Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Ошко газ берүүнүн альтернативдүү жолу изделүүдө


Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү 14-апрелде токтоткон. Буга байланыштуу бийик кабаттуу үйдө жашаган айрым тургундар балконго темир меш орнотуп, тамак бышырууга аргасыз болууда. Ош. 26-апрель, 2014-жыл.
Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү 14-апрелде токтоткон. Буга байланыштуу бийик кабаттуу үйдө жашаган айрым тургундар балконго темир меш орнотуп, тамак бышырууга аргасыз болууда. Ош. 26-апрель, 2014-жыл.

17-июнда президент Алмазбек Атамбаев энергетика тармагындагы жетекчилер менен жолугуп, Ош аймагын газ менен камсыз кылуунун альтернативдүү жолун талкуулады.

Ага ылайык, жер үйлөрдү газ баллондор менен, ал эми көп кабаттуу үйлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Өзбек газына альтернатива барбы?

Кыргызстан Ош аймагын газ менен камсыз кылуунун альтернативдүү жолун издей баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” билдирди. Ага ылайык, жер үйлөр газ баллондор менен, ал эми көп кабаттуу үйлөрдө тамак-аш даярдоо үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышы мүмкүн. Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарын газ менен камсыздоонун жолдорун изилдөө үчүн энергетика тармагындагы жетекчилерге бир жумалык убакыт берген. Кадыр Токтогулов буларга токтолду:

- Эгер жер үйлөргө газ баллон коюлса, канча керек болот, кандай шаймандар керек болоору каралды. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө баллон коюу коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бирок алардын маселесин чечүү да каралууда.

Бирок табигый газ колдонуп келген Ош шаарындагы 65 миң абонентти отундун газдан башка түрү менен камсыз кылуу кантип ишке ашат деген маселе жаралууда. Анын үстүнө Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгын эске алганда быйыл электр тогунун тартыштыгы орун алат деген божомолдор бар.

Суюлтулган газ менен камсыздоо мүмкүн эмес

Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын башчысы Рысбек Мырзаматов табигый газды алмаштырууга мүмкүн эмес деген ойдо.

- Суюлтулган газ менен көп кабаттуу үйлөрдү камсыз кыла албайт. Советтер союзу учурунда да эсептелүү үйлөр гана андай газ менен камсыздалган. Мындайча айтканда, экономикалык жактан бул пайдасыз. Азыр Ош шаарында электр энергиясы да өчүп жатат. Эл болсо Ош шаарындагы дарыянын боюндагы бак-дарактарды кыйып, отун кылып, подъездерде чай кайнатып отурушат. Эл бийликке күндөн-күнгө нааразы болууда.

Өзбекстан 14-апрелде Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон жана ал боюнча кыргыз тараптын кайрылууларын жоопсуз калтырып келе жатат. Өкмөттөгү ишенимдүү булактардын айтышынча, Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнү жандандыруу үчүн бир катар саясий талаптарды коюуда. Анын ичинде Кыргызстандын аймагында орун алган Өзбекстандын Сох анклавына тоскоолдуксуз түз коридор берүү, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун токтотуу талаптары бар экени айтылууда.

Ош шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясынын депутаты Арфидин Аланов мындай шартта мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыгы жана коопсуздугу биринчи орунда болушу керек дейт.

- Өзбекстан бизди мукуратып койдук деп ойлоп жатат. Эл да бул жаныбыздагы мамлекеттин саясаты экенин билип, туура түшүнүүдө. Кышка чейин убакыт бар азырынча. Өзүбүздүн эле позицияга бекем туруш керек. Чоң стратегиялык маселелер чечилип жатканда майда нерселер менен ага баш ийип, макул болуп калыштын кереги жок. Суюлтулган газбы, табигый газбы, кантип тамак бышырган баары бир эмеспи, эң башкысы газ келсе болду.

"Ошто суюлтулган газга талап өстү"

Ал эми “Газпромго” сатылган “Кыргызгазгаздын” башчысы Тургунбек Кулмырзаев “Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берип, түштүк аймакты альтернативдүү газ менен камсыз кылуунун жолдорун айтып берди.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын түштүгүн суюлтулган газ менен камсыз кылуу жолдорун карап чыгуу тапшырмасын берди. Бул эми Өзбекстандан газ алуу үмүтү үзүлдү дегенди билдирбейби?

Кулмырзаев: Үмүт үзүлдү деп айтууга болбойт. Алар менен иш жүргүзүп жатабыз, өзүбүзчө жана “Газпром” аркылуу да аракеттенип жатабыз. Негизи өзүбүз да алдын ала даярдык көрүп коюшубуз керек го. Анткени эртең кандай болот деген да маселе бар. Өзбекстандан мурда газ алып жүргөндө деле кээде басым түшүп кетти деген шылтоолор менен азайтып коюп, бир топ кыйынчылыктар болуп келген. Анан ошолордун баарын эске алып, альтернативдүү чараларды көрүп коёлу деп жатабыз.

“Азаттык”: Суюлтулган газды Ошко жеткирүүнүн кандай жолдору каралууда?

Кулмырзаев: Суюлтулган газды Ошко жеткирүү боюнча эч кандай маселе жок. Алар боюнча жеке компаниялар иш жүргүзүп келет. Алардан тышкары, Кыргызстанда “ГазпромнефтьАзия” деген да компания алектенет. Алардын берген маалыматы боюнча түштүктө суюлтулган газды жеткирүүдө проблема жок. Акыркы бир айда газдын бул түрүнө суроо-талап өсүптүр.

“Азаттык”: Техникалык коопсуздук боюнча суюлтулган газды көп кабаттуу үйлөрдө колдонууга уруксат берилбейт эмеспи? Ошондуктан, көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин кандай кылып чечесиздер?

Кулмырзаев: Көп кабаттуу үйлөр боюнча айтсак, эки кабаттуу үйлөргө ал газды колдонууга уруксат берилет. Андан жогору кабатууларга газ баллонду колдонууга болбойт. Азыр алардын да техникалык жактарын карап, изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди. Учурда ошол боюнча иштеп жатабыз. Жыйынтыгы бир жума, он күндө чыгып калат.

Буга чейин "Кыргызгаз” ишканасы шарттуу түрдө 1 долларга орусиялык “Газпром” компаниясына сатылган. Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилген. “Газпром” “Кыргызгаздын” бардык карыздарын төлөө, Кыргызстанга 650 млн. доллар инвестиция салуу жана үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу милдетин алган болчу. Бирок азырынча “Газпром” Кыргызстандагы ишмердигин толук баштабай жатат.

XS
SM
MD
LG