Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:47

Коопсуздук

Баткен: Чек араны да митинг менен чечебизби?

Баткендин Сай айылынын калкы Сох анклавындагы чек ара бекеттери текшерүүнү күчөтүп, жүк алып өтүүгө тыюу салганына нааразылык билдирип чыкты.

Чек арадагы абалга байланыштуу Баткендин Согмент айылынын тургундарынын нааразылыгы. 2010-жылдын 28-майы.
Текст көлөмү - +
Баткен районундагы Сай айылынын тургундары мындан бир жумадай мурда Өзбекстандын чек ара бекеттери текшерүүнү күчөтүп, айылга же райборборго жүк алып өтүүгө таптакыр тыюу салып койгонуна даттанып, облустук бийликке кайрылышкан эле. Маселе чечилбегендиктен 25-ноябрда айылдын 200дөй тургуну Сохтон айылга кеткен жолду бууп, маселени чечүүнү бийликтен талап кылып чыгышты. 

Баткен менен чек аралаш аймактагы өзбек чек ара бекеттеринин бири.
​​
Айыл тургуну Абдихалил Жусубалиев кошуна чек арачылардын жасаган мамилесинен улам эл ушинтип митингге чыгууга аргасыз болгонун айтат:

- Жүк өткөрбөйт мынабу айылдын чыга беришиндеги чек ара бекетинен. Чечме деген айыл менен айланып өткүлө дешет. Анда 25 чакырым алыстап калат жолубуз. Биз мурдатан эле ушул жол менен каттап жүргөнбүз да. Баткенге да өтө албайбыз. Той-топурга мал алып жөнөсөң да өткөрүшпөйт, тиешелүү кагаздары болсо да. Ушуну чечип беришсин деп чыктык да. Справкасы бар болсо да жүктү өткөрбөйт. Биз Баткен шаарына базар-учарга барып турушубуз керек да...

Мындай нааразылык чыгуудан улам эки өлкөнүн жергиликтүү чек арачылары Өзбекстандын Сох анклавында жолугушуу өткөрүп, маселени талкууга алышты. Бирок жолугушууга жергиликтүү тургундар катыша алган жок. Чек арачылардын жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу кабар элге түштөн кийин келди.

- Бизге жолугушуунун жыйынтыгын айтышты. Ошентип эл таркады. Баткенден да келишкен экен. Биздин талап ошол жүктөрдү өткөрүүгө уруксат бериши керек эле. Ал чечилиптир. Ошол чечимди бул чек ара бекетине жазып койгула дедик. Антпесе ар башка чек арачы алмашкан сайын өзүнчө тартип киргизе берет да бул жерде, - дейт айыл тургуну Абдихалил Жусубалиев

Ушинтип сайлыктар чек ара маселесин митинг менен чечип алышыптыр. Эми ал чечим канчалык аткарылаарын убакыт көргөзөт.

Чек ара азабын бир гана бул айылдын тургундары эмес, Сохтун тегерегиндеги башка кыргыз айылдарынын жашоочулары да тартып келет. Акыркы күндөрү чек арадагы текшерүүлөрдү өзбек чек арачылары негизсиз эле күчөтүп жибергени тууралуу даттануулар башка айыл тургундарынан деле түшүүдө. А түгүл Сай айылына танапташ турган Таян айылына кире бериштеги чек ара тосотун өзбек тарап өз бетинче эле үч чакырымдай жылдырып алганы буга чейин айтылган.

Баткендин Өзбекстанга чектеш аймагындагы Кыргызстандын чек ара бекеттеринин бири.
​​
Баткен облустук бийлиги Сох анклавынын тегерегиндеги курчуп бараткан мындай маселелер боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү демилгесин козгоп, 25-ноябрга Өзбекстандын Фергана облусунун бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленген эле. Бирок жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Анын себептери азырынча ачыктала элек.

Канткен менен коомчулукта жергиликтүү деңгээлдеги мындай сүйлөшүүлөр маселе чечээрине ишенбегендер да арбын. Алардын пикиринде, чек ара маселелери жогорку деңгээлде чечилмейин облустук, же райондук бийликтегилер эч нерсе чече албайт. Чечилсе да утурумдук болуп, ал чечимдер кийин расмий Ташкендин кабак-кашына жараша өзгөрө берет.

Чек ара көйгөйлөрүн иликтеп, талдап  жүргөн жергилктүү журналисттердин бири Аскар Баймуратов да ушундай пикирде:

- Аймактык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маселе чечилиши кыйын, чечилсе да убактылуу чечилет. Себеби мындай жолугушуулар мурда да өтүп турган. Ошондуктан чек араны тезирээк тактап, текшерүү тартибин, чек арадан өтүү эрежесин бир калыпка салуу керек. Антпесе өлкөдөгү саясий маанайга жараша чек арадан өтүү тартиби да өзгөрө берет. Аны биротоло чечиш керек.

