Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Баткен: Чек ара маселеси жол тосуу менен чечилди


Кадамжайдагы чек ара бекети, 25-январь,2013. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Кадамжайдагы чек ара бекети, 25-январь,2013. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Кадамжайда Ош-Баткен жолунун чек арадагы бөлүгүнө Өзбекстан көзөмөл бекетин орнотушуна нааразы болгондор жол тосушту.

23-сентябрда Кадамжайдын 50 чакты тургуну өзбек чек арачылары транзиттик каттамды тескөөгө алганына нааразылык билдирип, кыргыз өкмөтү маселени тез арада чечүүсүн талап кылып чыгышты. Нараазылыкка чыккандар Кадамжайдан Өзбекстанга кирген жолду бууп, каттамды жаңы салынып жаткан Көк-Талаа - Пүлгөн айланма жолуна салышты.

Өзбекстан Ош-Баткен жолунун Кадамжай району менен чектешкен аймагына 19-сентябрдан баштап кошумча эки чек ара көзөмөл бекетин орноткон. Ошентип Өзбекстандын негизги аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок транзиттик жолдун 14 чакырым аралыктагы кириш-чыгышына “Жабагы” жана “Вадил” бекеттери коюлушу кыргызстандык жүргүнчүлөргө кыйла түйшүк арттырды.

Буга наараазылык иретинде жол тосуп чыккандар чек ара бекеттерин алып, жолду мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылышты. Бул арада Ошко, же тетирисинче Баткен тарапка жол тарткан унаалар жаңы курулуп жаткан Көк-Талаа – Пүлгөн жолу аркылуу каттап турушту. Өзбекстан тарапка кирүүчү унаалар да бир канча чакырым айланып, ошол жол менен каттаганга аргасыз болушту.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаков бул акция учурунда эч кандай тартип бузуулар болбогонун айтат:

- Өзбекстан кошумча чек ара көзөмөл бекеттерин коюушуна нараазы болгондор жүргүнчүлөрдү Көк-Талаа - Пүлгөн айланма жолу менен каттай турган кылып коюшту. Эч кандай мыйзам, же тартип бузуу болгон жок.

Акцияга чыккандар акыркы 13 жылдан бери эч бир тоскоолдугу жок жолго Өзбекстан минтип капыстан эки жерден тосмого алышына нааразы болушту. Алар кошуналар негизиги аймагына кирүүгө эч кандай жылчыгы жок бул жолду тескөөгө алуунун кереги жок болчу деп эсептешет.

Жол жүрүүдө кыйынчылыкка кабылган Баткендин Жакып аттуу тургуну кыргыз тарап да кошуналардын мындай кадамына дароо жооп кылып, маселени тез арада жөнгө салышы керек эле деген пикирде:

- Бул эми транзиттик жол. Өзбекстандын негизги аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биздин күнүмдүк тиричилик ушул жол менен да. Бийлик ушуну жөнгө салып, мурдагы абалына келтирип берсин. Кошуналар эч негизи жок эле мындай кылганы туура эмес да...

Жергиликтүү тургундардын арасында Өзбекстан Кыргызстан менен кээ бир маселелерин чечүүдө мурда Сох анклавын аралап өткөн жолду пайдаланып келсе, эми андай мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан ушул бекеттерди коюуну ойлоп чыкты дегендер да бар. Анткени акыркы 2-3 жылдан бери Баткен облусунун калкы Сохту айланып өтчү жаңы жол менен жүрүп калган.

Ош-Баткен жолунун азыр пост коюлган бөлүктөрүндө 2000-жылдарга чейин да кошуналардын көзөмөл бекеттери иштеп турган. Баткен облусу түзүлгөн алгачкы жылдарда аймакты жетектеген губернатор Мамат Айбалаевдин аракети менен бул посттор алынып, элдин түйшүгү бир топ жеңилдеген эле.

Ошол тушта облустук бийликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүндө иштеп турган Таштемир Эшалиев азыр да бул маселени эл көтөрүлгөнгө чейин эле жергиликтүү бийлик чечип койсо болмоктугун эске салат:

- Бул көзөмөл пункттарын учурунда Мамат Айбалаев алдырган. Азыр да облустук жетекчилик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзбек тараптан кайсы макулдашуу, эмненин негизинде мындай кылышканын сураса болот да. Элди көчөгө чыгарбай эле чечип койсо болмок. Мурда ушинтип эле чечилген да.

Чынында эле бул эки бекет коюлган беш күндөн берки аралыкта Баткен облустук бийлиги тараптан маселени чечүүгө кандайдыр бир аракет жасалганы байкалган жок. Качан гана кадамжайлыктар минтип нааразы болуп көчөгө чыккандан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстан кошумча орноткон чек ара көзөмөл бекеттерин алып салууга макул болгону айтылды.

XS
SM
MD
LG