MD
LG