Ошентип акыркы он күндөн бери Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына байланышкан чек ара көйгөйлөрү кайрадан козголо баштады. Демек бул жаатта кызматташууну жандандырып, тирешүүлөрдүн алдын ала тургандай иштерди күчөтүү зарыл болуп тургандай.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: омор
27.11.2011 20:57
Негизи мунун баарына А. Акаев куноолу. Убагында союз жаны тарап. Ар бир олко эмне кыларын билбей чек ара м-н иши жок учурда пайдаланып, болуп алсак бул балээ жок болмок. Кыргызга тиякта качып барып акыл уйротконуно куйосун. Казыркы жана Бакиевтин учурундагылар окмотто бул жагынан куноо жок. Ай кой десе эле кое турган озбек жок. Каримов тыю салса деле кылса деле ака андай кылган жокбуз деп алар мойнуна албайт. Кыла берет. Бир ай жакшы анан баштай берет. Ошон учун эмне болсо да чек араны такташ керек. Чек ара деген чек ара бул ар бир олконун эгемендулугунун белгиси. Митинг кылып биз окмотту куноологондон пайда жок. 25 км алыс болсо да ошол тынч жол конуш керек. Кесе берсе жол кыска деп чек аранын кереги эмне.Бут олко ошондой кылбайт беле. Айла жок СССР учуру эмес. Окмот эгер башы болсо жанталашып чек араны тактап эртерек бутурот деп ишенем. Болбосо калаган кучтуу олколор ушуну ойун кылып кыргызды далай сыздатат.

кимден: САЙ каяктан: ТОРТ ГУЛ
27.11.2011 17:41
сайчы таянчы айдеркен зонасы качанга чейин озбек постуна жалынып отобуз биз дагы кысышыбыз керек посту чыгарбай коюшубуз керек бул маселе коптон бери чечилбей келаткан маселе бийлик алмашты еми он жагына чечилеер бекен убакыт корсотот

кимден: Искен
27.11.2011 15:04
Башчылыр эштеке кылбаганына караганда - бул жерлерди коңшу мамлекетке береин дегени го?!!! Байкуш эл....

кимден: Максимус. примус Гальс каяктан: Жер
27.11.2011 14:55
мына силерге.. ... мм жан кыйып.. киши омурун алып анан келген бийлик. чек араны Азаттык гана айтпаса калган СМИлер май көл сүт көл деп деп эч нерсе айтышпайт ..

кимден: Алмаз
27.11.2011 14:38
Баткен обласына Айбалаевди губернатор кылып койуш керек,ошол киши чечет ушунун баарын!
Пикирге жооп

кимден: Kylychbek каяктан: Tunduk Kipr Respublikasy
28.11.2011 16:42
Tuura, aytasynar men Silerge tolugu menen koshulam, Batken oblusuna chynygy Batkenchi gana gubernator bolush kerek, Aybalayev en tatyktuu insan!
Пикирге жооп

кимден: Кошуламын!
28.11.2011 00:49
Туура пикир!
Пикирге жооп

кимден: КотломойщЪик каяктан: Москва
27.11.2011 22:27
Алмаз туура айтасын,Айбалайвдай киши керек Баткенге!Бирок азыркы окмот,билбейм жакындатпайт ко андай мыкты кадрларды!!!!

кимден: Аналитик
27.11.2011 10:23
Урматту шеринечилер, менде мындай сунуш бар. Биз баарыбыз олкодогу болуп жаткан ушундай осол окуялардын кубосу болуп карап тура беребизби? Келгиле андан коро баарыбыз биригели! Антпесек биз жазып-жазып чыгып кете берет экенбиз, ошондуктан ушуну кенири талкууга алуу учун озубуздун коомубузду (сообщество) тузсок кантет? Менин дарегим: analitic.kg@bk.ru
Кенен баарлашуу учун. Сиздерден сунуш-пикирлерди ушул даректен кутомун. Рахмат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.11.2011 06:12
Союз учурунда болбогон нерсеге тегеректеги кыргыз айылдарынын жетекчилери жерлерди тажиктерге сатып жиберишкен экен. Ошолорду жазалагыла.

кимден: кыргыз жигит
26.11.2011 23:53
...Баткен облустук бийлиги Сох анклавынын тегерегиндеги курчуп бараткан мындай маселелер боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү демилгесин козгоп, 25-ноябрга Өзбекстандын Фергана облусунун бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленген эле. Бирок жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Анын себептери азырынча ачыктала элек....
Уят!!! Биздин бийликтегилерди алар тоготуп да коюшпай калган го. Бири эс алсын кыйраткансып,бири портфель талашып журо берсин(((
Канча кундон бери чырылдайбыз депутаттардан ун жок бул жонундо!
АТА МЕКЕНдин РЕСПУБЛИКАНЫН жери азайып АТА ЖУРТ коркунучта,СОЦ.ДЕМОКРАТИЯГА шек келип жатат! АР НАМЫСынар барбы деги силердин?! Баарынар биригип БУТУН КЫРГЫЗСТАНдын убалына калдынар!!! УЯТ!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине