Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Баракка “Достуктан” жол ачылды


Кыргызстанга келаткан барактыктар
Кыргызстанга келаткан барактыктар

Өзбекстан тосмолонуп калган Кыргызстандын Барак экславынын тургундарына ары-бери “Достук” бекети аркылуу каттаганга уруксат берди. “Ак-Таш” бекети аркылуу кыска жол менен каттап келген барактыктарды бул чечим канааттандырбай жатат.

Өзбекстандын райондорунун ичине кирип калган Ош облусуна караштуу Барак айылын Кыргызстан менен байланыштырып турган "Ак-Таш" өткөрмө бекети 16-январдан бери жабык турган.

Кыргыз-өзбек чек ара кызматтары барактыктарды ары-бери “Достук” өткөрмө бекети аркылуу өткөрүп турууга 13-февралда түштөн кийин макулдашты.

Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов “Ак-Таш” бекетинен барактыктар эми шашылыш учурда гана өтө алаарын кабарлады.

- Өлгөн-житкен, той-тополоң болгон учурда, ооруп калганда эл түз эле Барактан “Ак-Таш” өткөрмө бекети аркылуу өтсө болот. Ар кыл кырсык, оор учурлар болгондо деп өзбек тарап макулдугун берди. “Достук” менен эртең мененки сегизден кечки алтыга чейин өтө берсе болот дешти.

"Ак-Таш" чек ара бекети
"Ак-Таш" чек ара бекети
Мындай жагдайдын келип чыгышына барактыктар үчүн жакын жана ыңгайлуу “Ак-Таш” бекетинин өкмөттөр аралык келишимде макулдашылган бекеттердин ичине кирбей калгандыгы себеп болууда.

Өзбек тарап бул бекет мыйзамдаштырылмайынча, аны ачпай турганы кабарланууда. Учурда эки өлкө чек араларында расмий 15 көзөмөлдөөчү өткөрмө бекети бар. Мындан тышкары ошондой эле сандагы келишимде каралбаган бекеттер ачылган.

Эми маселе чечилгиче Барак тургундарына кеминде 20-25 чакырымдай жолду басып, “Достуктан” Кыргызстанга кирүүгө же кайра үйүнө кайтууга туура келүүдө. Буга макул болбогон барактыктар “Ак-Таш” бекетин тез ачууну талап кылууда. Бул тууралуу айылдын жашоочусу Алмазбек Каримов “Азаттыкка” билдирди:

- “Достук” менен баруудан баш тарттык. Ал жер узак, Өзбекстандын үч районун басып өтүүгө туура келет. Жолдо кетип жатканда, ар кыл окуялар болуп кетиши мүмкүн. Мындай караганда бизге жакпайт. Андан көрө биздин мурдагы эле транзиттик жолубуз жакшы. Бир чакырым Өзбекстанды басып, тез эле чыгып кетебиз.

Президент Алмазбек Атамбаевдин барактыктар менен жолугушуусу
Президент Алмазбек Атамбаевдин барактыктар менен жолугушуусу
Барак айылындагы 300дөй түтүндө жалпы 2 миңдей адам бар. Азыр айылдык кеңештин депутаттары баштаган төрт өкүл Бишкекте жүрөт. Кечээ алар Жогорку Кеңеш спикери Асылбек Жээнбеков менен, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.

Ал тапта Барак айылында азык-түлүк тартыш болуп жатканын, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, эл оор абалда экенин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жалпы жыйында айтып чыгышты.

Азык-түлүк тартыш экенин барактыктардын өздөрү да “Азаттыкка” тастыкташты. Натыйжада Жогорку Кеңеш Барак эксклавына атайын депутаттык топту жөнөтө турган болду, деди парламент спикери Асылбек Жээнбеков:

- Абал оор экен. Депутаттык топту түзүү чечимине келдик. Бүгүн буйрук чыгат. Депутаттык топ түзүп туруп, барып келсеңиздер. Ал топко өкмөттөн да өкүлдөрдү кошуп берели.

Январдын башындагы Сох-Чарбак чатагынан кийин Өзбекстандын Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавы да байланышсыз калган. Кийинчерээк Кыргызстан Сохко каттамды ачып, гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берген. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары Барак маселесин премьер-министрлеринин деңгээлинде чечүүнү өз өкмөт жетекчилерине сунуштоодо. Бирок кыргыз-өзбек өкмөт башчылары качан жолугаары белгисиз.

XS
SM
MD
LG