Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:43

Экономика

Соода чек ара тааныбайт

Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап коюшу чектеш аймакта карым-катыш, соода-сатык кыйындашына алып келди.

Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап салган. (Сүрөттө кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен бир көрүнүш )
Текст көлөмү - +
Өзбекстандын дыйкандары өстүргөн эрте бышчу жер-жемиштер чек арадан чыкпай, Кыргызстандын түштүгүндөгү базарларда баа да кымбат. Бирок буга карабай кээ бир соодагерлер качып-бозуп, жер-жемиш ташууну токтоткон жок.

Кимге пайда, кимге зыян?
 

Баткен базарларында өткөн жылдын ушу мезгилинде жер-жемиштерге болгон баа бир аз арзаныраак болсо, быйыл помидор 85 сом, бадыраң 25, кулпунай 80 сомдон сатылууда. Мурдагы жылдары 20-30 сомго арзаныраак эле. Буга бирден бир эле себеп  - кошуна Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап алганы. Айла жок өзбекстандык дыйкандар түндөсү, же чек арачылар менен сүйлөшүп, бир аз чай-чакасын берип, анан алып келгенде жашылча жемишке болгон баалар кымбаттап кетүүдө.

Баткендик Бактыгүл аттуу келин да мурдагы жылдарга салыштырмалуу кошуна өлкөнүн дыйкандары жеткирип турчу эрте жаздагы жер-жемиш, жашылчалар чек ара жабыктыгынан эле кымбат болуп жатканын айтат.

- Помидор, бадыраң жашылча жемиштер баары кымбат болуп жатат. Бизге дайыма эле Өзбекстандан алып чыгышчу. Азыр эмнеге кымбат экенин сурасак чек арадан өтүү кыйын болуп жатканын айтат. Качып, түнү чыгып жатабыз,  ошондуктан кымбат дешет.

Азыркы күндө өзбекстандык дыйкандар өндүргөн жашылча жемиштер чек ара жабык болгондуктан уюшкан кылмыштуу топтордун кийлигишүүсү менен чек арадан чыгууда деген да сөздөр айтылууда.

Облус губернаторунун коопсуздук маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов  кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү бул ишке аралашып жатканы тууралуу кептерди четке какты. Ал кыргыз чек арасы ачык болгондуктан жер-жемиштер кире берээрин, Өзбекстандын жабык деген чек арасынан кантип чыгып жатканы кыргыз тараптын иши эмес экенин айтат:

- Жер-жемиштерди алып чыгуу боюнча бизде расмий тоскоолдук жок. Бизге талаптагыдай мыйзам чегинде кирип жатат. Мен билгенден Өзбекстан өзү мүмкүнчүлүк бербей жатыптыр. Анан өзүлөрү уурданып алып чыгып жатат окшойт. Өзбекстандан чыгышы кыйын болуп жатат. Эми аны тосуп коюшса анча жер-жемишти кайда сатат өздөрү?

“Туңгуюктан” жол тапкандар да бар

 
Өзбекстан менен чек арада жайгашкан Кайтпас айылынын тургуну, 53 жаштагы Махмуд Улукбековдун тууган-туушкандары Өзбекстанда калган. Алар менен байланыш бир жылдан бери дээрлик жок. Барайын десе чек арадан өткөрүшпөйт. Бирок ар кандай жүктүн чек арадан ары бери өтүп жатканын көргөнү бар. Анын баамында, карапайым эл үчүн чек ара жабык, кимдир бирөөлөр сүйлөшүп, оор машинада жүк тартып чыкса да боло берет шекилдүү.

- Өткөн жылдын 7-апрелинен бери Өзбекстандын чек арасы биз үчүн жабык. Туугандардан кабар алып келейин десек киргизишпейт. Анан эле  Өзбекстандын чек арачылары менен сүйлөшкөндөр жүктөрүн, жер семиркичтерин Кыргызстанга алып чыгып жатышат. Расмий түрдө уруксат жок. Бирок кандайдыр бир жолдорун таап, соодагерлер жашылча жемиштерди азыр алып чыгып жатат. Алар да бизге сатпаса, анан өзүлөрүнө өндүргөн жер- жемиштери көптүк кылат да.

Минтип чек аранын кошуналар тарабынан бир тараптуу жабылганына бир жылдан ашты. Ал эми Өзбекстандын Сох, Шахимардан анклавдары үчүн жол ачык. Мындай болушу Кыргызстандын атуулдарынын да нараазычылыктарын пайда кылууда.

Облус губернаторунун орун басары Саитжан Эратовдун айтымында, жакынкы күндөрү бул маселе чечилип калышы мүмкүн. Анткени Кыргыз тарап да Өзбекстандын атуулдары каттоочу  “Газпром” чек ара бекетин жаап салгандан кийин кошуналар сүйлөшөлү деген сунуштарын айта баштаган.

- Өзбекстан бир тараптуу чек арасын жаап алганынын себебинен 3 күн мурда “Газпром” чек ара бекетин жаптык. Өзбекстандын өкүлдөрүнө чек ара эки элге бирдей болушу керек, эгер биздин атуулдар силерге өтпөйбү, силер да бизге өтпөгүлө, бирдей мамиле кылалы дедик. Менимче, ушул маселе 10 күн аралыгында чечилет.

Облус губернаторунун орун басары Саитжан Эратов эгер маселе оң жагына чечилбесе кыргыз тарап дагы бир чек ара бекетин жабаарын да кыйытты.

Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап коюп, ошондон бери ача элек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Марат каяктан: Ош
24.05.2011 19:08
Роза Отунбаева президент боло электе митингтерде кочодо жан жокорлорусуз жургон. Эми болсо тактан тушпой эле калды. Элден кыйла алыстап калдынар. Бир жаман кийимди кийип озунузду таанытпай турган кылып базар жактарга барып эл кантип жашап атат, эмне деп атат деп койгойлорун угуп койсонуз болот бу. Азыр асмандан эле карап тургандай болуп сезилип турат. Бираз жонокой болуп ар бир кичинекей окуя жана кыйынчылыктарга туш болгон жонокой элди угуп жардам берсениз деген ой. Ошол колунда жок азаптарды тартып жаткан кыргыздын да президентисиз. Ушуларга жардам берсениз, келип ачык сурап кызыксаныз бизде аткаминерлер коркуп иштерин мыйзам чегинде аткараар беле дейм. Конулсуз калтырып койсок буга окшогон койгойлор курчуп саны артып, элдин ишеничи кетип дагы кайра тонкорушко алып келет го.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.05.2011 18:58
качанга чейин биз баткендиктер чек ара маселеси деп журо беребиз озбек жапканда еле биз дагы жаапсалсак болбойбу

кимден: Илияс Сексенбай
24.05.2011 16:30
Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен такталбаган чек ара аймактары келечекте Кыргыз мамлекети үчүн көптөгөн баш ооруларды алып келмекчи.Чек аранын азабынан экономика аксап, соода контрабандалык жол менен өнүгүүдө.Кыргызстан жакынкы жылдарда чек ара маселесин коңшу мамлекеттердин жетекчилиги менен жогорку деңгээлде чечпесе Түштүк аймагында локалдык согуш конфликтиси орун алышы толук мүмкүн.Ошондуктан чек ара маселесин чечүүдө Өкмөт менен Жогорку Кеңеш абдан кылдат жана макулдашылган бирдиктүү саясат жүргүзүшү зарыл. Ансыз деле коңшу мамлекеттердин күч органдары биздин жарандарды уурдап, зордук кылып жатканы Кыргыз мамлекетинин беделин күндөн-күнгө түшүрүп жатат.

кимден: Жума каяктан: Москва
24.05.2011 15:31
Лучше поздно, чем никогда.Кеч болсо да, ойгоно баштаганынарга рахмат. Айбалаевтей адам качан келет дедик эле, Айбалаевке кичине окшош окшойт. Ушундай нерсеге баргандарга рахмат. Элге жакшылык кылып, батасын алсанар. Эл өзу колдойт силерди, Аллах берет силерге. Кем болбогула. Бир постту жапканын окуп аябай кубанып жатам. Граница жонундо ойлогон адамдар да бар экен. Ким ойлоп тапса да Ээ Атасына рахмат.

кимден: А3аттан каяктан: Казактан
24.05.2011 12:56
Биз абдан гумандуубуз ае? Элдер оздорунун чек арасын жаап салса да, биздин граждандар кыйналып ал жака ото албай жатса да, коруп билип турсак да коз жа3дымга салып быкшып жашай беребиз. Биз да давно ошондой кылышыбыз керек болчу, алар андай жаап салса биз эмнеге жаба албайбыз. Ошондо корот элек кандай болушат экен, сохго, шахимарданга кирип чыга албай, ошко, жалалабадка озбекстандык озбектер кирип чыгалбай чубалганда анан сезишет эле кандай болот экенин чек араны жапканын. Биз качан тен ата болуп мамиле кылганга жетишет экенбиз иа???
Пикирге жооп

кимден: Кадамжайдан
24.05.2011 17:37
Соз менен айта албайсында! Карапайым эл жерде, бийликтегилер Юпитерде же Марста жашашабы тушунбойсун. биздеги анклавтарын айлантып отуучу жолдорду салабыз, тигилер машиналары менен музыкасын бакыртып биздин жолдон 1000 ге коюп отуп кетишет.Чек арасын тосмок турмак пакса менен уруп алсын, жашылчалары ирип чирип ошону жеп жата беришет, биздикилер эменени кутушот элге жомок.

кимден: я каяктан: уз
24.05.2011 11:41
рахмат чекара жонунда какой привет такой ответ болуши керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.05.2011 11:30
албетте чек аранын жабык болушу менен баалар бир аз кымбаттап жатат.бирок бул убактылуу корунуш.кыргызстандын жашылча-жемиштерди остуруго ички мумкунчулуктору жетишерлик денгелде.егер олко ичинде муктаждык б.а.суроо-талап осо турган болсо биздин ишкерлер,дыйкандарыбыз да акырындык менен пайда табуу аракетинде остуро башташат.акырыедык менен остургондор кобойуп олтуруп атаандаштык жаралып баалар томондойт бул экономиканын мыйзамы антпесе еч ким аракет корбойт

кимден: Максат каяктан: Баткен
24.05.2011 10:51
Рахмат Саитжан Эратов. сиз Баткен учун али коп иш жасайсыз деп ишенебиз .

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.05.2011 10:32
ушундай маселени чечпей эле кыргыздар бишкекте кундо бири митинг откозот, бири ойду-тоону суйлоп кыжырды келтирет. мамлекет карточный домиктей болуп кулап калмай болду. мееси жокко айла жок

кимден: emir каяктан: korea
24.05.2011 02:02
Bizde dele Kancha jer.ishtetilbei jatat.Dyikandar ishteteiin dese Kyiyychy mai kymbat Silitra kymbat.okmot mynkynchylyk tyzyp beralbai atat dyikandarybyzga...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине